ЭКИНЧИ БӨЛҮМ: ЖАРЫЛУУДАГЫ ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК
Ааламдын жарылуу
ылдамдыгы кереметтүү
тактык менен
белгиленген. Ошондуктан чоң
жарылуу жөнөкөй
бир жарылуу эмес, бүт жагынан
эң мыкты
эсептелип, жөнгө салынган бир процесс.
Пол Дэвис, физика
профессору17
Мурдакы бөлүмдө
ааламдын чоң жарылуу (Big Bang: Биг бенг) аркылуу жоктон пайда болгонун
карадык. Эми бул маалыматтын негизинде ой жүгүртөлү. Ааламдын азыркы түзүлүшүнө
көз жүгүртүп ойлонолу.
Ааламдын ичинде
болжол менен 300 миллиард галактика бар. Алардын белгилүү формалары бар,
спираль формасындагы, ээлипс формасындагы галактикалар сыяктуу. Ал
галактикалардын ар биринде ошончо санда жылдыз бар. Ошол жылдыздардын бирөөсү
болгон күндүн айланасында болсо укмуш гармонияда айланган 9 планета бар.
Алардын үчүнчүсүнүн үстүндө азыр биз жашап жатабыз.
Бул аалам сизге
бир жарылуунун натыйжасында айланага туш келди чачылган бир заттын
жыйындысындай сезилеби? Туш келди чачылган заттар кантип тартиптүү
галактикаларды пайда кыла алсын? Эмне үчүн заттар белгилүү жерлерге топтолуп
жылдыздарды пайда кылган? Башкаларды койо турсак, бир эле күн системасындагы
кылдат тең салмактуулук коркунучтуу жарылуудан пайда боло алабы? Бул суроолор
орчундуу суроолор жана бизди «чоң жарылуудан кийин аалам кантип калыптанган?»
деген суроого алып барат.
Чоң жарылуу бир
жарылууну түшүндүрөт, демек ал жарылуунун натыйжасында зат космос мейкиндигинде
«туш келди» тарашы керек эле. Туш келди тараган заттын ааламдын белгилүү
чекиттеринде биригип, галактикаларды, жылдыздарды жана жылдыз системаларын
пайда кылышы буудай кампасына ташталган бир гранатанын буудайларды чогултуп,
таңгактарга ороп, жакшынакай кылып жыйып коюшу сыяктуу «анормалдуу» көрүнүш.
Чоң жарылуу теориясына көп жылдар бою каршы чыккан сэр Фред Хойл бул абалга
болгон таң калуусун төмөнкүчө белгилеген:
Чоң жарылуу теориясы аалам бир чоң
жарылуу аркылуу башталган деп кабыл алат. Бирок биз билгендей жарылуулар затты
башаламан чачыратат. Бирок чоң жарылуу өтө табышмактуу жол менен буга
толук карама-каршы таасирди пайда кылган: затты бири-бирине кошуп,
галактикаларды пайда кылдырган.18
Чындап эле чоң
жарылуудан келип чыккан зат «кереметтүү» жол менен бир калыпка жана тартипке ээ
болгон. Мындай тартиптүүлүк бизди бир гана акыйкатка алып барат: аалам улуу
кудуреттүү Аллах тарабынан кемчиликсиз жаратылган деген акыйкатка...
Бул бөлүмдө ушул
кемчиликсиз жана кереметтүү процессти чогуу карайбыз.
Жарылуунун ылдамдыгы
![]() |
| Пол Дэвис |
Ал тактыктын бир көрсөткүчү – бул жарылуунун ылдамдыгы. Чоң жарылуу менен бирге пайда болгон зат, албетте, айланага укмуш чоң ылдамдык менен тарай баштаган. Бирок бул жерде бир нерсеге көңүл буруу керек. Жарылуунун алгачкы көз ирмемдеринде тартылуу күчү да абдан күчтүү болгон. Бүт ааламды бир чекитке топтой ала турганчалык күчтүү болгон ал тартылуу күчү.
