БИРИНЧИ БӨЛҮМ: ААЛАМДЫН ЖОКТОН ЖАРАТЫЛУУСУ
Салт катары, «Big Bang» теориясы ааламдын
бүт бөлүктөрү бир
заматта кеңейип баштаган
деп кабыл алат.
Бирок ааламдын бардык
бөлүктөрү кантип
бирдей кеңейе баштаган?
Буйрукту ким
берген?
Андрей Линде,
космология профессору2
Ааламдын
жаратылуусу мындан бир кылым мурда астрономдордун көпчүлүгү тарабынан көңүл
бурулбаган бир түшүнүк болгон. Себеби 19-кылымдын илим түшүнүгү «аалам түбөлүктөн
бери бар» деген гипотезаны кабыл алган. Ааламды изилдеген илимпоздордун
көпчүлүгү «материялардын баары түбөлүктөн бери бар» деп ойлошуп, аалам
«жаратылган», б.а. бир башталышы бар деп эч ойлонушкан эмес.
Мындай
«түбөлүктүү аалам» түшүнүгү батыштын көз-карашына материалисттик философия
аркылуу кирген. Байыркы Грецияда пайда болгон бул философия «заттан башка эч
нерсе жок жана аалам түбөлүктүү» деген ойду жактаган. Негизи чиркөө башкарып
турган мезгилде материализмге жол берилген эмес. Бирок ренессанстан (кайра
жаралуудан) кийин батыштык илимпоздор менен ойчулдардын Байыркы грек
булактарына болгон кызыгуусу артып, материализм да кайрадан кабыл алына
баштаган.
Материалисттик
аалам түшүнүгүн Жаңы доордо биринчи болуп жактаган киши белгилүү немец ойчулу Иммануил
Кант болгон. Кант «аалам түбөлүктөн бери бар жана ал түбөлүктүүлүктүн ичинде ар
кандай ыктымалдык ишке ашышы мүмкүн» деген ойду айткан. Канттын жолун
жолдогондор «түбөлүктүү аалам» көз-карашын материализм менен бирге жактоону
улантышкан. 19-кылымга келгенде «ааламдын башталышы, б.а. жаратылган учуру жок»
деген туура эмес түшүнүк кеңири тараган. Карл Маркс, Фридрих Энгельс сыяктуу
диалектикалык материалисттер жалындуу колдогон бул көз-караш 20-кылымга да
жеткен.
![]() |
| Иммануил Кант |
Аалам жаратылган бир нерсе эмес. Эгер жаратылган болсо, анда аалам Теңир тарабынан белгилүү бир убакытта жаратылган болушу жана аалам жоктон бар кылынышы керек эле. Жаратылууну кабыл алуу үчүн, эң биринчиден, аалам жарала элек бир учурду, андан соң жоктон бир нерсенин пайда болгонун кабыл алуу керек. Муну болсо илим кабыл албайт.3
Политцер
жаратылууга каршы чыгып, «түбөлүктүү аалам» көз-карашын жактаганда, илим мен
тарапта деп ойлогон. Бирок илим көп өтпөстөн, Политцер «эгер андай болсо, бир
Жаратуучунун бар экенин кабыл алуу керек» деген акыйкатты, б.а. ааламдын бир
башталышы бар экенин далилдеди.
Ааламдын кеңейиши жана «чоң жарылуунун» пайда болушу
1920-жылдар
заманбап астрономиянын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. 1922-жылы орус физик Александр
Фридман Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясы боюнча, ааламдын туруктуу
түзүлүшкө ээ эмес экенин жана болор-болбос бир таасирдин ааламдын кеңейишине же
кысылышына алып келээрин эсептеген. Фридмандын эсептөөлөрүнүн маанисин биринчи
болуп бельгиялык астроном Жорж Леметр байкаган. Леметр бул эсептөөлөргө таянып,
ааламдын бир башталышы бар жана ошол башталыштан бери тынымсыз кеңейип келе
жатат деп божомолдогон. Ошондой эле, ааламдын башталыш учурунан калган
радиацияны да аныктоого болот деп белгилеген.
