СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ: ЖАШООГО ЫЛАЙЫКТАЛГАН ЭЛЕМЕНТТЕР
Табият мыйзамдарынын
биз көргөн ааламды жаратуу үчүн
канчалык кереметтүү
жөнгө салынганын байкаганыңызда,
ааламдын жөн эле
пайда болбогонун,
артында бир максат
болушу керек экенин түшүнөсүз.
Джон Полкингхорн,
британиялык физик84
Буга чейин, биз жашап жаткан ааламдын бардык физикалык тең салмактуулуктарынын атайын биздин жашообуз үчүн жөнгө салынганын карадык. Ааламдын жалпы түзүлүшүнүн, жер планетабыздын ааламдын ичиндеги ордунун, жер планетасынын физикалык өзгөчөлүктөрүнүн, абанын, жарыктын жана суунун дал бизге керектүү касиеттерге ээ экенин көрдүк. Бирок, мындан тышкары, денебизди түзгөн элементтерди да карашыбыз керек. Колубузду, көздөрүбүздү, чачыбызды, өпкөлөрүбүздү түзгөн же бизге азык берген бардык жандыктарды, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, дарактарды, канаттууларды түзгөн элементтер да атайын курулуш материалдары катары жаратылган.
Физик Роберт Э. Д. Кларк «Жаратуучу жашоонун курулушунда колдонула турган атайын тетиктерди жараткан» деп85 белгилегендей, Аллах организмдердин курулуш материалдарын өзгөчө жана теңдешсиз өзгөчөлүктөр менен жараткан.
Курулуш материалдарынын
эң негизгиси – бул көмүртек.
Көмүртектин түзүлүшү
Мурдакы бөлүмдөрдө мезгилдик таблицанын алтынчы катарын ээлеген көмүртектин «кызыл алп» деп аталган чоң жылдыздардын ичинде канчалык кереметтүү бир процесс аркылуу пайда болоорун карадык. Көмүртектин бул кереметтүү пайда болуу процессин ачкан Фред Хойлдун «физика мыйзамдары жылдыздардын ичиндеги натыйжаларга караганда пландуу түрдө белгиленген» деп айтканын да көрдүк.86
Көмүртекти изилдегенде бул атомдун бир гана пайда болуу процессинин эмес, химиялык касиеттеринин да пландалганын көрөбүз.
Көмүртек табиятта
таза түрдө эки формада гана кездешет: графит же алмаз түрүндө. Бирок анын
кошулмалары өтө көптөгөн заттарды пайда кылат. Клетканын мембранасынан дарактын
кабыгына, көздүн чечекейинен бугунун мүйүздөрүнө, жумуртканын агынан жыландын
уусуна чейин сансыз түрдүү органикалык түзүлүштөрдүн баары көмүртек негиздүү
кошулмалардан турат. Көмүртек суутек, кычкылтек жана азот атомдору менен ар
түрдүү геометриялык форма жана катарлар менен биригип, ар түркүн заттарды пайда
кылат.
Көмүртек кошулмаларынын
кээ бирлери бир канча атомдон гана турса, кээ бирлеринде миңдеген, ал тургай, миллиондогон
атом бар. Бир гана көмүртектин атомдору ушунчалык узун жана туруктуу
кошулмаларды пайда кыла алат. Дэвид Берни «Life» аттуу китебинде
белгилегендей, «көмүртек абдан кереметтүү элемент... Көмүртек жана анын
кереметтүү касиеттери болбосо, дүйнөдө жашоо мүмкүн эместей көрүнөт.»87
Англиялык химик Невил
Сиджвик «Chemical
Elements and Their Compounds» (Химиялык элементтер жана алардын кошулмалары) аттуу китебинде көмүртек тууралуу мындай деп жазат:
Көмүртек пайда кыла ала турган
кошулмаларынын саны жана түрү жагынан, башка элементтерден толугу менен
айырмаланып, өзгөчө түзүлүшкө ээ. Ушул күнгө чейин көмүртек кошулмаларынын жарым
миллиондон ашуун түрү ажыратылып, аныкталды. Бирок бул маалымат деле
көмүртектин күчүн түшүнүүгө абдан жетишсиз, анткени көмүртек бардык жандуу
заттардын пайдубалын түзөт.88
Жашоонун көмүртектин
ордуна башка бир элементке таянышы физикалык жана химиялык касиеттерден улам
мүмкүн эмес. Бир кездерде көмүртекке альтернатива катары көрсөтүлгөн кремнийдин
жараксыз талапкер экендиги түшүнүктүү болду. Сиджвик «жашоонун пайдубалы катары
«кремний көмүртектин ордун ээлеген бир дүйнө» көз-карашы чындыкка жатпайт деп
анык айта ала турганчалык маалыматыбыз бар» дейт.89
Коваленттик байланыштар
![]() |
| Метан газынын түзүлүшү: ортодо көмүртек атому, айланасында төрт суутек атому |
Электрондор атомдордун ядролорунун айланасында белгилүү орбиталарда жайгашат. Ядрого эң жакын орбитада эки электрон гана жайгаша алат. Кийинки орбитада сегиз электрон болот. Кийинкисинде 18 электрон жана ушинтип уланат. Кызыгы, атомдор орбиталарындагы электрондордун санын толуктаганга аракет кылышат. Мисалы, экинчи орбитасында 6 электрон жайгашкан кычкылтек ал орбитага дагы эки электронду кошуп, алардын санын 8ге чыгаргысы келет. Атомдор эмне үчүн мындай кылгысы келет деген суроонун жообу жок, бирок атомдордун мындай аракети болбогондо, тирүү организмдер болмок эмес.