Ошондуктан чоң
жарылуунун алгачкы көз ирмеминде бири-бирине карама-каршы эки күч болгонун
белгилөө керек: жарылуунун күчү жана ал жарылууга каршы туруп, затты кайрадан
бир чекитке топтоону көздөгөн тартылуу күчү. Бул эки күчтүн ортосунда бир тең
салмактуулук түзүлгөнү үчүн аалам пайда болгон. Эгер башында тартылуу күчү
жарылуунун күчүн басып кетсе, анда аалам кеңейе албай кайрадан өзүнүн ичине
сиңип кетмек. Эгер тескерисинче жарылуунун күчү абдан жогору болсо, анда зат
ушунчалык катуу чачылып, бири-бири менен эч качан бириге алмак эмес.
Бул тең
салмактуулук канчалык кылдаттыкты талап кылган? Эки күчтүн ортосундагы
айырманын эң көп канчалык болушуна мүмкүнчүлүк бар эле?
Австралиядагы Аделаида
университетинин белгилүү математикалык физика профессору Пол Дэвис бул суроого
жооп берүү үчүн бир топ эсептөөлөрдү жүргүзүп, таң калаарлык жыйынтыкка келген:
Дэвистин айтуусу боюнча, чоң жарылуудан кийинки кеңейүүнүн ылдамдыгы эгер миллиард
көбөйтүү миллиарддан бир өлчөмүндө (10-18) эле башкачараак болгондо,
аалам пайда болмок эмес. Дэвис бул жыйынтыгын төмөнкүчө баяндайт:
Эсептөөлөр ааламдын кеңейүү ылдамдыгынын
абдан опурталдуу болгонун көрсөтүүдө. Эгер аалам бир аз эле жайыраак кеңейсе,
тартылуу күчүнөн улам ичине сиңип кетмек, бир аз ылдамыраак кеңейсе космостук
материал толугу менен чачырап кетмек. Бул эки кырсыктын ортосундагы тең
салмактуулук канчалык «мыкты эсептелген» деген суроонун жообу абдан кызыктуу.
Эгер жарылуунун ылдамдыгы белгилүү абалга келген кезде, бул ылдамдык чыныгы
ылдамдыгынан 10-18 өлчөмгө эле башкачараак болгондо, керектүү тең
салмактуулукту жок кылганга жетиштүү болмок. Ошондуктан ааламдын жарылуу
ылдамдыгы укмуш кылдат бир тактык менен белгиленген. Ушул себептен чоң
жарылуу жөнөкөй бир жарылуу эмес, бүт жагынан эң мыкты эсептелип, жөнгө
салынган бир процесс.19
Ааламдын
башталышындагы бул кереметтүү тең салмактуулук белгилүү «Science» журналындагы бир макалада төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Эгер аалам материябыздын тыгыздыгы бир аз
жогору болгондо, анда Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясы боюнча, аалам
атомдук бөлүкчөлөрдүн бири-бирин тартуу күчүнөн улам, эч кеңейе албай, кайрадан
кичирейип бир чекитчеге айланмак. Эгер тыгыздык башында бир аз төмөнүрөөк болгондо,
анда аалам абдан тездик менен кеңеймек, бирок атомдук бөлүкчөлөр бири-бирин
тартып кармай алмак эмес жана жылдыздар менен галактикалар эч качан пайда
болмок эмес. Албетте, биз да болмок эмеспиз! Жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча,
ааламыбыздын башталышындагы чыныгы тыгыздыгы менен ал пайда боло албай турган опурталдуу
тыгыздыктын ортосундагы айырма бир пайыздын бир квадриллионунан да төмөн. Бул бир
калемди учталган учу менен бир миллиард жылдан кийин да тура ала тургандай
кылып жайгаштырууга окшошот... Болгондо да, аалам кеңейген сайын тең