Эдвин Хаббл
Бул илимпоздордун теориялык эсептөөлөрүнө ал кезде көп көңүл бурулган эмес. Бирок 1929-жылы байкоолордон алынган бир далил илим дүйнөсүнө бомба түшкөндөй таасир тийгизген. Ошол жылы Калифорниядагы Маунт Уилсон обсерваториясында америкалык астроном Эдвин Хаббл астрономия тарыхынын эң чоң ачылыштарынын бирин жасаган. Хаббл эбегейсиз чоң телескоп менен космосту изилдеп жатып, жылдыздардын жайгашкан аралыгына жараша кызылды көздөй жылган бир жарык чыгараарын аныктаган. Бул ачылыш ошол кезге чейин кабыл алынып келген аалам түшүнүгүн түп-тамырынан өзгөрткөн.
![]() |
| Эдвин Хаббл алп телескобу менен |
Анткени белгилүү физика мыйзамдары боюнча, байкоо жасалган чекитке жакындаган нурлардын спектри кызгылт көк түстү көздөй, байкоо жасалган чекиттен алыстаган нурлардын спектри болсо кызылды көздөй жылат. (Байкоочудан алыстап бараткан бир поезддин ышкырыгынын барган сайын ичкериши сыяктуу.) Хабблдын байкоосу, бул мыйзам боюнча, асман телолорунун бизден алыстап баратканын көрсөткөн. Хаббл көп өтпөй дагы бир маанилүү ачылыш жасаган; жылдыздар менен галактикалар бир гана бизден эмес, бири-биринен да алыстап баратышат. Эгер ааламда баары бири-биринен алыстап баратса, демек аалам «кеңейип жатат» деген гана жыйынтык чыгарууга болот.
Кыска убакыт
мурда Жорж Леметр тарабынан божомолдонгон бул акыйкатты негизи кылымдын эң
маанилүү илимпозу деп эсептелген Альберт Эйнштейн да айткан. Эйнштейн
1915-жылы жарыялаган жалпы салыштырмалуулук теориясынын негизинде жүргүзгөн
эсептөөлөрүндө «аалам туруктуу болушу мүмкүн эмес» деген жыйынтыкка келген.
Бирок бул ачылышка абдан таң калган Эйнштейн бул «орунсуз» жыйынтыкты жоюу үчүн
теңдемелерине бир факторду кошуп, аны «космологиялык туруктуу» деп атаган.
Себеби ал кезде астрономдор ага «аалам туруктуу» деп айтышчу, ошондуктан ал
теориясын ошол модельге тууралагысы келген. Бирок кийин ал космологиялык
туруктууну «карьерамдагы эң чоң катам» деп айткан.
Ааламдын кеңейип
баратканын Хаббл аныктаган соң, кыска убакыттын ичинде жаңы бир аалам модели
келип чыккан. Аалам кеңейип жаткан болсо, демек убакыттан артты көздөй кетсек
бир топ кичинекей ааламга, андан да ары барсак «жалгыз чекитке» жетебиз.
Жүргүзүлгөн
эсептөөлөр ааламдын бүт материясын ичине камтыган ал «жалгыз чекиттин» тартылуу
күчүнүн укмуш чоң болушунан улам «нөл көлөмгө» ээ болоорун көрсөткөн.
Аалам көлөмү нөлгө барабар болгон ошол чекиттин жарылышынан келип чыккан. Бул
жарылуу «Биг бенг» (чоң жарылуу) деп аталган жана теория да ушинтип
аталып калган.
«Биг бенг»
теориясы маанилүү бир акыйкатты көрсөткөн: нөл көлөм «жоктук» деген мааниге келгендиктен,
аалам «жоктон» «барга» айланган. Бул ааламдын бир башталышы бар деген
мааниге келет жана ошентип материализмдин «аалам түбөлүктөн бери бар» деген
көз-карашы четке кагылган.
