АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ: НУРДУН КЕМЧИЛИКСИЗ ТҮЗҮЛҮШҮ

 

Күндөн тараган нурлардын жер бетиндеги жашоону

колдоого керектүү абдан тар аралыкта болушу

чындыгында абдан кереметтүү көрүнүш.

Ян Кэмпбелл, британиялык физик65

  

Өмүрүбүздө эң көп көргөн асман телосу – бул, күн. Күндүз качан гана болбосун башыбызды көтөрүп асманды караганыбызда, анын көздү уялткан нурларын көрөбүз. Бизден бирөө «күндүн кандай пайдасы бар» деп сураса, жообубуз ар дайым даяр: күн бизге жылуулук жана жарык берет. Бул жооп бир аз үстүртөн болгону менен, туура.

Албетте, күндүн бизге жылуулук жана жарык бериши максатсыз, кокусунан болуп калган нерсе эмес. Күн жер бетинде жашоо болушу үчүн атайын жаратылган. Асмандагы бул күйүүчү шар биздин муктаждыктарыбызга ылайыктуу кылып жаратылган, эбегейсиз чоң «чырак».

Акыркы жылдардагы илимий ачылыштар күндүн нурунун кереметтүү түзүлүш экендигин көрсөтүүдө.

 

Толкун узундугунун ыңгайлуулугу

Жарык дагы, жылуулук дагы электромагниттик нурлануу деп аталган энергиянын белгилүү түрлөрү. Электромагниттик нурлануунун бардык түрлөрү космосто энергия толкундары катары тарайт. Муну бир көлгө ыргытылган таштан келип чыккан толкундарга салыштырсак болот. Жана көлдөгү толкундардын узундугу ар кандай болгондой, электромагниттик нурлануунун да ар кандай толкун узундуктары бар.

0,3-1,5 микрон. Күндүн нуру.

Бирок электромагниттик нурлануунун толкун узундуктарынын арасында абдан чоң айырмачылыктар бар. Кээ бир толкун узундуктары бир канча километрге жетиши мүмкүн. Кээ бирлери болсо бир сантиметрдин триллиондон биринен да кыска. Илимпоздор бул толкун узундуктарын топторго бөлүп карашат. Мисалы, толкун узундугу сантиметрдин триллиондон бириндей кыска болгон нурлар гамма нурлары деп аталат. Аларда энергиянын деңгээли абдан жогору болот. Толкун узундугу бир канча километрге жеткен нурлар болсо «радио толкундар» деп аталат жана аларда энергия өтө алсыз болот. Ошондуктан гамма нурлары бизди өлүмгө алып келсе, радио толкундардын бизге эч кандай таасири болбойт.

Бул жерде толкун узундуктарынын укмуш чоң масштабда тараганына көңүл буруу керек. Эң кыска толкун узундугу эң узунунан 1025 (ондун жыйырма бешинчи даражасы) эсеге кыска. Бул сан, б.а. ондун жыйырма бешинчи даражасы 1 санынын жанына 25 даана нөлдү жазуудан келип чыгат. 10 000 000 000 000 000 000 000 000 деп жазыла турган бул сандын канчалык чоң экенин түшүнүү үчүн кээ бир салыштырууларды жасап кетүү туура болот. Мисалы, жердин төрт миллиард жылдык өмүрү бою өткөн секундалардын жалпы суммасы болгону 1017 (ондун он жетинчи даражасына) барабар. Эгер 1025 чейин санагыбыз келсе, жердин өмүрүнөн 100 миллион эсе узунураак убакыт бою, күнү-түнү эч тынымсыз санашыбыз керек болот! Эгер 1025 даана оюн картасын үстү-үстүнө тизгибиз келсе, Саманчынын жолу галактикасынан бир топ сыртка чыгып, байкоо жүргүзүлө алган ааламдын болжол менен жарымына чейин барышыбыз керек болот.

Ааламдагы толкун узундуктары ушунчалык чоң масштабга ээ. Бирок кызыгы, биздин күнүбүз ушунчалык чоң масштабдын өтө тар аралыгына батырылган. Күндөн тараган нурлардын толкун узундуктарынын 70%ы 0,3 микрондон 1,5 микронго чейинки абдан тар аралыкта жайгашкан. Бул аралыкта үч түрдүү нур бар: көзгө көрүнгөн нур, жакынкы инфра кызыл нурлар жана бир аз жакынкы ультра кызгылт көк нурлар.

Бул үч түрдүү нурлар саны жагынан көптөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок чындыгында үчөөнүн суммасы электромагниттик шкалада бир бирдикти гана түзөт! Башкача айтканда, күндүн бардык нурлары үстү-үстүнө тизилген 1025 даана оюн картасынын бир даанасына гана туура келет.

Эмне үчүн күндүн нурлары мынчалык тар аралыкка жайгаштырылган болду экен?