салмактуулуктагы кылдаттык андан да жогорулайт.20
Стивен Хокинг
да, ааламдын келип чыгышын кокустуктар аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылганы
менен, «Убакыттын кыскача тарыхы» аттуу китебинде ааламдын кеңейүү
ылдамдыгындагы бул кереметтүү тең салмактуулукту төмөнкүчө кабыл алат:
Ааламдын кеңейүү ылдамдыгы ушунчалык
опурталдуу деңгээлде болгондуктан, чоң жарылуудан кийинки биринчи секундада бул
чоңдук эгер жүз миң миллион көбөйтүү миллиондон бирге төмөнүрөөк болгондо,
аалам азыркы абалына келбестен, өзүнүн ичине сиңип кетмек.21
Мынчалык
кереметтүү тең салмактуулук эмнени көрсөтөт? Албетте, мынчалык кылдат жөнгө
салууну кокустук менен түшүндүрүүгө болбойт жана бул жаратылууну далилдейт. Пол
Дэвис материализмге ишенген бир физик болгонуна карабастан, бул чындыкты
төмөнкүчө кабыл алат:
Өтө кичинекей сандык өзгөрүүлөргө карата
сезгич абалда болгон ааламдын азыркы түзүлүшүнүн өтө кылдат бир аң-сезим
тарабынан пайда кылынганына каршы чыгуу абдан кыйын... Табияттын эң негизги тең
салмактуулуктарындагы так сандык тең салмактуулуктар космостук бир
долбоордун бар экенин кабыл алууга абдан күчтүү бир далил.22
Төрт күч
Негизи чоң
жарылуудагы жарылуунун ылдамдыгы ааламдын алгачкы көз ирмеминде пайда болгон
сандык тең салмактуулуктардын бирөөсү гана. Чоң жарылуудан кийин азыр биз жашап
жаткан ааламдын түзүлүшүн аныктаган «өлчөмдөр» келип чыккан жана алар дал талап
кылынган чоңдукта белгиленген.
Ал өлчөмдөр
бүгүнкү күндө заманбап физика кабыл алган «төрт негизги күч». Ааламдагы бардык
физикалык кыймылдар менен түзүлүштөр ошол төрт күчтүн бири-бири менен
байланышынан жана тең салмактуулугунан келип чыгат. Алар тартылуу (гравитация)
күчү, электромагниттик күч, күчтүү ядролук күч жана алсыз ядролук күч. Күчтүү
жана алсыз ядролук күчтөр бир гана атомдун түзүлүшүн аныктайт. Калган эки күч,
б.а. тартылуу күчү менен электромагнетизм болсо атомдордун ортосундагы
байланышты жана натыйжада бардык материалдык заттардын ортосундагы тең
салмактуулукту аныктайт. Бул төрт негизги күч чоң жарылуудан кийин пайда болгон
жана ааламга тараган зат ушул төрт күчтүн негизинде белгиленген.
Бирок бул
күчтөрдү бири-бири менен салыштырганда кызыктуу жагдайга күбө болобуз. Себеби
бул күчтөрдүн чоңдугу бири-биринен эбегейсиз чоң өлчөмгө айырмаланат. Эгер бул
күчтөрдүн бири-бирине катышын жалпы бирдик аркылуу көрсөтүүнү кааласак, анда
төмөнкүдөй жазышыбыз керек болот:
Күчтүү ядролук күч : 15
Алсыз ядролук күч : 7,03 x 10-3
Тартылуу күчү : 5,90 x 10-39
Электромагниттик күч : 3,05 x 10-12
Көңүл бурган
болсоңуз, жогорудагы сандардын ортосунда эбегейсиз чоң айырмалар бар. Мисалы,
күчтүү ядролук күчтүн өлчөмү тартылуу күчүнүн өлчөмүнөн болжол менен «миллиард
көбөйтүү миллиард көбөйтүү миллиард көбөйтүү миллиард көбөйтүү миллиард» эсеге
чоң. Күчтөрдүн ортосунда мынчалык чоң айырма болушунун максаты эмнеде?