«Туруктуу абал» эксперименти
«Биг бенг» (чоң
жарылуу) теориясы далилдердин күчтүүлүгүнөн улам кыска убакытта илим дүйнөсүндө
кабыл алына баштаган. Бирок материалисттик философиядан жана ал философиянын
пайдубалын түзгөн «түбөлүктүү аалам» көз-карашынан кайткысы келбеген астрономдор
чоң жарылуу теориясына каршы чыгып, түбөлүктүү аалам көз-карашын сактап калууну
көздөшкөн. Анын себебин белгилүү материалист физиктердин бири Артур Эддингтондун
«философиялык жактан табияттын азыркы тартиби бир заматта башталган деген
көз-караш мага жагымсыз көрүнөт» деген сөзүнөн түшүнүүгө болот.4
Чоң жарылуу
теориясынан тынчсыздангандардын башында дүйнөгө белгилүү атеист, англис
астроном Фред Хойл турган. Хойл 20-кылымдын ортолорунда «steady-state» (туруктуу абал) деп аталган жана 19-кылымдагы түбөлүктүү аалам
көз-карашынын уландысы болгон жаңы бир аалам моделин сунуштаган. Хойл ааламдын
кеңейип баратканын кабыл алуу менен бирге, ааламдын өлчөм жана убакыт жагынан
түбөлүктүү экенин айткан. Анын модели боюнча, аалам кеңейген сайын зат керектүү
өлчөмдө, бир заматта, өзүнөн-өзү пайда боло баштайт. Материалисттик
философиянын пайдубалын түзгөн «зат түбөлүктөн бери бар» деген догманы колдоо
максатында гана чыгарылган бул теория «ааламдын башталышы бар» деген ойду
жактаган чоң жарылуу теориясына толугу менен карама-каршы келген.
Туруктуу абал
теориясын жактагандар көпкө чейин чоң жарылуу теориясына каршы чыгышкан. Бирок
илимий ачылыштар аларга карама-каршы келген.
Чоң жарылуунун жеңиши
![]() |
| Сэр Артур Эддингтон |
«Талап кылынган»
бул далил көп өтпөй табылган. 1965-жылы Арно Пензиас жана Роберт Уилсон аттуу
эки изилдөөчү бул толкундарды табышкан. «Космостук фон радиациясы» деп
аталган бул радиация (нурдануу) космостун белгилүү бир тарабынан келген
радиациядан айырмаланып турган. Укмуш изотроптуу болгон. Башкача айтканда, бир
жерге таандык эмес болгон, т.а. белгилүү бир булагы болгон эмес, ааламдын бүт
тарабына тараган бир радиация болгон. Ошентип узак убакыттан бери ааламдын бүт
тарабынан бирдей өлчөмдө келген нурдануунун чоң жарылуунун алгачкы доорлорунан
калгандыгы аныкталган. Ошондой эле, анын өлчөмү илимпоздор мурда божомолдогон
өлчөмгө абдан жакын болгон. Пензиас менен Уилсон чоң жарылуунун бул далилин
эксперименттик жол менен биринчи болуп көрсөткөн кишилер катары Нобель
сыйлыгына ээ болушкан.
1989-жылы Джордж
Смут жана анын НАСА командасы космоско Космостук фонду изилдөө спутнигин (COBE) учурушкан. Бул өнүккөн спутникке орнотулган абдан
так сканерлердин Пензиас менен Уилсондун өлчөөлөрүн тастыкташы болгону сегиз мүнөттү
алган. Жыйынтыктар сканерлердин ааламдын башталышындагы чоң жарылуунун ысык,
тыгыз абалынын калдыктарын көрсөткөнүн анык далилдеген. Илимпоздор COBE спутнигинин ийгилигин чоң жарылуу (Биг бенг) теориясынын кереметтүү
тастыкталышы деп чечмелешкен.
![]() |
| Пензиас жана Уилсон |
Чоң жарылуу
теориясынын дагы бир маанилүү далили космостогу суутек менен гелий газдарынын
өлчөмү болгон. Жүргүзүлгөн өлчөөлөр ааламдагы суутек-гелий газдарынын өлчөмүнүн
чоң жарылуудан калган суутек-гелий өлчөмүнүн теориялык эсептөөлөрүнө дал
келээрин көрсөттү. Эгер ааламдын бир башталышы болбогондо жана түбөлүктөн бери
турганда, ааламдагы суутек толугу менен күйүп, гелийге айланып кетмек.
Бул далилдердин
натыйжасында чоң жарылуу теориясы илим дүйнөсү тарабынан толук кабыл алынды. «Scientific American» журналынын 1994-жылы октябрьдагы санында жарык
көргөн бир макалада айтылгандай, аалам тынымсыз, бир калыпта кеңейип баратат
жана 20-кылымда чоң жарылуу модели кабыл алынган жалгыз моделге айланган.