Бул суроонун жообу абдан маанилүү: күндүн нуру ушунчалык тар аралыкка батырылган, себеби жер бетиндеги жашоого шарт түзө турган нурлар бир гана ушул нурлар.

Британиялык физик Ян Кэмпбелл «Energy and the Atmosphere» (Энергия жана атмосфера) аттуу китебинде бул жагдайга токтолгон жана «күндөн тараган нурлардын жер бетиндеги жашоого шарт түзүүгө керектүү абдан тар аралыкка жайгаштырылганы чындыгында абдан керемет» деп айткан. Кэмпбеллдин ою боюнча, бул «ажайып таң калаарлык».66

Эми нурдун «ажайып таң калаарлык» түзүлүшүн тереңирээк карайлы.

 

Ультра кызгылт көктөн инфра кызылды көздөй

Нурдун толкун узундугу боюнча 1025 түрү бар экенин айттык. Толкун узундугуна жараша энергия деңгээлинин да ар түрдүү болоорун белгиледик. Алардын энергия деңгээлдерин караганыбызда, толкун узундугуна жараша нурлардын затка тийгенде ар кандай таасирлерди пайда кылаарын көрөбүз.

Электромагниттик шкалада толкун узундугу кыска болгон нурлардын жалпы өзгөчөлүгү – бул энергия деңгээлдеринин абдан жогору болушу. Гамма нурлары, ретнген нурлары жана ультра кызгылт көк (ультрафиолет) нурлар деп аталган бул нурлар атомдорго же молекулаларга жолукканда, жогорку энергиясынан улам аларды талкалайт. Алдынан чыккан затты микро деңгээлде «бүлдүрүп» салат.

Ал эми толкун узундугу узунураак болгон нурлар болсо инфра кызыл нурлардан башталып, радио толкундарга чейин созулат жана энергиясы өтө аз болгону үчүн, затка маанилүү таасир тийгизбейт.

«Затка маанилүү таасир тийгизбейт» дегенде химиялык реакциялар тууралуу айтып жатабыз. Белгилүү болгондой, химиялык реакциялардын көпчүлүк бөлүгү ал чөйрөгө энергиянын киришинен башталат. Керектүү энергия деңгээли «активдештирүү энергиясы» деп аталат. Энергия мындан азыраак же көбүрөөк болсо ишке жарабайт.

1. Ультра кызгылт көк
2. Көзгө көрүнгөн нурлар
3. Инфра кызыл
y. күндөн чыккан нурлардын тыгыздыгы
x. толкун узундугу, микрон

Абдан көп түрдүү электромагниттик шкаланын абдан кичинекей бөлүгүнүн энергиясы гана «активдештирүү энергиясына» барабар. Толкун узундугу 0,7 микрондон 0,4 микронго чейинки аралыкта жайгашкан бул нурларга кайсы нурлардын кирээрин билгиңиз келсе, башыңызды бир аз көтөрүп айланаңызга көз жүгүртсөңүз болот. Анткени бул нурлар сиз көрүп жаткан «көзгө көрүнгөн нурлар». Ошол нурлардын таасири менен көзүңүздө химиялык реакциялар жүрүп жатат жана ансыз да ошол үчүн көрүп жатасыз.

«Көзгө көрүнгөн жарык» деп аталган бул нурлар электромагниттик шкаланын 1025нын 1инен да азыраак аралыкты ээлегени менен, күндүн нурларынын 41%ын түзөт. Белгилүү физик Джордж Уолд «Scientific American» журналында жарык көргөн «Life and Light» (Жашоо жана жарык) аттуу белгилүү макаласында бул жагдайга токтолуп, «биологиялык химиянын энергия муктаждыгы менен күндүн нурларынын ортосундагы кереметтүү шайкештикти» баса белгилеген.67 Чындап эле күндүн жашоого ушунчалык ылайыктуу нурларды чыгарышы ааламдын Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгынын апачык далили.

Күндүн калган нурлары кандай өзгөчөлүккө ээ?

Күндүн көзгө көрүнгөн жарыктан тышкаркы нурларынын көпчүлүк бөлүгү «жакынкы инфра кызыл» деп аталган аймакта жайгашат. Жакынкы инфра кызыл аймагы көзгө көрүнгөн жарыктын бүткөн жеринен башталып, өтө тар аралыкты камтыйт.68 Бул аралык да электромагниттик шкаланын 1025нын 1инен да азыраак аралыкка туура келет.

Бул жакынкы инфра кызыл нурлардын кандай пайдасы бар? Бул жолу бул нурлардын кандай пайдасы бар экенин көрүү үчүн башыңызды көтөрүп айланаңызга көз жүгүртө албайсыз, себеби булар көзгө көрүнбөгөн нурлар. Бирок бул нурларды күнөстүү жайдын же жаздын бир күнүндө оңой эле сезе аласыз. Сыртка чыгып жүзүңүздү күнгө тосуңуз, жүзүңүзгө тийген жылуулук ошол инфра кызыл нурлардын таасири.