Коваленттик байланыштар
атомдордун ушундай «орбитаны толуктоо» каалоосунан келип чыгат. Экөө тең
орбиталарын толуктагысы келген эки атом электрондорун бөлүшүү аркылуу аны
толукташат. Мисалы, сууну (H2O) пайда кылган эки суутек жана бир
кычкылтек атому коваленттик байланыш түзүшөт. Кычкылтек эки суутектин бирден
электронун бөлүшүү аркылуу экинчи орбитасын 8ге толуктайт. Суутек атомдору да
кычкылтектин электрондорунун арасынан бирөөсүн колдонуп, өздөрүнүн орбиталарын
экиге толукташат.
Көмүртек да ушул
сыяктуу коваленттик байланыштарды түзүү аркылуу ар түрдүү заттарды пайда кылат.
Алардын бири метан. Метан төрт суутек атомунун көмүртек менен коваленттик
байланыш түзүшүнөн келип чыгат. Көмүртектин атомдорунун саны (6)
кычкылтектикинен (8) экиге аз болгону үчүн, көмүртек эки эмес, төрт суутек
атому менен байланыш түзөт.
Бирок көмүртектин
байланыштары, жогоруда белгиленгендей, абдан кеңири масштабга ээ. Көмүртектин бир
эле суутек менен түзгөн ар түрдүү байланыштары «углеводороддор» деп
аталган чоң үй-бүлөнү пайда кылат. Ал үй-бүлөнүн ичинде табигый газ, суюк
мунайзат, суюлтулган газ, керосин жана ар кандай машина майлары бар. Этилен
жана пропилен деп аталган углеводороддор болсо нефтехимия өнөр-жайынын
пайдубалы. Башка углеводороддор бензол, толуол жана терпентин (скипидар)
сыяктуу кошулмаларды пайда кылат. Кийимдерибизди күбөдөн (майда көпөлөктөн) сактоо
үчүн шкафтарга коюлган нафталин да углеводороддун бир түрү. Хлор же фторго
аралаштырылган углеводороддор болсо анестезия каражаттары, өрт өчүргүчтөр жана
муздаткычтарда колдонулган фреондор сыяктуу ар кандай заттарды пайда кылат.
![]() |
| Зайтун майы, эт жана кумшекер сыяктуу заттар көмүртек, суутек, кычкылтек жана азот атомдорунун ар кандай формада биригишинен келип чыгат. |
Көмүртектин суутек
жана кычкылтек менен түзгөн коваленттик байланыштары болсо дагы бир кеңири
спектрди түзөт. Алардын арасында этанол жана пропанол сыяктуу спирттер, альдегиддер,
кетондор жана май кислоталары бар. Көмүртек, суутек жана кычкылтектин
кошулмаларынан пайда болгон абдан маанилүү дагы эки зат болсо – бул биз жеген
азыктардын ичиндеги энергияны камсыз кылган глюкоза менен фруктоза. Дарактын катуу
бөлүгүн жана кагаздын чийки затын түзгөн целлюлоза, бал мому, уксус жана
кумурска кислотасы сыяктуу заттар да көмүртектин суутек жана кычкылтек менен
болгон коваленттик байланыштарынан келип чыгат.
Көмүртек суутек,
кычкылтек жана азот атомдору менен байланыш түзгөндө да абдан маанилүү
кошулмалар пайда болот. Алардын башында денебиздин негизги курулуш материалы
болгон белокторду түзгөн аминокислоталар турат. ДНКны түзгөн нуклеотиддер да
көмүртек, суутек, кычкылтек жана азоттун кошулмасынан пайда болгон молекулалар.
Кыскасы,
көмүртек атомунун коваленттик байланыштары организмдердин жашоосу үчүн сөзсүз
талап кылынган шарттардын бири. Эгер көмүртек кычкылтек, азот жана суутек менен
коваленттик байланыш түзө албаганда, жашоо да болмок эмес.
Көмүртектин мындай
байланыштарды курушуна химиктер «метастабилдүүлүк» деп атаган касиети шарт түзөт.