Фред Хойл менен
бирге көп жылдар бою туруктуу абал теориясын жактаган Деннис Скьяма чоң жарылуу
теориясын далилдеген көптөгөн далилдерден улам кандай абалда калышканын
төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Туруктуу абал теориясын жактагандар менен
аны тест кылган жана менимче аны кыйратууга үмүттөнгөн байкоочулардын ортосунда
бир кездерде абдан катуу талаш-тартыштар бар болчу. Ал кезде менин да бир
салымым болгон. Себеби чындык экенине ишенгеним үчүн эмес, чындык болушун
каалаганым үчүн «туруктуу абал» теориясын жактачумун. Теориянын жараксыздыгын
көрсөткөн далилдер чыга баштаганда, Фред Хойл ал далилдерди тосуп алууда
лидерлик рольду аткарган. Мен да ага кошулуп, бул душман далилдерге кантип жооп
берүүгө болоору тууралуу ой жүгүртчүмүн. Бирок далилдер чогулган сайын оюндун
бүткөнү жана туруктуу абал теориясынын бир бурчка ташталаары анык боло
баштаган.5
Ааламды жоктон ким жараткан?
Чоң жарылуу
теориясынын бул жеңиши менен бирге, материалисттик догманын пайдубалын түзгөн
«түбөлүктүү аалам» түшүнүгү да тарыхка айланган. Андай болсо чоң жарылуудан (Биг
бенг) мурда эмне бар эле жана кайсы күч «жок» ааламды чоң жарылуу аркылуу «бар»
абалга алып келген?
Албетте, бул
суроо Артур Эддингтон сыяктуу башка материалисттерге да жакпаган чындыкты, б.а.
«жаратылуу чындыгын» көрсөтөт. Башында атеист болуп, бирок кийин жаратылууну
кабыл алган белгилүү философтордун бири Энтони Флю бул тууралуу мындай деп
айткан:
Моюнга алуу адамдын маанайына жакшы
таасир берет дешет. Мен да бир нерсени моюнга аламын: Биг Бенг модели бир
атеистке абдан азап берет. Себеби илим диний булактар тарабынан жакталган
бир көз-карашты далилдеди: ааламдын бир башталышы бар деген көз-карашты.6
Өзүн атеист
болууга мажбурлабаган көптөгөн илимпоздор бүгүнкү күндө ааламдын чексиз
кудуреттүү Аллах тарабынан жаратылганын кабыл алышууда. Мисалы, белгилүү
америкалык астрофизик Хью Росс ааламдын Жаратуучусунун бардык чен-өлчөмдөрдөн
жогору тураарын төмөнкүчө түшүндүрөт:
«Убакыт окуялар ишке ашкан бир чен-өлчөм.
Эгер зат жарылуу учурунда пайда болсо, анда ааламды пайда кылган себепкер
ааламдагы убакыт менен мейкиндиктен толугу менен көз-карандысыз болушу шарт.
Бул бизге Жаратуучунун ааламдагы бардык чен-өлчөмдөрдөн жогору тураарын
көрсөтөт. Ошондой эле, Жаратуучунун кээ бирлер айткандай ааламдын өзү эмес
экенин жана ааламды курчап тураарын, бир гана ааламдын ичиндеги бир күч-кудурет
эмес экенин далилдейт.»7
Жаратылуу чындыгына каршы пикирлер жана алардын жараксыздыгы
Жогоруда
каралгандай, чоң жарылуу (Биг бенг) теориясынын ааламдын жоктон пайда кылынышы
деген мааниге келээри, б.а. жаратылууну далилдээри анык. Ошондуктан
материалисттик философияны жактаган астрономдор менен физиктер бул чындыкка
каршы чыгуу үчүн кээ бир альтернативдүү көз-караштарды чыгарууга аракет
кылышкан. Алардын бири болгон «туруктуу абал» теориясын жогоруда карадык жана
ал теориянын негизи «аалам жаратылган деген пикирди философиялык жактан
жактырбаган» бир катар илимпоздордун үмүтсүз аракети экенин белгиледик.
Материалисттер
чыгарган калган эки альтернатива болсо чоң жарылуу теориясын кабыл алган, бирок
аны жаратылуудан башка жолдор менен түшүндүрүүгө аракет кылган модельдер.
Алардын биринчиси, «ачылып-жабылуучу аалам модели», экинчиси болсо «кванттык
аалам модели». Эми кезеги менен бул теорияларды жана алардын эмне үчүн жараксыз
экенин карайлы.