Белгилүү
молекулярдык биолог Майкл Дентон «Nature's Destiny: How the Laws of Biology Reveal
Purpose in the Universe» (Табияттын тагдыры: ааламдагы максатты биология мыйзамдары кантип ачууда) деген китебинде бул суроого төмөнкүчө
жооп берет:
Эгер тартылуу күчү бир триллион эсеге
күчтүүрөөк болгондо, аалам бир топ кичинекей болмок жана өмүрү да алда канча
кыска болмок. Орточо бир жылдыздын массасы азыркы биздин күнүбүздөн бир
триллион эсе кичинекей болуп, жашоо мөөнөтү болжол менен бир жылга эле
созулмак. Ал эми тартылуу күчү бир аз эле алсызыраак болгондо, бир да жылдыз же
галактика эч качан пайда боло алмак эмес. Башка күчтөрдүн ортосундагы тең
салмактуулуктар да абдан кылдат. Эгер күчтүү ядролук күч бир аз эле алсызыраак
болгондо, ааламдагы жалгыз туруктуу элемент суутек болмок. Башка бир да атом
болмок эмес. Эгер күчтүү ядролук күч электромагниттик күчкө салыштырмалуу бир
аз эле күчтүүрөөк болгондо, анда ааламдагы жалгыз туруктуу элемент ядросунда
эки протону бар бир атом болмок. Анда ааламда эч суутек болмок эмес жана
жылдыздар менен галактикалар пайда болсо деле түзүлүшү азыркыдан такыр башкача
болмок. Ачыгы, эгер бул негизги күчтөр менен өзгөрмөлөр толугу менен дал
азыркыдай чоңдукта болбогондо, эч бир жылдыз, супернова (supernova), планета
жана атом болмок эмес. Жашоо да болмок эмес.23
Пол Дэвис болсо
ааламдагы негизги физика мыйзамдарынын адамдын жашоосуна эң ыңгайлуу кылып
белгиленгени тууралуу мындай дейт:
Эгер табият бир аз башкачараак сандык
өлчөмдөрдү тандаганда, аалам бир топ башкача бир жер болмок. Жана чоң
ыктымалдуулук менен аны көрүү үчүн биз бул жерде болмок эмеспиз... Жана адамзат
космологияны изилдеген сайын, керемет барган сайын даанараак көрүнөт. Ааламдын
башталышы жөнүндөгү акыркы ачылыштар кеңейип жаткан ааламдын таң калаарлык
кылдаттык менен жөнгө салынганын көрсөтүүдө.24
Чоң жарылуунун
негизги далили болгон космостук фон радиациясын биринчи болуп Роберт Уилсон
менен бирге байкаган жана ушул себептен 1965-жылы Нобель сыйлыгын алган Арно
Пензиас ааламдагы бул кереметтүү тартип тууралуу пикирин төмөнкүчө билдирген:
Астрономия бизди абдан кереметтүү бир
окуяга алып барат; эч жоктон жаратылган аалам. Жашоонун келип чыгышына
мүмкүнчүлүк берүүчү керектүү шарттарды толук камсыздай турган кылдат тең
салмактуулук менен курулган, ушул максатты көздөгөн бир пландан турган аалам.25
Сөздөрүнөн
шилтемелер келтирилген бул илимпоздор маанилүү бир акыйкатты түшүнүшкөн.
Ааламдагы таң калаарлык тең салмактуулуктарды жана тартипти изилдеген ар бир
адамдын алдынан чыккан бул акыйкат айдан ачык: бүт ааламда теңдешсиз жаратылуу
жана кемчиликсиз тартип бар. Бул тартиптин ээси, албетте, бүт нерсени
кемчиликсиз жараткан Аллах. Аллах ааламдын жаратылуусундагы тартиптүүлүк жана
«белгилүү бир чен-өлчөм менен» эсептелген тең салмактуулуктар тууралуу бир
аятында төмөнкүчө билдирет:
Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү;
(Анын) баласы жок. Мүлктө Анын шериги жок, бүт нерсени жаратып, аны калыпка
(тартипке) салган, белгилүү бир чен-өлчөм менен жараткан. (Фуркан Сүрөсү,
2)
Ыктымалдуулук эсептөөлөрү «кокустукту» четке кагууда
Жогоруда
каралган маалыматтар ааламдын чоң жарылуу болоор замат белгиленген сандык тең
салмактуулуктарынын адамзаттын жашоосуна укмуш ыңгайлуу болгонун көрсөтүүдө.