Белгилүү биохимик Дж.Б.С. Холдейн бул касиетти төмөнкүчө түшүндүрөт:
Бир молекуланын метастабилдүү болушу бир
нерсеге айлануу учурунда бош энергияны бөлүп чыгара алышы, бирок температура,
радиация же бир катализатор аркылуу биригүү учурларынан тышкары убакта туруктуу
бойдон кала алышы дегенди түшүндүрөт.90
Бул илимий аныктама
көмүртек атому өзгөчө түзүлүшкө ээ деген мааниге келет. Ошол өзгөчө түзүлүшүнөн
улам көмүртек кадимки шарттарда абдан оңой коваленттик байланыш түзө алат.
Бирок бул жерде
абдан кызыктуу бир жагдай бар. Көмүртектин жашоо үчүн сөзсүз талап кылынган мындай
«метастабилдүүлүк» касиети белгилүү бир температура аралыгында гана орун алат. 100°Cден ашканда көмүртек кошулмалары өтө туруксуз болуп калат.
Муну баарыбыз
күнүмдүк жашообузда байкайбыз. Этти бышырганда негизи көмүртек кошулмаларынын
түзүлүшүн өзгөрткөн болобуз. Бирок маанилүү бир жагдайга көңүл буруу керек;
бышкан эт эми толугу менен «өлүүгө» айланат, б.а. тирүү организмдерде колдонулган
түзүлүшүн жоготот. Көпчүлүк көмүртек кошулмалары 100°Cден ашканда бузулат. Витаминдердин көпчүлүгү ажырайт. Канттардын да түзүлүшү
өзгөрүп, азыктык баалуулугун жоготот. Температура дагы бир аз жогорулаганда,
мисалы 150°Cде көмүртек кошулмалары күйүп баштайт.
Башкача айтканда,
көмүртек кошулмаларынын коваленттик байланыштарды түзүп, аларды туруктуу сактай
ала турган температуранын жогорку чеги 100°Cден ашпайт. Төмөнкү чеги болсо 0°Cдин тегерегинде. 0°Cден төмөн температурада органикалык биохимия болбойт.
Бирок башка
кошулмалар мындай эмес. Органикалык эмес заттардын көпчүлүгүнө температуранын
өзгөрүшү мынчалык таасир бербейт. Муну байкоо үчүн бир кесим эттин жанына бир аз
металл, айнек же ташты салып, ал аралашманы ысытып көрсөңүз болот. Температура жогорулаган
сайын эттин түзүлүшү өзгөрүп, карарат жана аягында күйөт. Бирок металл, айнек
же таш температураны жүздөгөн градуска жогорулатсаңыз да эчтеке болбойт.
Көңүл бурган
болсоңуз, көмүртек кошулмаларынын коваленттик байланыштарды түзүп, аларды сакташы
үчүн талап кылынган температура аралыгы жер планетасындагы температура
аралыгына дал келет. Мурдакы бөлүмдөрдө белгиленгендей, ааламдагы температуралар
эң ысык жылдыздардын ичиндеги миллиарддаган градустук ысыктан «абсолюттук нөл»
чекити болуп эсептелген -273,15°Cге чейин өзгөрөт. Бирок
адам үчүн жаратылган жер планетасынын температурасы жашоонун курулуш материалы
болгон көмүртек кошулмаларына керектүү тар аралыкта сакталат.
Мындан да
кызыгы, бул температура аралыгынын суунун суюк абалда болгон бирден-бир
температура аралыгы болушу. Мурдакы бөлүмдө каралгандай, жашоонун негизги
шарттарынын бири болгон сууга керектүү температура көмүртек кошулмаларына
керектүү температурага толук дал келет. Мындай шайкештикти талап кылган кандайдыр
бир табият мыйзамы жок. Бул суунун, көмүртектин жана жер планетасынын
өзгөчөлүктөрүнүн бири-бирине шайкеш кылып жаратылганын көрсөтөт.
Алсыз байланыштар
Организмдердин денелериндеги
атомдорду чогуу кармап турган байланыштар бир гана коваленттик байланыштар
эмес. Дагы бир байланыш группасы бар. Көптөгөн түрлөрдөн турган мындай
байланыштардын баары жалпысынан «алсыз байланыштар» деп аталат.
1. Коваленттик байланыш: атомдор бири-бирине
бекем жабышкан.
2. Алсыз байланыш: атом чынжыры бири-бирине
ар кайсы жеринен үч өлчөмдүү байланышкан.
a. алсыз байланыш.
Алсыз байланыштар коваленттик байланыштардан болжол менен жыйырма эсеге алсыз. Бирок органикалык химия үчүн мааниси абдан чоң. Жандыктардын денелеринин негизги курулуш материалы болгон белоктор татаал үч өлчөмдүү формага алсыз байланыштар аркылуу ээ болушат.