Ачылып-жабылуучу
аалам модели чоң
жарылууну ааламдын башталышы катары кабыл алгысы келбеген астрономдор тарабынан
чыгарылган. Бул модельде аалам чоң жарылуудан соң кайрадан өзүнүн ичине сиңип
бир чекитке чогулат, анан кайрадан жарылып чачырап, кайра жабылат жана бул
айлампа түбөлүккө уланат деп айтылат. Ошондой эле, бул модель боюнча чоң
жарылуудан мурда да аалам чексиз жолу жарылып кайра чогулган. Башкача айтканда,
алардын айтуусу боюнча аалам менен зат түбөлүктөн бери бар, бирок белгилүү
убакыт аралыгы менен улам жарылып, кайра бир чекитке чогулуп турат. Азыр биз
жашап жаткан аалам болсо ошол туюк айлампанын ичиндеги чексиз ааламдын бири.
Бул модельди
чыгаргандар болгону «чоң жарылууну кантип чексиз аалам көз-карашына тууралай
алабыз» деп ойлонуп отуруп, аягында ушундай сценарий чыгарышкан. Бирок бул
сценарий илимге туура келбейт, себеби акыркы 15-20 жылдагы изилдөөлөр
ачылып-жабылуучу аалам моделинин мүмкүн эместигин көрсөттү. Анткени аалам
өзүнүн ичине сиңген күндө деле, биз билген эч бир физика мыйзамы мындай улуу
кыйроону артка кайтарып, ааламды жаңы бир чоң жарылуу аркылуу кайрадан пайда
кыла албайт.8
Бул модельди
жараксыз кылган эң негизги фактор болсо, чындап эле аалам тынымсыз
жабылып-ачылып турса деле, бул айлампанын түбөлүккө чейин улана албашы. Анткени
эсептөөлөр циклдик ааламдардын бири-бирине энтропия өткөрөөрүн көрсөтүүдө. Башкача
айтканда, аалам жаңыланган сайын энергиянын пайдасы азайат жана ар бир жаңы
«ачылган» аалам мурдакысынан жайыраак ачылып, диаметри чоңураак болот. Бул
болсо убакыт менен артты көздөй барганда, ааламдардын улам кичирээк болушун
талап кылат жана кайра эле бир «алгачкы ааламга» барып токтойт. Башкача
айтканда, ааламдар тынымсыз жабылып-ачылып турса деле, алар эң башында кайра
эле жоктон бар болушу керек болот.9
Кыскасы,
«ачылып-жабылуучу» түбөлүктүү аалам модели физикалык жактан ишке ашпай турган
бир фантазия гана.
![]() |
| Стивен Хокинг |
Чоң жарылууну өз
ойлорунда жаратылуудан башка жолдор менен түшүндүрүү максатында чыгарылган
экинчи модель болсо, жогоруда айтылгандай, «кванттык аалам модели». Бул
теорияны жактагандар кванттык (субатомдук) физикадагы бир байкоого таянып, сценарий
ойлоп табышкан. Кванттык физикада субатомдук бөлүкчөлөрдүн вакуумдун
(боштуктун) ичинде капысынан пайда болуп, кайра жок болоору байкалат. Бул
байкоону «зат кванттык деңгээлде жоктон пайда боло алат, бул заттын өзүнө
тиешелүү бир касиети» деп чечмелеген кээ бир физиктер аалам жаратылган кездеги
заттын жоктон бар болушун да «заттын өзүнө тиешелүү бир касиет» деп атап,
табият мыйзамдарынын бир бөлүгү катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Кванттык
модельде биз жашаган аалам мындан алда качан чоң бир ааламдын бир субатомдук
бөлүкчөсү катары чечмеленет.
Бирок муну
кванттык физикага салыштыруу такыр туура эмес жана бул ааламдын жаратылуусун
түшүндүрө албайт. «Big Bang, Theism and Atheism» (Чоң жарылуу, теизм жана атеизм) аттуу китептин автору Уильям Лейн Крейг муну
төмөнкүчө түшүндүрөт:
Ичинде бөлүкчөлөр термелген (бир көрүнүп,
бир жоголгон) механикалык кванттык вакуум негизи чыныгы «вакуум», б.а. «жоктук»
түшүнүгүнөн абдан алыс. Бир кванттык модельде тынымсыз пайда болуп, кайра
жоголгон бөлүкчөлөр кыска убакыт пайда болуу үчүн айланасындагы энергиядан
уурдашат. Бул «жоктук» эмес, ошондуктан мында заттык бөлүкчөлөр жоктон пайда
болушпайт.10
Башкача
айтканда, кванттык физикада да негизи зат «жоктон бар» абалга айланбайт.