Инфра кызыл нурлар жылуулук берет жана мындан улам жерди жылытат. Башкача айтканда, алар да жашоого жок дегенде көзгө көрүнгөн жарыктай керек. Жана күн дал ушул бизге керектүү нурларды чыгаруу үчүн жаратылган: күндүн нурларынын көпчүлүк бөлүгү ушул эки түрдүү нурлардан турат.

Күндүн калган нурлары кандай? Жана ал нурлардын бизге бир пайдасы барбы?

Күндөн тараган нурлардын арасында үлүшү эң төмөн болгон үчүнчү топтогу нурлар болсо – бул «жакынкы ультра кызгылт көк» нурлар. Ультра кызгылт көк нурлар жогорку энергиялуу жана жашоо үчүн зыяндуу нурлар. Бирок күндөн тараган ультра кызгылт көк нурлар ультра кызгылт көктүн эң «зыянсыз» бөлүгүндө, б.а. көзгө көрүнгөн жарыктын эң жакынында жайгашкан нурлар. Бул нурлар мутация жана рак сыяктуу зыяндуу таасирлерине карабастан, бир жагдайдан улам жашоо үчүн керектүү. Бул тар аралыктын69 ичиндеги ультра кызгылт көк нурлар адамда жана башка омурткалууларда D витамининин синтези үчүн керек. Денедеги сөөктөрдүн калыптанышы жана азыктанышы үчүн D витамини шарт. Ошондуктан көпкө чейин күндүн нурун көрбөгөн адамдарда D витамининин жетишсиздиги жана ага байланыштуу сөөк оорулары пайда болот.

Кыскасы, күндөн тараган нурлардын баары адамдын жашоосуна керектүү нурлар. Күндүн нурлары электромагниттик шкаланын ичинде жайгашкан 1025 сандагы толкун узундуктарынын бирөөсүнүн гана ичине батырылган жана, эң кызыгы, бул нурлар биздин жылынышыбызга, көрүшүбүзгө жана денебиздин башка функцияларын аткарышына шарт түзгөн нурлар.

Китептин мурунку бөлүмдөрүндө сөз кылынган, жашоого керектүү бардык шарттар аткарылып, бирок жер планетасы 1025сына (ондун жыйырма бешинчи даражасына) барабар болгон шкаланын кандайдыр бир башка бөлүгүндөгү нурларга дуушар болгондо, кайра эле жашоо болмок эмес. Адамзаттын жашоосу үчүн 1025нан бир ыктымалдуулукка барабар болгон бул шарттын да аткарылышын кокустуктар менен түшүндүрүү, албетте, мүмкүн эмес.

Ал ортодо бул нурлардын дагы бир касиетин белгилөө керек: бул нурлар ошол эле учурда бизди багып да жатат!

 

Фотосинтез жана жарык

Фотосинтез процессин баарыбыз эле орто мектептин сабактарынан окуганбыз. Бирок көп адамдар окуу китептеринде түшүндүрүлгөн бул процесстин биздин жашообуз үчүн канчалык маанилүү экенин байкашпайт.

Алгач бул маалыматтарды эстеп, фотосинтездин формуласын карайлы:

6H2O + 6CO2 + күндүн нуру    -->   C6H12O6 + 6O2

глюкоза

Бул химиялык реакцияда суунун алты молекуласы менен алты көмүр кычкыл газы молекуласы күндүн нурунун энергиясы аркылуу биригет. Мындан пайда болгон глюкоза деп аталган молекула жогорку даражадагы энергияны камтыйт жана бардык азыктардын пайдубалын түзөт.

Кыскасы, өсүмдүктөр фотосинтез жасаганда, күндөн келген энергияны колдонуп азык даярдашат. Өсүмдүктөр жасаган бул кереметтүү химиялык процесс дүйнөдөгү азыктын жалгыз булагы. Башка бардык жандыктар ушул булактан азыктанат. Чөп жечүү жаныбарлар өсүмдүктөрдү жегенде күндөн келген энергияны алышат. Жырткыч жаныбарлар өсүмдүктөрдү жеген жаныбарларды жеп, кайра эле күндөн келген энергияны алышат. Биз адамдар да өсүмдүктөр жана жаныбарлар аркылуу кайра эле ошол энергияны алабыз. Ошондуктан биз жеген ар бир алма, картошка, шоколад же эт түпкүрүндө бизге күндөн келген энергияны берет.

Фотосинтездин абдан маанилүү дагы бир натыйжасы бар. Жогорудагы формулага көңүл бурсаңыз, фотосинтездин глюкозадан тышкары, алты кычкылтек молекуласын пайда кылаарын көрөсүз. Ошентип өсүмдүктөр жаныбарлар менен адамдар тарабынан тынымсыз «булганган» атмосфераны тазалашат. Адамдар менен жаныбарлар атмосферадагы кычкылтекти күйгүзүп энергия алганы үчүн, ар бир дем алган сайын атмосферада кычкылтектин көлөмү азайа берет. Бирок өсүмдүктөр аны кайрадан калыптандырып турушат.