Муну түшүндүрүү
үчүн белоктордун түзүлүшүнө токтолуу керек. Белоктор көбүнчө «аминокислота чынжырлары»
деп айтылат. Бул аныктама туура, бирок жетишсиз. Себеби «аминокислота чынжыры»
дегенде бир шурудагы мончоктордой тизилген эки өлчөмдүү тизмек элестейт. Бирок белокторду
түзгөн аминокислоталар бир дарактын ар кайсы бутактарындагы жалбырактарга окшоп
үч өлчөмдүү формада болушат.
Коваленттик байланыштар
аминокислоталарды түзгөн атомдорду ажыратпай кармайт. Алсыз байланыштар болсо
аминокислоталарды талап кылынгандай үч өлчөмдүү формада бириктирет. Эгер алсыз
байланыштар болбогондо, белоктор болмок эмес. Белоктор болбосо, жашоо да болмок
эмес.
Эң кызыгы, алсыз
байланыштарга керектүү температура аралыгы да коваленттик байланыштарга окшоп,
кайра эле жер планетасындагы температура аралыгына дал келет. Бирок алсыз
байланыштар менен коваленттик байланыштардын түзүлүшү бири-бирине такыр окшобойт,
бирдей температураны талап кылдыра турган эч бир табигый себеп жок. Анткен менен,
эки байланыш группасы тең бирдей температура аралыгында түзүлө алышат. Эгер коваленттик
байланыштар менен алсыз байланыштардын туруктуу боло турган температура аралыгы
бири-бирине дал келбегенде, кайра эле белок курала алмак эмес.
Көмүртек атомунун
кереметтүү касиеттери тууралуу каралган бул маалыматтардын баары жашоонун
негизги материалы болгон бул атом менен жашоонун дагы бир негизги материалы
болгон суунун жана жашоонун мекени болгон жер планетасынын ортосунда өтө улуу
шайкештик бар экенин көрсөтүүдө. Майкл Дентон «Nature's Destiny» (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде бул акыйкатка төмөнкүчө басым
жасаган:
Ааламдагы эбегейсиз чоң температура спектринин
арасында бир кичинекей температура аралыгы бар; ал аралыкта 1) суюк суу, 2)
метастабилдүүлүк касиетине ээ болгон абдан көп жана ар түрдүү органикалык кошулмалар
жана 3) татаал молекулалардын үч өлчөмдүү формаларын туруктуу сактаган алсыз
байланыштар бар.91
Бул кичинекей
температура аралыгы болсо, бир аз мурда айтылгандай, белгилүү болгон бардык
асман телолорунун арасында бир гана жер планетасында бар. Ошондой эле, жашоонун
эки негизги пайдубалы болгон көмүртек менен сууга жер планетасы абдан бай.
Булардын баары
көмүртек атомунун жана анын кереметтүү касиеттеринин атайын жашоо үчүн
жаратылганын, жер планетасынын да атайын көмүртек негиздүү жашоо үчүн
жаратылганын көрсөтөт.
Кычкылтектин түзүлүшү
Көмүртектин жандыктардын
денелеринин эң негизги курулуш материалы экенин жана бул кызмат үчүн өзгөчө
түзүлүштө жаратылганын карадык. Бирок көмүртек негиздүү жашоонун болушу дагы
бир шарттан көз-каранды: энергия. Энергия жашоонун ажырагыс муктаждыгы.
Жашыл өсүмдүктөр
энергияны күндүн нурунан алышат. Жаныбарлар менен биз үчүн энергиянын булагы «кычкылдануу»,
б.а. күйүү. Өсүмдүктөрдөн алган азыктарды «күйгүзүү аркылуу» энергияга ээ
болобуз. Күйгүзүү болсо «кычкылдануу» деген сөздөн көрүнүп тургандай, кычкылтек
менен реакцияга киргизүү аркылуу ишке ашырылат. Ошондуктан кычкылтек да татаал
организмдердин жашоосунун суу жана көмүртек сыяктуу эле негизги шарттарынын
бири.
Бизге энергия
берген «күйгүзүү» реакциясынын формуласы төмөнкүдөй:
көмүртек кошулмалары + кычкылтек --> суу + көмүр кычкыл газы + энергия
Жогорудагы реакциянын натыйжасында суу менен көмүр кычкыл газынан тышкары, көп өлчөмдө энергия да бөлүнүп чыгат. Реакцияда көрсөтүлгөн көмүртек кошулмаларынын башында суутек менен көмүртек атомдорунан түзүлгөн углеводороддор турат. Мисалы, глюкоза (б.а. кант) денебизде тынымсыз күйгүзүлүп, энергия алынган негизги углеводород.