Болгону чөйрөдөгү энергия капысынан затка айланып, анан кайра ал зат чачырап
энергияга айланат. Кыскасы, «өзүнөн-өзү жоктон пайда болуу» деген нерсе жок.
Бирок башка илим тармактары сыяктуу, физика тармагында да атеист илимпоздор
көптөгөн абдан маанилүү жагдайларды көрмөксөн болуп, чындыктарды материалисттик
көз-караштын негизинде бурмалоодон тартынышпайт. Анткени алар үчүн
материализмди жана натыйжада атеизмди сактап калуу илимий чындыктарды жарыялап,
элге жеткирүүдөн алда канча маанилүү.
Бул чындыкты
түшүнүү кванттык аалам моделинин көптөгөн илимпоздор тарабынан четке кагылышына
себеп болгон; белгилүү физик К.Дж. Ишем айткандай, «теориянын алдындагы
фаталдуу кыйынчылыктардан улам, кванттык аалам моделин көпчүлүк кабыл алган
жок».11 Ал тургай, бул модельден бүгүнкү күндө аны
биринчи болуп чыгарган Р. Браут жана Ф. Спиндел сыяктуу физиктер да баш
тартышты.12
Кванттык
модельдин акыркы жылдары популярдуу болгон бир версиясын болсо физик Стивен
Хокинг чыгарган. Хокинг «Убакыттын кыскача тарыхы» аттуу китебинде
сүрөттөлгөн моделинде чоң жарылуу «жоктон бар болуу» деген мааниге келбейт
дейт. Чоң жарылуудан мурда убакыттын болбогону тууралуу болсо «элестүү
убакыт» деген сыяктуу бир катар түшүнүктөрдү ойлоп тапкан. Хокингдин ою
боюнча, чоң жарылуунун 10-43 секундасына чейин бир
гана «элестүү убакыт» болгон жана чыныгы убакыт ошондон кийин пайда болгон.
Хокинг бул «элестүү убакыт» түшүнүгү аркылуу чоң жарылуудан мурда бир гана
«убакытсыздык» болгонун четке кагууга үмүттөнгөн. Чындыгында болсо «элестүү
убакыт» деген түшүнүк «бир бөлмөдөгү элестүү адамдардын саны» же «бир жолдогу
элестүү унаалардын саны» деген сыяктуу чындыгында нөлгө, жоктукка туура келет.
Хокинг бул жерде болгону сөздөр менен ойногон. Элестүү убакыт аркылуу түзгөн
математикалык теңдемелерин туура деп эсептейт, бирок анын эч кандай мааниси жок.
Иш жүзүндө жок нерселерди математикада туурадай көрсөтүүгө болоорун белгилүү математик
сэр Герберт Дингл төмөнкүчө түшүндүрөт:
Математиканын тилинде биз чындыктар менен
бирге жалгандарды да айта алабыз. Жана математиканын чегинде аларды
бири-биринен айырмалоо мүмкүнчүлүгү жок. Аны бир гана эксперимент аркылуу же
математикадан тышкары ой жүгүртүү аркылуу айырмалай алабыз; математикалык
чыгарылыш менен анын физикалык эквивалентинин ортосундагы ыктымалдуу байланышты
изилдөө аркылуу.13
Кыскасы,
математикада абстрактуу, теориялык жактан алынган бир жыйынтыктын чыныгы
эквиваленти болушу шарт эмес. Хокинг математиканын ушул абстрактуу өзгөчөлүгүн
колдонуп, эч чындыкка сыйбаган гипотезаларды чыгарган. Мындай аракетинин себеби
эмнеде болушу мүмкүн? Жоопту өзүнүн сөздөрүнөн табууга болот. Хокинг чоң
жарылуу теориясына альтернатива катары айтылган аалам модельдеринин көбүнчө чоң
жарылуунун «ааламдын Кудай тарабынан жаратылганын эске салышынан улам»
чыгарылганын кабыл алган.14
Көрүнүп
тургандай, чоң жарылуу (Big
Bang) теориясына альтернатива
катары чыгарылган туруктуу абал теориясы, ачылып-жабылуучу аалам модели,
кванттык аалам модели жана Хокинг модели сыяктуу изденүүлөр иш жүзүндө бир гана
материалисттердин философиялык ишенимдеринен келип чыккан. Илимий ачылыштар чоң
жарылуу теориясынын туура экенин жана «ааламдын жоктон пайда болушу» деген
мааниге келээрин көрсөтүүдө. Жана ааламдын жоктон пайда болушу анын Аллах
тарабынан жаратылганын толук далилдейт, бирок материалисттер муну кабыл ала
алышпайт.