Кыскасы, фотосинтез болбосо, өсүмдүктөр болбойт, өсүмдүктөр болбосо жаныбарлар жана биз адамдар да жашай албайбыз. Биз тебелеген чөптөрдүн, дарактардын же салат жасаган жашылчалардын ичинде ишке ашкан жана ушул күнгө чейин эч бир лабораторияда жасалма жол менен ишке ашырыла албаган бул химиялык реакция жашоонун негизги шарттарынын бири.

Дагы бир көңүл бурчу жагдай – бул, фотосинтездин абдан пландуу жана татаал бир процесс болушу. Көңүл бурган болсоңуз, өсүмдүктөр жасаган фотосинтез менен жаныбарлардын жана адамдардын керектеген энергияларынын ортосунда толук тең салмактуулук бар. Өсүмдүктөр бизге глюкоза менен кычкылтек беришет. Биз болсо клеткаларыбызда глюкозаны кычкылтекке кошуп «күйгүзөбүз» жана натыйжада өсүмдүктөр глюкозага кошкон күндүн энергиясын чыгарып колдонобуз. Негизи биз фотосинтезди тескериге айлантабыз. Натыйжада калдык зат катары көмүр кычкыл газын чыгарып, өпкөлөрүбүз аркылуу атмосферага өткөрөбүз. Бирок ал көмүр кычкыл газы ошол замат өсүмдүктөр тарабынан кайрадан фотосинтез үчүн колдонулат. Бул кемчиликсиз айлампа ошентип үзгүлтүксүз уланат.

Эми бул процесстин канчалык кемчиликсиз шайкештик менен жаратылганын көрүү үчүн, процесстин ичиндеги факторлордун бирөөсүнө эле тереңирээк токтололу: күндүн нуруна.

y1. күндөн чыккан нурлар
y2. фотосинтезге ыңгайлуу нурлар

Күндүн нурунун атайын жер бетиндеги жашоо үчүн жаратылганын жогоруда белгиледик. Күндүн нуру фотосинтез үчүн да атайын ыңгайлуу кылынганбы? Же өсүмдүктөр кандай жарык келсе дагы, ал жарыкты колдонуп, ошого жараша фотосинтез жасай беришеби?

Америкалык астроном Джордж Гринштейн «The Symbiotic Universe» (Симбиотикалык аалам) аттуу китебинде бул тууралуу мындай дейт:

Фотосинтезди жасаган молекула хлорофилл... Фотосинтез механизми бир хлорофилл молекуласынын күндүн нурун сиңиришинен башталат. Бирок ал ишке ашышы үчүн нур керектүү түстө болушу шарт. Туура эмес түстөгү нур ишке жарабайт.

Буга мисал катары телевизорду берүүгө болот. Телевизор бир каналдын телекөрсөтүүсүн кармай алышы үчүн керектүү жыштыкка жөндөлүшү керек. Каналды башка жыштыкка жөндөсөңүз, сүрөттөлүштү ала албайсыз. Ушул эле нерсе фотосинтезге да тиешелүү. Күндү телекөрсөтүүнү берүүчү бир станция деп элестетсек, анда хлорофиллди телевизорго салыштырууга болот. Эгер бул молекула менен күн бири-бирине шайкеш кылып жөндөлбөсө, фотосинтез болбойт. Жана күндү караганыбызда, нурларынын түсүнүн дал талап кылынгандай экендигин көрөбүз.70

Мурдакы бөлүмдө «адаптация жаңылыштыгына» көңүл буруп, кээ бир эволюционисттердин «жерде шарттар башкача болгондо, организмдер ошого ылайык өрчүмөк» деген сыяктуу туура эмес ойго кабылышы мүмкүн экенин айтканбыз. Өсүмдүктөрдү жана фотосинтезди үстүртөн карагандар да ушундай жаңылыштык кетирип, «күндүн нуру башкачараак болгондо, өсүмдүктөр ошого жараша өрчүмөк» деп ойлошу ыктымал. Бирок эч качан мындай болбойт. Джордж Гринштейн эволюционист болгонуна карабастан, бул чындыкты төмөнкүчө кабыл алат:

Балким адамдар бул жерде кандайдыр бир адаптация болгон деп ойлошу мүмкүн: өсүмдүктүн жашоосу күндүн нурунун өзгөчөлүктөрүнө ыңгайлашкан деп кабыл алышы ыктымал. Эгер күндүн жылуулугу башкача болгондо (жана башкача нур чыгарганда), хлорофиллдин ордуна ал нурду колдоно алган башка бир молекула пайда боло албайт беле?