Кызыгы,
углеводороддорду түзгөн суутек жана көмүртек атомдору кычкылдануу үчүн эң ыңгайлуу
атомдор болуп эсептелет. Суутек башка бардык атомдордун арасынан кычкылданганда
эң көп энергия бөлүп чыгарган атом. Башкача айтканда, кычкылтек күйгүзө ала
турган эң мыкты «күйүүчү зат». Көмүртек болсо «күйүүчү зат» баалуулугу жагынан
суутек менен бордон кийин үчүнчү орунда турат. «The Fitness of the Environment» (Айлана-чөйрөнүн ыңгайлуулугу) аттуу китептин автору Хендерсон бул «укмуш
пайдалуу шайкештикке» болгон таң калуусун белгилеп, мындай деп жазган: «физиология
үчүн мүмкүн болушунча эң жакшы натыйжаларды берген химиялык реакциялар ошол эле
учурда жашоого эң мыкты энергия берген реакциялар.»92
Оттун табияты (эмне үчүн күйүп кетпейбиз?)
Жогоруда каралгандай, организмдерге энергия берүүчү эң негизги реакция – бул көмүртек менен суутек кошулмаларынын кычкылданышы, б.а. күйүшү. Бирок бул жерде кызыктуу бир суроо туулушу мүмкүн: биздин денебиз да негизи көмүртек менен суутектин кошулмаларынан турат. Анда эмне үчүн денебиз да кычкылданбайт? Же, тагыраак айтканда, эмне үчүн денебиз ширеңкенин талындай болуп тутанып күйүп кетпейт?
Денебиздин кычкылтекке тийгенине карабастан, күйүп кетпеши чындыгында таң калыштуу.
Мунун себеби
кычкылтектин кадимки температуралардагы молекулярдык абалы болгон O2 молекуласынын негизинен инерттүү, б.а. реакцияга кирбеген формада болушу. Анда
башка суроо туулат: O2 оңойчулук менен реакцияга кирбеген молекула болсо,
анда бул молекула биздин денебиздин ичинде кантип реакцияга кирет?
19-кылымдан бери
кызыктырып келген бул суроонун жообу акыркы жарым кылымдагы ачылыштардын натыйжасында
аныкталган. Биохимиялык байкоолор адамдын денесиндеги кээ бир атайын
ферменттердин бир гана кычкылтектин атмосферадагы формасы болгон O2 молекуласын реакцияга киргизүү
милдетин аткараарын көрсөткөн. Клеткаларыбыздагы атайын ферменттер абдан татаал
процесстер аркылуу денебиздеги темир жана жез атомдорун катализатор (ылдамдаткыч)
катары колдонуп, кычкылтекти реактивдүү абалга алып келишет.93
Башкача айтканда,
бул жерде абдан кызыктуу бир жагдай бар: кычкылтек күйгүзүүчү элемент жана
кадимки шарттарда биздин денебизди да күйгүзүшү күтүлөт. Буга бөгөт коюу үчүн кычкылтектин
атмосферадагы формасы болгон O2 атайылап инерттүү кылынган, б.а. оңойчулук
менен реакцияга кирбейт. Бирок денебиз энергия алуу үчүн кычкылтектин күйгүзүү
касиетине муктаж. Ошондуктан клеткаларыбыздын ичине бул инерттүү газды абдан
реактивдүү абалга алып келе турган татаал фермент системасы орнотулган.
Ал ортодо сөз
кезеги келгенде, бул фермент системасынын «жашоо кокусунан пайда болгон» деген
ойду жактаган эволюция теориясы эч качан түшүндүрө албай турган бир жаратылуу
керемети экенин да белгилөө керек.94
Денебиз күтүүсүздөн
күйүп кетпеши үчүн дагы бир чара каралган. Бул англиялык химик Невил Сиджвиктин
сөзү менен айтканда «көмүртектин өзүнө мүнөздүү инерттүүлүгү».95 Башкача айтканда, көмүртек атому да кадимки
температураларда оңой эле кычкылтек менен реакцияга кире бербейт. Химиялык тил
менен сүрөттөлгөн бул касиетти негизи баарыбыз эле күнүмдүк жашообузда көргөн
болушубуз керек. Муздак абада отунду же көмүрдү тутанта албай кыйналышыбыздын себеби
көмүртектин ушул «өзүнө мүнөздүү инерттүүлүгү». Отту тутантуу үчүн бир топ
аракет кылып, отундун же көмүрдүн температурасын жакшылап жогорулатышыбыз керек
болот. От бир жалындап күйүп алган соң, көмүртек бат реакцияга кирет жана чоң
энергия бөлүнүп чыгат. Ошондуктан отту тутантуу (ширеңке ж.б. атайын каражаттар
болбосо) абдан кыйын болот. Бирок жалындап күйгөндөн кийин температура абдан
жогорулайт жана ал температура айланадагы башка көмүртек кошулмаларын да
тутантат.