Чоң жарылуу
теориясына болгон материалисттик реакциянын бир мисалы эң белгилүү
материалисттик илимий журналдардын бири «Nature» журналынын редактору Джон Мэддокстун 1989-жылы жазган бир макаласында
айтылган. Мэддокс «Чоң жарылуу көзгө көрүнбөсүн» (Down with the Big Bang) деген темадагы макаласында «чоң жарылуунун
философиялык жактан кабыл алынгыс экендигин», себеби «чоң жарылуу аркылуу
теологдордун жаратылуу көз-карашына күчтүү бир колдоо табышканын»
белгилеген жана «чоң жарылуу алдыдагы он жылдан ашпайт» деп божомолдогон.15 Бирок Мэддокстун мындай үмүттүү божомолунун
тескерисинче, чоң жарылуу андан берки 10 жылдын ичинде алда канча күчтөнүп,
ааламдын жаратылганын далилдеген дагы көптөгөн ачылыштар жасалды.
Кээ бир материалисттер
болсо бир аз «акылмандык» кылышат. Мисалы, англис материалист физик Г.П. Липсон
жаратылуунун илимий чындык экенин «каалабастан болсо да» төмөнкүчө кабыл алат:
Менимче, бир аз алдыга кадам таштап, бирден
бир кабыл алынаарлык түшүндүрмөнүн жаратылуу экендигин тастыктоого мажбурбуз.
Мунун мен да кошо, көптөгөн физиктерге жакпай тургандыгын билем, бирок эгер
эксперименталдык далилдер бир теорияны колдоп жатса, ал теорияны жакпаганы үчүн
гана четке какпашыбыз керек.16
Жыйынтыктасак,
бүгүнкү күндө илимдин тыянагы төмөнкүдөй: зат менен убакытты жараткан – экөөсүнөн
тең көз-карандысыз, чексиз кудуреттүү Аллах.
Курандагы ишараттар
Чоң жарылуу
модели адамзаттын ааламды таанышына көмөкчү болуу менен бирге, абдан маанилүү
дагы бир функцияны аткарган. Жогоруда сөздөрү келтирилген, башында атеист
болуп, кийин жаратылууну кабыл алган белгилүү философ Энтони Флю айткандай, чоң
жарылуу теориясы аркылуу «илим диний булактар жактаган бир ойду далилдеген.»
Ал «аалам жоктон
жаратылган» деген акыйкат. Бул акыйкат илимий ачылыштан миңдеген жыл мурда
Аллах адамдарга жол башчы кылып түшүргөн ыйык китептерде кабар берилген.
Аллахтан келген
бардык булактардын арасында бурмалоого кабылбаган бирден бир китеп болгон
Куранда болсо ааламдын жоктон жаратылуусу жана анын кандайча ишке ашканы
тууралуу маалыматтар берилген. 14 кылым мурда вахий кылынган бул маалыматтар
20-кылымдын илимий ачылыштарына толук дал келет.
Эң биринчиден,
ааламдын «жок» кезде «бар» абалга келгени Куранда төмөнкүчө кабар берилет:
Ал (Аллах) асмандарды жана жерди эч нерсени өрнөк
албастан жараткан... (Энъам Сүрөсү, 101)
Мындан толук 14
кылым мурда, адамдардын аалам тууралуу маалыматтары абдан чектелүү болгон кезде
Куранда дагы бир акыйкат, т.а. дал чоң жарылуу теориясында айтылгандай, бүт
ааламдын абдан кичинекей көлөмдө биригип турган кезде бири-биринен ажырап,
кеңейүү аркылуу пайда болгондугу билдирилген:
Ал каапырлар билишпейби,
(башында) асмандар менен жер бири-бирине жабышкан (бириккен) болчу, Биз аларды
бөлдүк жана бүт жандыктарды суудан жараттык. Дагы эле алар ишенишпейби (ыйман
келтиришпейби)? (Анбия Сүрөсү, 30)
Бул аяттын араб
тилиндеги түп нускасында абдан маанилүү бир сөз тандалган. Аяттын «бири-бирине жабышкан (бириккен)» деп которулган «ратк» сөзү арабча сөздүктөрдө
«бири-биринен ажырагыс, аралашкан» деген маанилерди билдирет. Башкача айтканда,
толук бириккен эки затты сүрөттөө үчүн колдонулат. Аяттагы «бөлдүк»
деген сөз болсо араб тилиндеги «фатк» этишинин котормосу, бул этиш «ратк»
абалындагы бир заттын жарып, бөлүнүп сыртка чыгышы деген мааниге келет.