Сөздүн ачыгы, буга «жок» деп жооп берүү керек. Себеби эң кеңири интервалдарда да, бардык түрдүү молекулалар нурдун белгилүү гана түстөрүн сиңире алышат. Нурду сиңирүү процесси молекулалардын ичиндеги электрондордун жогорку энергия деңгээлине болгон сезгичтигинен көз-каранды жана кайсы гана молекуланы албаңыз, бул процессти жасаганга керектүү энергия өзгөрбөйт. Нур фотондордон турат жана энергия деңгээли туура эмес болсо, фотон эч качан сиңириле албайт... Кыскасы, жылдыздардын физикасы менен молекулалардын физикасынын ортосунда эң мыкты шайкештик бар. Мындай шайкештик болбогондо, жашоо болмок эмес.71

Гринштейн кыскача мындай деп айткан: кандай гана өсүмдүк болбосун, нурдун белгилүү бир аралыгында гана фотосинтез жасай алат. Бул аралык толугу менен күндөн тараган нурга дал келет.

Гринштейн айткан «жылдыздардын физикасы менен молекулалардын физикасынын ортосундагы бул шайкештик» кокусунан эч качан пайда болбой турган, кереметтүү шайкештик. Күндүн 1025нан (ондун жыйырма бешинчи даражасынан) 1 ыктымалдык менен бизге керектүү нурду бериши жана жер бетинде бул нурду колдоно турган татаал молекулалардын бар болушу, албетте, бул шайкештиктин жаратылганын көрсөтөт.

Башкача айтканда, жылдыздардын нурларын да, өсүмдүктөрдүн молекулаларын да башкарган жалгыз Жаратуучу булардын баарын бири-бирине шайкеш кылып жараткан. Аллах, Куранда кабар берилгендей, «кемчиликсиз жаратуучу» (Хашр Сүрөсү, 24).

 

Көздөр жана жарык

Бул жерге чейин күндөн бизге келген нурдун электромагниттик шкаланын үч кичинекей аймагын ээлеген өзгөчө бир нур экенин көрдүк. Ал аймактар төмөнкүлөр:

1) Көзгө көрүнгөн нурдун төмөнүндө жайгашкан жана жерге жылуулук берген жакынкы инфра кызыл нурлар,

2) Көзгө көрүнгөн нурдун жогорусунда жайгашкан жана D витамининин синтезине керектүү аз өлчөмдөгү ультра кызгылт көк нурлар,

3) Жана бир жагынан көрүү жөндөмүнө, экинчи жагынан өсүмдүктөрдүн фотосинтез жасашына шарт түзгөн «көзгө көрүнгөн» нурлар.

«Көзгө көрүнгөн нурлардын» болушу фотосинтезден тышкары, көрүү жөндөмү үчүн да абдан маанилүү. Себеби биологиялык көз көзгө көрүнгөн нурдан жана абдан аз өлчөмдө жакынкы инфра кызыл нурдан башка нурларды көрө албайт.

Муну түшүндүрүү үчүн көрүү процессинин кандайча ишке ашаарын кыскача эстейли. Көрүү процесси «фотон» деп аталган жарык бөлүкчөлөрүнүн каректен өтүп, көздүн арт жагында жайгашкан тордомо чел катмарына түшүшүнөн башталат. Тордомо челдин бетинде жарыкты сезүүчү клеткалар бар. Ал клеткалардын ар бири бир даана фотонду сезе алат. Фотондун энергиясы ал клеткалардын ичинде көп өлчөмдө жайгашкан жана «родопсин» деп аталган татаал молекуланы кыймылга келтирет. Родопсин башка молекулаларга таасир берет, ал молекулалар башка молекулаларды кыймылга келтирет.72 Аягында клетканын ичинде электрдик заряд пайда болот жана ал заряд нервдер аркылуу мээге жиберилет.

y. биологиялык көрүүгө ыңгайлуу нурлар

Көңүл бурган болсоңуз, бул жерде системанын эң негизги шарты тордомо челдеги клетканын фотонду сезе алышы. Ал үчүн фотон көзгө көрүнгөн нурдун чегинде болушу шарт. Анткени толкун узундугу мындан башкача болгон фотондор клеткалар үчүн же абдан алсыз же болбосо абдан күчтүү болуп калат жана керектүү реакцияны баштай албайт. Көздүн өлчөмүн кичирейтүүдөн же чоңойтуудан эч нерсе өзгөрбөйт. Эң негизгиси клетканын өлчөмү менен фотондун толкун узундугу бири-бирине шайкеш келиши керек.