Жарылуунун ылдамдыгы, төрт негизги күчтүн өлчөмдөрү жана кийинки бөлүмдөрдө
карала турган бардык башка өзгөрмөлөр ааламда жашоонун пайда болушуна ыңгайлуу
болгон жана бул ыңгайлуулук укмуш кылдаттык менен белгиленген. Эми ушул жерде
материализмдин «кокустук» көз-карашын карайлы. Кокустук математикалык түшүнүк
жана бир нерсенин кокусунан болуп болбой турганын ыктымалдуулук эсептөөлөрү
аркылуу аныктоого болот. Биз да ыктымалдуулук эсептөөлөрүн карап көрөлү.
Бизге жашоо
мүмкүнчүлүгүн берген бир ааламдын кокусунан пайда болуу ыктымалдыгы, бардык
физикалык өзгөрмөлөрдү чогуу караганда, канчага барабар болду экен? Миллиард
көбөйтүү миллиарддан биргеби? Же триллион көбөйтүү триллион көбөйтүү
триллиондон бир ыктымалдуулуккабы? Же мындан да чоң санбы?
Бул санды
белгилүү англис математик жана Хокингдин жакын кесиптеши Роджер Пенроуз эсептеп
чыккан. Бардык физикалык өзгөрмөлөрдү эсепке кошуп, алардын бардык
комбинацияларын эске алган жана ичинде организмдер жашай ала турган бир
чөйрөнүн пайда болуу ыктымалдыгынын чоң жарылуунун башка ыктымалдуу
натыйжаларынын арасында канчага барабар экендигин аныктаган.
Пенроуз тапкан
ыктымалдык төмөнкүгө барабар: 10 10123төн бир ыктымалдык!
Бул сандын
кандай мааниге келээрин элестетүү да абдан кыйын. Математикада 10123 деп жазылган бир сан 1 санынын жанына 123
даана нөлдү жазуудан келип чыгат. (Бул ааламдагы бардык атомдордун жалпы
санынан, б.а. 1078нан
да чоң, астрономиялык бир сан.) Бирок Пенроуз тапкан сан мындан абдан эле чоң.
Анткени Пенроуз тапкан сан 1 санынын жанына 10123 даана нөлдү жазуудан келип чыгат.
![]() |
| Роджер Пенроуз |
Бул санды
түшүндүрүү үчүн бир мисал келтирели: 103 1000ге барабар. 10 103 болсо 1 санынын жанына 1000 даана нөлдү
жазуудан келип чыгат. 1 санынын жанына 9 даана нөл жазсак, бир миллиард деген
санды алабыз. 12 даана нөл жазылса, 1 триллион болот. Ал эми Пенроуз тапкан
санды алуу үчүн 1 санынын жанына 10123 даана
нөл жазуу керек болот, мунун математикада да бир аныктамасы, аты жок.
Математикада 1050дөн 1ден
төмөн ыктымалдыктар «нөл ыктымалдуулук» деп эсептелет. Сөз болуп жаткан сан
болсо 1050дөн
триллион көбөйтүү триллион көбөйтүү триллион эсесинен да алда канча чоң.
Кыскасы, бул сан бизге ааламды эч качан кокустук аркылуу түшүндүрүүгө болбой
тургандыгын көрсөтүүдө. Роджер Пенроуз адамдын акылына сыйбаган бул сан жөнүндө
мындай дейт:
Бул сан, б.а. 10 10123төн бир ыктымалдуулук бизге Жаратуучунун максатынын канчалык анык жана
даана экендигин көрсөтүүдө. Бул чындыгында кереметтүү бир сан. Бир адамдын муну
табигый сан катары жазганга да мүмкүнчүлүгү жетпейт, себеби 1 санынын жанына 10123 даана нөл жазышы керек болот. Эгер ааламдагы бардык
протондордун жана бардык нейтрондордун үстүнө бирден нөл жазса деле, баары бир
бул сандан алда канча артта калат.26
Ааламдагы тең
салмактуулук менен тартиптүүлүктү сүрөттөгөн буга окшогон сандарга биздин
акылыбыздын чеги жетпейт, бирок алардын абдан маанилүү бир функциясы бар.