Демек, негизи
от дагы абдан өзгөчө табиятка ээ. Кычкылтек менен көмүртектин химиялык
касиеттери абдан пландуу жөнгө салынган жана алар абдан жогору температурада
гана реакцияга кирип өрттү пайда кылышат. Эгер мындай болбогондо, жер бетинде
жашоо болмок эмес. Эгер кычкылтек менен көмүртектин реакцияга кирүү тенденциясы
жогорураак болгондо, абанын температурасы бир аз көтөрүлгөндө, адамдардын, дарактардын
жана жаныбарлардын күтүүсүздөн өрттөнүп башташы кадимки көрүнүшкө айланмак. Мисалы,
чөлдө бараткан бир адам температура чак түштө эң жогорку чегине жеткенде,
ширеңкенин талындай болуп күйүп башташы мүмкүн эле. Өсүмдүктөр менен жаныбарлар
да ушундай эле коркунучка кабылмак. Албетте, мындай дүйнөдө жашоо болмок эмес.
Эгер кычкылтек
менен көмүртектин өзүнө мүнөздүү инерттүүлүгү жогорураак болгондо, анда дүйнөдө
от тутантуу абдан кыйын болмок, балким эч мүмкүн болмок эмес. От болбосо адамдардын
жылынуу жана технологияны өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү болмок эмес. Себеби, белгилүү
болгондой, технология металлдардан жасалат жана металлдарды жумшартып калыпка
салуу үчүн абдан жогору температура керек.
Бул көмүртек
менен кычкылтектин химиялык касиеттеринин да адамзаттын жашоосуна эң ыңгайлуу экендигин
көрсөтөт. Майкл Дентон бул тууралуу мындай дейт:
Көмүртек жана кычкылтек атомдорунун
кадимки температуралардагы реакцияга кирбөө тенденциясы, реакцияга кирип
баштаган соң бөлүнүп чыккан эбегейсиз чоң энергия менен бирге, жер бетиндеги
жашоо үчүн абдан маанилүү жөнгө салынган. Татаал организмдердин контрольдуу
жана бир калыптуу энергия алышына жана, ошондой эле, адамзаттын отту
контрольдуу колдонуп, технологияга керектүү температураларды алышына көмүртек
менен кычкылтектеги ушул кызыктуу жөнгө салуу шарт түзөт.96
Башкача айтканда,
көмүртек да, кычкылтек да биздин жашообузга эң ыңгайлуу кылып жаратылган. Бул эки
элементтин касиеттери бизге от күйгүзүү жана ал отту эң ыңгайлуу колдонуу
мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондой эле, дүйнөнүн бүт тарабы курамында абдан көп
көмүртеги бар жана мындан улам отун катары эч кыйналбай колдонууга боло турган дарактарга
толтурулган. Булардын баары оттун жана отундардын да адамзаттын жашоосуна эң
ыңгайлуу кылып жаратылганын көрсөтөт. Аллах Куранда мындай дейт:
Ал (Аллах) силерге жашыл дарактан
от кылды, андан силер от жагасыңар. (Йасин Сүрөсү, 80)
Кычкылтектин идеалдуу ээригичтиги
Денебиздин кычкылтекти
колдоно алышы бул газдын суунун ичинде ээрүү касиетине таянат. Дем алганыбызда
өпкөлөрүбүзгө кирген кычкылтек ошол замат ээрип канга аралашат. Кандагы гемоглобин
аттуу белок ээриген кычкылтек молекулаларын кармап клеткаларга жеткирет. Клеткаларда
болсо жогоруда айтылган атайын фермент системалары аркылуу ал кычкылтек
колдонулуп, АТФ деп аталган көмүртек кошулмалары күйгүзүлүп, энергия алынат.
Бардык татаал
организмдер ушул система аркылуу энергия алышат. Бирок, албетте, бул системанын
иштей алышы эң биринчиден кычкылтектин ээрүү касиетинен көз-каранды. Эгер кычкылтек
жетиштүү деңгээлде ээригич болбогондо, канга абдан аз кычкылтек кирмек жана ал
клеткалардын энергия муктаждыгын камсыздоого жетмек эмес. Кычкылтек өтө ээригич
болсо, кандагы кычкылтектин көлөмү ашыкча көбөйүп, «кычкылдануудан уулануу»
келип чыгат.
Кызыгы, ар кайсы
газдардын суудагы ээригичтик деңгээлдери бири-биринен бир миллион эсеге
айырмаланат. Башкача айтканда, эң көп ээрүүчү газ менен эң аз ээрүүчү газдын ээригичтик
деңгээлдеринин ортосунда бир миллион эсе айырма бар. Дээрлик эч бир газдын ээригичтик
деңгээли бирдей эмес. Мисалы, көмүр кычкыл газы кычкылтекке салыштырмалуу сууда
жыйырма эсе жакшыраак ээрийт. Ушунчалык чоң айырмалардын арасында кычкылтектин
ээригичтик деңгээли биз үчүн эң ыңгайлуу чоңдукка ээ.
Кычкылтектин ээригичтиги
бир аз азыраак же көбүрөөк болсо эмне болмок?