Башка нурларды сезе турган бир көздү ойлоп табуу болсо көмүртек негиздүү жашоо өкүм сүргөн дүйнөдө эч мүмкүн эмес. Майкл Дентон «Nature's Destiny» (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде буга терең токтолгон жана органикалык көздүн бир гана «көзгө көрүнгөн нурдун» чегинде көрө алаарын белгилеген. Теориялык жактан көздүн башкача модельдери иштелип чыга турган болсо, алардын эч бири башка толкун узундуктарын көрө албайт. Дентон мындай деп жазат:

Ультра кызгылт көк, рентген жана гамма нурларынын энергиясы абдан жогору жана алар абдан зыяндуу. Алыскы инфра кызыл жана микротолкундуу нурлар да жашоого зыяндуу. Жакынкы инфра кызыл жана радио толкундардын болсо энергиясы абдан алсыз болгону үчүн, аныктоо мүмкүн эмес... Аягында мындай жыйынтык келип чыгат: көптөгөн себептерден улам электромагниттик шкаланын көзгө көрүнгөн аймагы биологиялык көрүү жөндөмүнө ыңгайлуу жападан жалгыз аймак. Өзгөчө адамдын көзүнө окшогон жогорку сапаттагы камера тибиндеги омурткалуулардын көздөрү үчүн бул аралыктан башка ылайыктуу толкун узундугу жок.73

Булардын баарын эске алганыбызда төмөнкүдөй жыйынтыкка келебиз: күндөн тараган нурлар өтө кылдат пландалган жана нурлардын ыктымалдуу түрлөрүнүн 1025нан 1ин гана түзгөн бул аралык жердин жылуулугу үчүн да, татаал организмдердин биологиялык функцияларын аткарышы үчүн да, өсүмдүктөрдүн фотосинтез жасашы үчүн да, ошондой эле, жер бетиндеги организмдердин көрүү жөндөмүнө ээ болушу үчүн да эң идеалдуу аралык.

 

Ылайыктуу жылдыз, ылайыктуу планета, ылайыктуу аралык

Күндүн беттик температурасы 6000°C. Эгер бул
жогорураак же төмөнүрөөк болгондо жашоо
болмок эмес.
Мурдакы бөлүмдө жер планетасын күн системасынын башка планеталарына салыштырып карадык. Натыйжада жашоого керектүү температура аралыгынын бир гана жер планетасында орун алганын көрдүк. Мунун эң негизги себеби жердин күндөн идеалдуу аралыкта жайгашуусу. Юпитер, Сатурн же Плутон сыяктуу алыскы планеталардын беттик температурасы абдан төмөн болсо, Меркурий, Венера сыяктуу жакынкы планеталардын температурасы абдан жогору.

Жер менен күндүн ортосундагы аралыктын атайын бир максат менен жаратылганын кабыл алгысы келбегендер мындай ойду айтышат: «ааламда күндөн бир топ чоң же бир топ кичине жылдыздар бар. Алардын да өзүнүн планета системалары болушу мүмкүн. Ал жылдыздар эгер күндөн чоңураак болсо, анда жашоо үчүн идеалдуу планета жер менен күндүн ортосундагы аралыктан алысыраакта жайгашат. Мисалы, бир кызыл алптын айланасында Плутондой аралыкта айланган бир планета биздин жер планетабыздай жылуу атмосферага ээ болушу мүмкүн. Ошол планета жашоо үчүн жер планетасындай ыңгайлуу болот.»

Мындай көз-карашты четке каккан абдан маанилүү бир жагдай бар: массасы ар кандай болгон жылдыздардан ар кандай нурлардын тарай тургандыгы эске алынган эмес.

Жылдыздардан тарай турган нурлардын толкун узундугунун кандай болоорун жылдыздардын массалары жана аны менен түз байланышта болгон беттик температуралары аныктайт. Мисалы, күндөн жакынкы ультра кызгылт көк, көзгө көрүнгөн жана жакынкы инфра кызыл нурлардын тарашынын себеби – бул, күндүн беттик температурасынын болжол менен 6000°C болушу. Эгер күндүн массасы чоңураак болгондо, беттик температурасы жогорураак болмок. Анда күндөн тараган нурлардын энергия деңгээли жогоруламак жана жашоого коркунуч туудурган ультра кызгылт көк нурлар көбүрөөк тарай баштамак.

Демек жашоого ыңгайлуу нурларды чыгара турган жылдыздардын массасы сөзсүз түрдө биздин күнүбүзгө абдан жакын болушу шарт. Андай жылдыздар бир планетада жашоого мүмкүнчүлүк түзүшү үчүн, планета ал жылдыздан дал азыркы күн менен жердин ортосундагы аралыктай алыстыкта жайгашышы шарт.

Башкача айтканда, бир кызыл алптын, көк алптын же массасы күндөн бир топ айырмаланган башка кандайдыр бир жылдыздын айланасында айланган эч бир планета жашоого ыңгайлуу боло албайт. Күн сыяктуу бир жылдыз гана жашоого мүмкүнчүлүк түзгөн бир энергия булагы боло алат. Жана жер менен күндүн ортосундагыдай бир аралык гана жашоого ылайыктуу аралык боло алат.

