Сообщения

Сообщения за февраль, 2021

КИРИШ СӨЗ: МАТЕРИАЛИЗМДИН ИЛИМИЙ КЫЙРАШЫ

Изображение
  Материализмди илимий көз-караш деп мындан ары эч ким айта албайт. Артур Кестлер, белгилүү ойчул. 1   Биз жашап жаткан учу-кыйырсыз аалам кантип пайда болгон? Бул ааламдагы тең салмактуулук, гармония жана тартип кантип келип чыккан? Биз жашап жаткан жер планетасы кантип биздин жашообузга ушунчалык ыңгайлуу болуп калган? Бул суроолор эзелтеден бери адамдарды кызыктырып келген. Бул суроолорду акылмандык менен караган илимпоздор менен ойчулдардын баары бир эле жыйынтыкка келишкен: ааламдагы бул тартип бүт ааламды башкарган, кудуреттүү Жаратуучу, Улуу Аллахтын бар экендигинин бир далили. Акыл, абийир жана далилдер аркылуу жетүүгө мүмкүн болгон бул жыйынтык – акыйкаттын дал өзү. Аллах адамдарга жол башчы кылып 14 кылым мурда Пайгамбар Мырзабызга (сав) вахий кылган Куранда бул акыйкатты билдирген. Аллах Куранда ааламды жоктон жаратканын жана белгилүү бир максат менен тартипке салганын, ааламдагы бардык системалар менен тең салмактуулуктарды адамзаттын жашоосу үчүн пайда...

БИРИНЧИ БӨЛҮМ: ААЛАМДЫН ЖОКТОН ЖАРАТЫЛУУСУ

Изображение
  Салт катары, « Big Bang » теориясы ааламдын бүт бөлүктөрү бир заматта кеңейип баштаган деп кабыл алат. Бирок ааламдын бардык бөлүктөрү кантип бирдей кеңейе баштаган? Буйрукту ким берген? Андрей Линде, космологи я профессор у 2     Ааламдын жаратылуусу мындан бир кылым мурда астрономдордун көпчүлүгү тарабынан көңүл бурулбаган бир түшүнүк болгон. Себеби 19-кылымдын илим түшүнүгү «аалам түбөлүктөн бери бар» деген гипотезаны кабыл алган. Ааламды изилдеген илимпоздордун көпчүлүгү «материялардын баары түбөлүктөн бери бар» деп ойлошуп, аалам «жаратылган», б.а. бир башталышы бар деп эч ойлонушкан эмес. Мындай «түбөлүктүү аалам» түшүнүгү батыштын көз-карашына материалисттик философия аркылуу кирген. Байыркы Грецияда пайда болгон бул философия «заттан башка эч нерсе жок жана аалам түбөлүктүү» деген ойду жактаган. Негизи чиркөө башкарып турган мезгилде материализмге жол берилген эмес. Бирок ренессанстан (кайра жаралуудан) кийин батыштык илимпоздор менен ойчулдардын ...

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ: ЖАРЫЛУУДАГЫ ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК

Изображение
  Ааламдын жарылуу ылдамдыгы кереметтүү тактык менен белгиленген. Ошондуктан чоң жарылуу жөнөкөй бир жарылуу эмес, бүт жагынан эң мыкты эсептелип, жөнгө салынган бир процесс. Пол Дэвис, физика профессору 17   Мурдакы бөлүмдө ааламдын чоң жарылуу (Big Bang: Биг бенг) аркылуу жоктон пайда болгонун карадык. Эми бул маалыматтын негизинде ой жүгүртөлү. Ааламдын азыркы түзүлүшүнө көз жүгүртүп ойлонолу. Ааламдын ичинде болжол менен 300 миллиард галактика бар. Алардын белгилүү формалары бар, спираль формасындагы, ээлипс формасындагы галактикалар сыяктуу. Ал галактикалардын ар биринде ошончо санда жылдыз бар. Ошол жылдыздардын бирөөсү болгон күндүн айланасында болсо укмуш гармонияда айланган 9 планета бар. Алардын үчүнчүсүнүн үстүндө азыр биз жашап жатабыз. Бул аалам сизге бир жарылуунун натыйжасында айланага туш келди чачылган бир заттын жыйындысындай сезилеби? Туш келди чачылган заттар кантип тартиптүү галактикаларды пайда кыла алсын? Эмне үчүн заттар белгилүү жерлерге ...