Алгач биринчи
ыктымалдыкты карайлы. Эгер кычкылтек сууда (жана натыйжада канда) бир аз
азыраак ээрисе, канга азыраак кычкылтек аралашып, клеткаларга кычкылтек жетпей
калат. Натыйжада адамга окшогон зат алмашуусу жогору организмдердин жашашы
абдан кыйын болот. Мындай учурда канчалык көп дем алсак да, абадагы кычкылтек
клеткаларга жетиштүү өлчөмдө жетпегени үчүн, акырындан тумчугуу коркунучуна туш
болобуз.
Эгер кычкылтектин
ээригичтиги жогорураак болсо, анда жогоруда айтылгандай, «кычкылдануудан
уулануу» келип чыгат. Кычкылтек негизи абдан кооптуу газ жана организмге кадимки
чегинен көп киргенде организмдердин өмүрүнө коркунуч алып келет. Канда кычкылтектин
көлөмү жогорулаганда, ал кычкылтек суу менен реакцияга кирип, абдан реактивдүү
жана зыяндуу заттарды пайда кылат. Денеде кычкылтектин бул таасирин жоюучу
абдан татаал фермент системалары бар. Бирок эгер кычкылтектин деңгээли дагы бир
аз жогоруласа, ал фермент системалары ишке жарабайт жана денебиз дем алган
сайын көбүрөөк ууланып, кыска убакытта өлүмгө бет алат. Химик Ирвин Фридович
бул тууралуу мындай дейт:
Аба менен дем алган бардык организмдер
кызыктай бир тузакка кабылышкан. Алардын жашоосун колдогон кычкылтек ошол эле
учурда алар үчүн ууландыруучу касиетке ээ жана бул коркунучтан абдан кылдат кээ
бир атайын коргонуу механизмдери аркылуу коргонушат.97
Бизди бул
тузактан, б.а. кычкылтектен уулануу же болбосо кычкылтек жетпей тумчугуу коркунучтарынан
коргогон нерсе – бул, кычкылтектин ээригичтик деңгээлинин жана денедеги татаал
фермент системаларынын талап кылынгандай белгиленип, жаратылгандыгы. Тагыраак айтканда,
Аллах биз дем алган абаны да, ал абаны колдонушубузду камсыз кылган
системаларыбызды да кемчиликсиз шайкештик менен жараткан.
Башка элементтер
![]() |
| Жез |
Мезгилдик таблицада суутектен уранга чейин 92 элемент жайгашкан. (Урандан кийинки элементтер табиятта кездешпейт, азыр лабораторияда жасалат жана ансыз да туруктуу эмес.) Бул 92 элементтин 25и жашоо үчүн түздөн-түз керек. Алардын 11и, б.а. суутек, көмүртек, кычкылтек, азот, натрий, магний, фосфор, күкүрт, хлор, калий жана кальций тирүү организмдердин болжол менен 99,9%ын түзгөн негизги элементтер. Калган 14 элемент, б.а. ванадий, хром, марганец, темир, кобальт, никель, жез, цинк, молибден, бор, кремний, селен, фтор жана йод болсо организмдердин денелеринде абдан аз өлчөмдө болот, бирок маанилүү кызматтарды аткарышат. Мындан тышкары, мышьяк, калай жана вольфрам да кээ бир организмдерде кездешет жана бир катар толук ачыла элек кызматтарды аркалашат. Бром, стронций жана барий аттуу үч элементтин да тирүү организмдердин көпчүлүгүндө кездешээри белгилүү, бирок аткарган кызматтары азырынча белгисиз.98
Бул элементтер
мезгилдик таблицанын ар кайсы топторуна тиешелүү атомдорду камтыйт. (Мезгилдик
таблицада атомдор касиеттерине жараша топторго бөлүнөт.) Демек, мезгилдик
таблицадагы ар кайсы элемент топторунун баары кандайдыр бир жол менен жашоо
үчүн колдонулат. Фраусто да Силва жана Р. Дж. П. Уильямс «The Biological Chemistry of the Elements» (Элементтердин биологиялык химиясы) аттуу китебинде мындай деп жазышат:
Магний
Биологиялык элементтер мезгилдик таблицанын ар бир тобунан жана топчосунан кылдаттык менен тандалгандай көрүнөт жана бул ар кандай химиялык касиеттердин айлана-чөйрө шарттарынын чегинде жашоо функциялары менен байланыштуу экендигин көрсөтөт.99
Мезгилдик таблицанын
эң аягында жайгашкан радиоактивдүү элементтер болсо кыйыр жол менен болсо да,
кайра эле адамзаттын жашоосуна кызмат кылат. Майкл Дентон «Nature's Destiny» (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде терең баяндагандай, бул
радиоактивдүү элементтер, мисалы уран, жердин геологиялык түзүлүшүнүн
калыптанышында чоң роль ойногон. Жердин ядросундагы температуранын сакталышынын
радиоактивдүүлүк менен тыгыз байланышы бар. Ошол температурадан улам жердин
ядросунда суюк темир жыйындысы бар жана ал жердин магниттик талаасын сактап
турат. Мезгилдик таблицада жашоого таасири жоктой көрүнгөн инерттүү газдар
менен сейрек кездешкен металлдар болсо атомдун жасалуу процесси уранга чейин
созулушу үчүн басып өтүлүшү керек болгон мажбурлуу баскычтар болуп саналат.100
Кыскасы, ааламдагы
биз билген элементтердин баары кандайдыр бир жол менен адамзаттын жашоосуна
кызмат кылууда. Бирөөсү дагы жөн гана, максатсыз пайда болгон эмес. Бул ааламдын
Аллах тарабынан адам үчүн жаратылгандыгынын дагы бир далили.