Бул акыйкатты төмөнкүдөй айтууга да болот: күн дал талап кылынгандай, жер да дал талап кылынгандай жаратылган. Аллахтын бүт нерсени бир эсеп менен жаратканы Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Ал таңды жарып атыруучу. Түндү бир тынчтык (эс алуу), күн менен айды бир эсеп менен жаратты. Бул – улуу жана кудуреттүү, (баарын) билген Аллахтын буйругу. (Энъам Сүрөсү, 96)

 

Жарык менен атмосферанын шайкештиги

Бул бөлүмдө буга чейин күндөн тараган нурлар тууралуу сөз кылдык жана алардын атайын жашоого мүмкүнчүлүк түзүү үчүн жаратылганын карадык. Бирок бул тууралуу карала элек абдан маанилүү дагы бир фактор бар: күндүн нурлары жер бетине жетүү үчүн атмосферадан өтүшү шарт.

Эгер атмосферанын түзүлүшү күндүн нурларын өткөргөнгө ылайыктуу болбогондо, албетте, бул нурлардын бизге эч кандай пайдасы тиймек эмес. Бирок атмосферабыз бул пайдалуу нурлардын өтүшүнө мүмкүнчүлүк берген өзгөчө түзүлүшкө ээ.

Эң негизгиси, атмосферанын бул нурлардын өтүшүнө мүмкүнчүлүк бериши эмес, бир гана ушул нурлардын өтүшүнө мүмкүнчүлүк бериши. Анткени, атмосфера жашоого керектүү көзгө көрүнгөн жана жакынкы инфра кызыл нурларды өткөрүп, жашоого коркунуч туудурган башка нурлардын өтүшүнө толук бөгөт койот. Ошентип күндөн башка булактардан жер планетасына келген космостук нурларга карата абдан маанилүү бир «чыпканын» (фильтрдин) кызматын аткарат. Дентон бул тууралуу мындай дейт:

Атмосферанын газдары көзгө көрүнгөн жана жакынкы инфра кызыл нурлардан тышкары, бардык нурларды толугу менен өзүнө сиңирет. Көңүл бурулган болсо, атмосферанын электромагниттик шкаланын абдан көп альтернативаларынын арасынан өтүүгө уруксат бергендери – бул, көзгө көрүнгөн нурлар менен жакынкы инфра кызыл нурларды камтыган өтө кичинекей аймак. Дээрлик бир дагы гамма, ультра кызгылт көк жана микротолкундуу нурлар жер бетине келбейт.74

Бул жерде айтылган түзүлүштүн кылдаттыгын көрбөй коюу мүмкүн эмес. Күн 1025нан 1 ыктымалдыктын арасынан бир гана бизге пайдалуу нурларды чыгарат жана атмосфера да ошол нурларды гана өткөрөт. (Күндөн тараган абдан аз өлчөмдөгү жакынкы ультра кызгылт көк нурлардын көпчүлүк бөлүгүн озон катмары кармап калат.)

Мындан да маанилүүсү, суу дагы атмосферага окшоп, кылдат иргеп өткөрүү касиетине ээ. Суунун ичинде бир гана көзгө көрүнгөн нурлар тарай алат. Атмосферадан өтө алган (жана жылуулук берген) жакынкы инфра кызыл нурлар дагы суунун ичинде бир канча миллиметрге араң бара алат. Ошондуктан жер бетиндеги океандардын үстүңкү бетинин бир канча миллиметрдик катмары гана күндөн келген нурлардан жылуулук ала алат. Ал жылуулук төмөндү көздөй баскычтуу түрдө өткөрүлөт. Ошентип белгилүү тереңдикте жердеги бардык океандардын жылуулугу бири-бирине абдан жакын болот. Бул деңиздеги жашоого абдан ыңгайлуу шартты пайда кылат.

Сууга байланыштуу дагы бир кызыктуу жагдай бар: көзгө көрүнгөн нурдун ар кайсы түстөрү да суунун ичинде ар кандай аралыкка жете алат. Мисалы, 18 метр тереңдикте кызыл нур токтойт. Сары нур 100 метрдей тереңдикке жете алат. Жашыл менен көк нурлар болсо 240 метрге чейин түшөт. Бул өзгөчөлүктөр абдан маанилүү. Себеби фотосинтезге керектүү нурлар – бул, биринчи кезекте көк жана жашыл нурлар. Суу бул түстөрдү башкаларына караганда көбүрөөк өткөргөнү үчүн, фотосинтез жасоочу өсүмдүктөр океан, деңиздердин 240 метр тереңине чейин жашай алышат.