Ааламдын эч качан кокусунан пайда болбой тургандыгын далилдейт жана Пенроуз
айткандай, бизге «Жаратуучунун максатынын канчалык анык жана даана экендигин»
көрсөтөт. Негизи ааламдын «кокусунан» пайда болбогонун түшүнүү үчүн жогоруда
каралган ыктымалдуулук эсептөөлөрүн билүү да шарт эмес. Себеби айланасына
жакшылап көз чаптырган ар бир адам ааламдын жаратылганын көрсөткөн далилдерди
оңой эле байкай алат. Албетте, кокусунан келип чыккан бир жарылуунун
натыйжасында атомдор өзүнөн-өзү тизилип, ушундай кемчиликсиз аалам, ааламдын
ичиндеги системалар, күндөр, жер, анын бетиндеги адамдар, үйлөр, унаалар,
дарактар, жаныбарлар, гүлдөр, чымын-чиркей, курт-кумурскалар жана башкалар
пайда боло албайт. Айланабызда көргөн нерселерибиздин бүт баары жаратылуунун
жана Аллахтын улуу кудуретинин далилдери. Бирок бул далилдерди ойлонгон адамдар
түшүнө алат:
Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында,
түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен
деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн
кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды
соктурушунда, асман менен жердин арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу
(багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер)
бар. (Бакара Сүрөсү, 164)
Ачык турганды көрүү
Жогоруда каралгандай, 20-кылымдын илими ааламдын Аллах тарабынан жаратылганын далилдеген апачык далилдерди көрсөттү. Китептин кириш сөзүндө белгиленген «антроптук принцип» (anthropic principle) түшүнүгү ааламдын бардык өзгөчөлүктөрүнүн жашоого ыңгайлаштырылганын жана бул системада кокустукка орун жок экенин көрсөтүүдө.Кызыгы, бул ачылыштарды жасап, «ааламды кокустук менен түшүндүрүүгө болбойт» деген жыйынтыкка келген илимпоздордун көпчүлүк бөлүгү негизи мындай жыйынтыкка келүүнү көп деле каалабаган, себеби материалисттик көз-карашка ээ болгон илимпоздордон турган. Жогоруда сөздөрүнөн шилтемелер келтирилген Пол Дэвис, Арно Пензиас, Фред Хойл, Роджер Пенроуз сыяктуу илимпоздордун эч бири динчил илимпоздор эмес. Илимий изилдөө жүргүзгөндө Аллахтын бар экендигине далил издөө сыяктуу бир ниетте болушкан эмес. Бирок баары, балким көпчүлүгү эч каалабаганына карабастан, ааламды кереметтүү бир жаратуу аркылуу гана түшүндүрүүгө болот деген жыйынтыкка келишкен. Америкалык астроном Джордж Гринштейн «The Symbiotic Universe» (Симбиотикалык аалам) аттуу китебинде бул чындыкты төмөнкүчө мойнуна алат:
Бул (физика мыйзамдарынын атайын жашоо
үчүн долбоорлонушу) кандайча мүмкүн болгон?... Далилдерди изилдеген сайын кайра
кайра маанилүү бир акыйкатка туш болобуз; табияттан жогору турган бир Акыл
кийлигишкен болушу керек. Же бир заматта, эч андай ниетибиз болбогонуна
карабастан, бир Кудайдын бар экендигин көрсөткөн илимий далилдерди кездештирип
жатабызбы?27
Өзү атеист
болгон Гринштейн бул суроосу аркылуу алдында турган апачык чындыкты түшүнмөксөн
болууга аракеттенүүдө. Бирок буга акылмандык менен караган көптөгөн илимпоздор
ааламдын Аллах тарабынан атайын адамзаттын жашоосу үчүн жаратылганын кабыл
алууда. Америкалык астрофизик Хью Росс «Долбоор жана антроптук принцип» аттуу
макаласын төмөнкүчө жыйынтыктаган:
Акылдуу жана улуу бир Жаратуучу ааламды
жоктон жараткан болушу шарт. Акылдуу жана улуу бир Жаратуучу ааламды
долбоорлогон болушу шарт. Акылдуу жана улуу бир Жаратуучу жер планетасын
долбоорлогон болушу шарт. Жана кайра эле акылдуу жана улуу бир Жаратуучу
жашоону долбоорлогон болушу шарт.28
Ошентип илим
жаратылууну далилдөөдө: Аллах бар жана Ал айланаңыздагы сиз көргөн жана көрө
албаган бүт нерселердин Жаратуучусу. Ал асмандардын жана жердин, ааламдагы
кереметтүү тең салмактуулуктун жана тартиптин жалгыз кожоюну.