Жыйынтык
Ааламдын изилденген
ар бир физикалык жана химиялык касиети жашоо үчүн дал талап кылынгандай
чыгууда. Изилдөөлөр канчалык көбөйтүлбөсүн, бул жалпы эреже өзгөрбөөдө. Ааламдын
бүт тарабында адамзаттын жашоосуна багытталган бир максат жана ал максатты
көздөгөн кемчиликсиз шайкештик, тартип жана тең салмактуулук бар.
Жана бул,
албетте, ааламды ушул максатта жараткан улуу Жаратуучунун бар экендигинин далили.
Заттын кайсы гана касиетин изилдебейли, затты жоктон жараткан Аллахтын чексиз
илимин, акылын жана кудуретин көрөбүз. Бүт баары Анын эркине моюн сунган жана
ошондуктан бүт баары кемчиликсиз гармонияда.
20-кылымдагы
илимдин бул тыянагы кайра эле адамдарга Куранда кабар берилген бир чындыкты
тастыктайт. Аллах ааламдын бүт тарабынын Анын кемчиликсиз жаратуусун көрсөтөөрүн
Куранда адамдарга төмөнкүчө билдирген:
Мүлк колунда болгон (Аллах) кандай улуу. Ал бүт нерсеге
кудуреттүү. Ал, амал (иш-аракеттери) жагынан кимиңердин жакшыраак болоорун
сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал улуу жана кудуреттүү, абдан
кечиримдүү. Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды
жараткан. Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал
келбестик» таба албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир
жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки
жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн үзүп чарчаган
абалда сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 1-4)
Булактар:
84. "Science Finds God", Newsweek, 27 Temmuz 1998
85. Robert E. D. Clark, The Universe: Plan or Accident?, London, Paternoster Press, 1961, s. 98
86. Fred Hoyle, Religion and the Scientists, London: SCM, 1959; M. A. Corey, The Natural History of Creation, Maryland: University Press of America, 1995, s. 341
87. David Burnie, Life, Eyewitess Science, London: Dorling Kindersley, 1996, s. 8
88. Nevil V. Sidgwick, The Chemical Elements and Their Compounds, vol 1. Oxford: Oxford University Press, 1950, s. 490
89. Nevil V. Sidgwick, The Chemical Elements and Their Compounds, vol 1., s. 490
90. J. B. S. Haldane, "The Origin of Life", New Biology, 1954, vol. 16, s. 12
91. Michael Denton, Nature's Destiny, s. 115-116
92. Lawrence Henderson, The Fitness of the Environment, Boston: Beacon Press, 1958, s. 247-48
93. L. L. Ingraham, "Enzymic Activation of Oxygen", Comprehensive Biochemistry, (ed. M. Florkin, E. H. Stotz), Amsterdam: Elsevier, vol. 14, s. 424
94. Кычкылтек менен дем алууну камсыз кылган татаал фермент системасы кантип пайда болгон деген суроо эволюция теориясы жооп бере албаган сансыз суроолордун бири. Бул фермент системасынын өзгөчөлүгү – бул анын толук иштегенде гана ишке жарашы, б.а. ал иштеши үчүн бир заматта толугу менен пайда болушу шарт. Эволюция теориясында айтылгандай, акырындап, баскычтуу түрдө пайда боло албайт.
95. Nevil V. Sidgwick, The Chemical Elements and Their Compounds, vol 1. Oxford: Oxford University Press, 1950, s. 490
96. Michael Denton, Nature's Destiny, s. 122-123
97. Irwin Fridovich, "Oxygen Radicals, Hydrogen Peroxide, and Oxygen Toxicity", Free Radicals in Biology, (ed. W. A. Pryor), New York: Academic Press, 1976, s. 239-240
98. J. J. R. Fraústo da Silva, R. J. P. Williams, The Biological Chemistry of the Elements, Oxford: Oxford University Press, s. 3-4
99. J. J. R. Fraústo da Silva, R. J. P. Williams, The Biological Chemistry of the Elements, s. 5








Комментарии
Отправить комментарий