Бул маалыматтын
негизинде аятты кайрадан карайлы. Аятта асмандар менен жердин «ратк»
абалында турганы айтылган. Андан соң ал экөө «фатк» этиши аркылуу
ажыратылган. Башкача айтканда, бири экинчисин жарып сыртка чыккан. Чындап эле чоң
жарылуунун эң алгачкы көз ирмемдерин эстесек, космостук жумуртка деп аталган
бир чекиттин ааламдын бүт материясын ичинде камтып турганын көрөбүз. Башкача
айтканда, бүт баары, бардык «асмандар жана жер» ошол чекиттин ичинде «ратк»
абалында болгон. Андан соң ал космостук жумуртка жарылып, ичиндеги заттар «фатк»
болгон, б.а. сыртка чыгып бүт ааламды пайда кылган.
Куранда кабар
берилген дагы бир акыйкат болсо – бул илим тарабынан 1920-жылдардын аягында
гана аныкталган ааламдын кеңейип жатышы. Хаббл жылдыздардын жарык спектринин
кызылга жылышын байкаган соң алгачкы жолу аныкталган бул акыйкат Куранда
төмөнкүчө кабар берилет:
Биз асманды «улуу бир
күч менен» курдук жана албетте, Биз (аны) кеңейтүүчүбүз. (Зарият Сүрөсү, 47)
Кыскасы,
заманбап илимий ачылыштар бир жагынан материалисттик догманы четке какса,
экинчи жагынан Курандын аяттарында кабар берилген чындыктарды дагы бир жолу
тастыктады. Себеби аалам материалисттер ойлогондун тескерисинче, заттын
ичиндеги бир катар кокустуктардын натыйжасында эмес, Аллахтын жаратуусу менен
пайда болгон жана Аллахтан келген маалымат, албетте, ааламдын келип чыгышы
жөнүндөгү эң туура маалымат.
Булактар:
2. Andrei Linde, "The Self-Reproducing Inflationary Universe", Scientific American, vol. 271, 1994, s. 48
3. George Politzer, Felsefenin Başlangıç İlkeleri, İstanbul: Sosyal Yayınlar, 1989, s. 84
4. S. Jaki, Cosmos and Creator, Regnery Gateway, Chicago, 1980, s. 54
5. Stephen Hawking, Evreni Kucaklayan Karınca, Alkım Kitapçılık ve Yayıncılık, 1993, s. 62-63
6. Henry Margenau, Roy Abraham Vargesse. Cosmos, Bios, Theos. La Salle IL: Open Court Publishing, 1992, s. 241
7. Hugh Ross, The Creator and the Cosmos: How Greatest Scientific Discoveries of The Century Reveal God, Colorado: NavPress, revised edition, 1995, s. 76
8. William Lane Craig, Cosmos and Creator, Origins & Design, Spring 1996, vol. 17, s. 19
9. William Lane Craig, Cosmos and Creator, Origins & Design, Spring 1996, vol. 17, s. 19
10. William Lane Craig, Cosmos and Creator, Origins & Design, Spring 1996, vol. 17, s. 20
11. Christopher Isham, "Space, Time and Quantum Cosmology", paper presented at the conference "God, Time and Modern Physics", March 1990, Origins & Design, Spring 1996, vol. 17, s. 27
12. R. Brout, Ph. Spindel, "Black Holes Dispute", Nature, vol 337, 1989, s. 216
13. Herbert Dingle, Science at the Crossroads, London: Martin Brian & O'Keefe, 1972, s. 31-32
14. StephenHawking, A Brief History of Time, New York: Bantam Books, 1988, s. 46
15. John Maddox, "Down with the Big Bang", Nature, vol. 340, 1989, s. 378
16. H. P. Lipson, "A Physicist Looks at Evolution", Physics Bulletin, vol. 138, 1980, s. 138







Комментарии
Отправить комментарий