Материализм
болсо эми илимдин сыртына сүрүп чыгарылган, негизсиз бир ишеним катары жашап
жатат. Америкалык генетик Роберт Гриффитс бул чындыкты «талкуу жүргүзүү үчүн
атеист издегенде, (университеттин) философия бөлүмүнө барам. Ал эми физика
бөлүмүнөн андай кишилерди табуу кыйын болуп калды» деп тамашага салып
белгилеген.29 Кыскасы, ааламдагы кайсы гана физикалык эреже,
кайсы гана өзгөрмө изилденбесин, алардын өлчөмүнүн атайын адамзаттын жашоосуна
ыңгайлуу кылып белгиленгени аныкталууда. Пол Дэвис мындан чыккан тыянакты «The Cosmic Blueprint» (Космостук план) аттуу китебинин акыркы абзацында «бир
долбоор бар деген көз-караш абдан басымдуулук кылууда» деп белгилеген.30
Ааламдын
«долбоорлонгон» болушу, албетте, анын Аллах тарабынан жаратылып жөнгө салынышы
дегенди билдирет. Ааламдагы кылдат тең салмактуулуктар, бардык жандуу-жансыздар
Аллахтын улуу жаратуу чеберчилигинин апачык далилдеринен. Бүгүнкү күндө илимдин
жеткен бул жыйынтыгы Куранда мындан 14 кылым мурда кабар берилген бир чындыкты
гана тастыктоодо. Ал чындык Куранда төмөнкүчө белгиленген:
Чындыгында, силердин Раббиңер алты күндө
асмандарды жана жерди жараткан, андан соң Аршка буйрук берген Аллах. Күндүздү
токтобостон аны кубалаган түн менен орогон, күн, ай жана жылдыздарды Өз буйругу
менен баш ийдирген. Кабарыңар болсун, жаратуу да, буйрук берүү да (бир гана)
Ага тиешелүү. Ааламдардын Рабби Аллах кандай Улук. (Аьраф Сүрөсү, 54)
Булактар:
17. Paul Davies, Superforce: The Search for a Grand Unified Theory of Nature, 1984, s. 184
18. Fred Hoyle, The Intelligent Universe, London, 1984, s. 184-185
19. Paul Davies, Superforce: The Search for a Grand Unified Theory of Nature, 1984, s. 184
20. Bilim ve Teknik, sayı 201, s. 16 (Science dergisinden tercüme)
21. Stephen Hawking, A Brief History Of Time, Bantam Press, London: 1988, s. 121-125
22. Paul Davies. God and the New Physics. New York: Simon & Schuster, 1983, s. 189
23. Michael Denton, Nature's Destiny: How the Laws of Biology Reveal Purpose in the Universe, The New York: The Free Press, 1998, s. 12-13
24. Paul Davies. The Accidental Universe, Cambridge: Cambirdge University Press, 1982, Önsöz.
25. Hugh Ross, The Creator and the Cosmos, s. 122-23
26. Roger Penrose, The Emperor's New Mind, 1989; Michael Denton, Nature's Destiny, The New York: The Free Press, 1998, s. 9
27. George Greenstein, The Symbiotic Universe, s. 27
28. Hugh Ross, "Design and the Anthropic Principle", Reasons To Believe, CA, 1988
29. Hugh Ross, The Creator and the Cosmos, s. 123
30. Paul Davies, The Cosmic Blueprint, London: Penguin Books, 1987, s. 203






Комментарии
Отправить комментарий