Булардын баары абдан маанилүү акыйкаттар. Нурга байланыштуу кайсы гана физикалык мыйзамды карабайлы, бүт баарынын атайын жашоо үчүн пландалганын көрөбүз. «Британника энциклопедиясында» (Encyclopaedia Britannica) мунун канчалык кереметтүү экендиги төмөнкүчө кабыл алынат:

Жер бетиндеги жашоонун ар кандай тараптары үчүн көзгө көрүнгөн нурдун канчалык маанилүү экенин ойлогонубузда, атмосфера менен суунун жарык өткөрүмдүүлүгүнүн ушунчалык тар интервалга батырылганын көргөндө, адам таң калбай койо албайт.75

Суу бардык нурларды өткөрбөгөнү менен, көзгө көрүнгөн нурду бир канча метр
тереңдикке чейин өткөрөт. Мындан улам өсүмдүктөр фотосинтез жасай алышат
жана экологиялык тең салмактуулук түзүлөт.
 

Жыйынтык

Материалисттик философия жана андан келип чыккан дарвинизм адамзаттын жашоосун ааламда кокусунан пайда болгон жана эч кандай максатсыз бир «кокустук» деп эсептейт. Бирок илимдин өнүгүшүнөн келип чыккан маалыматтар чындыгында ааламдын ар бир өзгөчөлүгүнүн адамзаттын жашоосуна ылайыкталганын көрсөтүүдө. Бул ушунчалык кереметтүү тартип болгондуктан, балким биз мурда эч ойлонбогон жарык сыяктуу бир элементте да адамды таң калтыра турганчалык апачык көрүнүп турат.

Ушунчалык кемчиликсиз тартипти «кокустуктар» менен түшүндүрүүгө аракет кылуу эч акылга сыйбайт. Күндүн электромагниттик нурлануусунун жалпы электромагниттик шкаланын 1025нан 1инчелик аймакка батырылышы, жашоого керектүү нурдун дал ушул тар аймакка туура келиши, атмосфера газдарынын башка бардык нурларга бөгөт коюп, бир гана ушул нурларды өткөрүшү, жана суунун да башка жашоого кооптуу нурларга бөгөт коюп, ушул нурлардын өтүшүнө мүмкүнчүлүк бериши... Ушунчалык кылдат жөнгө салууларды кокустуктар менен эмес, жаратуу менен гана түшүндүрүүгө болот. Бул бардык ааламдын жана бизге жарык менен жылуулук берген күндүн нуру да кошо, ааламдагы бардык нерселердин Аллах тарабынан жаратылып жөнгө салынганын көрсөтөт.

Илимий маалыматтар көрсөткөн бул акыйкат Куранда адамдарга 14 кылымдан бери айтылып келе жатат. Илим күндүн нурунун биз үчүн жаратылганын, башкача айтканда, бизге «кызмат кылдырылганын» көрсөтүүдө, Куранда болсо «күн жана ай (белгилүү) бир эсеп менен» (Рахман Сүрөсү, 5) деп айтылат жана мындай деп билдирилет:

Аллах асмандарды жана жерди жараткан жана асмандан суу түшүрүп ал аркылуу силерге ырыскы кылып ар түрдүү түшүмдөрдү чыгарган. Жана Анын буйругу менен кемелерди деңизде сүзүшү үчүн силерге моюн сундурган. Дарыяларды да силерге моюн сундурган. Күндү жана айды кыймылында дайыма силердин кызматыңарга берген, түндү жана күндүздү да кызматыңарга берген. Силерге каалаган бүт нерсеңерди берди. Эгер Аллахтын сый-жакшылыгын саноого аракет кылсаңар, аны санап бүтө албайсыңар. Чындыгында, адам абдан залим, абдан шүгүрсүз. (Ибрахим Сүрөсү, 32-34)


Булактар:

65. Ian M. Campbell, Energy and the Atmosphere, London: Wiley, 1977, s. 1-2

66. Ian M. Campbell, Energy and the Atmosphere, s. 1-2

67. George Wald, "Life and Light", Scientific American, 1959, vol. 201, s. 92-108

68. Жакынкы инфра кызыл нурлар толкун узундугу көзгө көрүнгөн нурлар бүткөн 0,70 микрондон башталып, 1,50 микронго чейинки нурларды камтыйт.

69. Бул тар аралык 0,29 микрондон 0,32 микронго чейинки ультра кызгылт көк нурларды камтыйт.

70. George Greenstein, The Symbiotic Universe, s. 96

71. George Greenstein, The Symbiotic Universe, s. 96-7

72. Көздүн ичиндеги бул чынжыр реакция чындыгында абдан татаал жана кереметтүү.

73. Michael Denton, Nature's Destiny, s. 62, 69

74. Michael Denton, Nature's Destiny, s. 55

75. Encyclopaedia Britannica, 1994, 15th ed., cilt 18, s. 203

Комментарии

Популярные сообщения из этого блога

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ: ЖАРЫЛУУДАГЫ ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК

СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ: ЖАШООГО ЫЛАЙЫКТАЛГАН ЭЛЕМЕНТТЕР