КИРИШ СӨЗ: МАТЕРИАЛИЗМДИН ИЛИМИЙ КЫЙРАШЫ

 

Материализмди илимий көз-караш деп мындан ары эч ким айта албайт.

Артур Кестлер, белгилүү ойчул.1

 

Биз жашап жаткан учу-кыйырсыз аалам кантип пайда болгон?

Бул ааламдагы тең салмактуулук, гармония жана тартип кантип келип чыккан?

Биз жашап жаткан жер планетасы кантип биздин жашообузга ушунчалык ыңгайлуу болуп калган?

Бул суроолор эзелтеден бери адамдарды кызыктырып келген. Бул суроолорду акылмандык менен караган илимпоздор менен ойчулдардын баары бир эле жыйынтыкка келишкен: ааламдагы бул тартип бүт ааламды башкарган, кудуреттүү Жаратуучу, Улуу Аллахтын бар экендигинин бир далили.

Акыл, абийир жана далилдер аркылуу жетүүгө мүмкүн болгон бул жыйынтык – акыйкаттын дал өзү. Аллах адамдарга жол башчы кылып 14 кылым мурда Пайгамбар Мырзабызга (сав) вахий кылган Куранда бул акыйкатты билдирген. Аллах Куранда ааламды жоктон жаратканын жана белгилүү бир максат менен тартипке салганын, ааламдагы бардык системалар менен тең салмактуулуктарды адамзаттын жашоосу үчүн пайда кылганын кабар берет.

Аллах аяттарда адамды бул маанилүү акыйкат тууралуу ой жүгүртүүгө төмөнкүчө чакырат:

Силерди жаратуу кыйынбы же асмандыбы? Аны курду. Анын шыбын бийик кылып, белгилүү бир тартип берди. Түнүн караңгы кылып, жарыгын чыгарды. Андан соң жерден суусун жана жайытын пайда кылды. (Назиат Сүрөсү, 27-30)

Аллах, ошондой эле, ааламдагы бардык системаларды жана тең салмактуулуктарды адам үчүн жаратканын жана адамдын муну байкап, бул акыйкат тууралуу ой жүгүртүп, андан сабак алышы керек экенин билдирет:

Түндү, күндүздү, күндү жана айды силердин буйругуңарга берди; жылдыздар дагы Анын буйругу менен кызматка даяр кылынган. Күмөнсүз, мында акылын колдоно алган бир коом үчүн аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 12)

Курандагы башка бир аятта болсо Улуу Аллах мындай деп билдирет:

(Аллах) Түндү күндүзгө киргизет, күндүздү болсо түнгө киргизет; күн менен айды моюн сундуруп койгон, ар бири белгиленген убакытка чейин агып жүрөт. Мына ушуларды (жаратып жөнгө салган) Аллах силердин Раббиңер; мүлк Аныкы. Андан башка сыйынгандарыңар болсо «бир уруктун ичке чел кабыгына» де ээ (малик) боло алышпайт. (Фатыр Сүрөсү, 13)

Куранда кабар берилген бул акыйкат заманбап астрономияны түптөгөн көптөгөн белгилүү илимпоздор тарабынан да кабыл алынган. Галилей, Кеплер, Ньютон сыяктуу инсандар ааламдын, күн системасынын түзүлүшүн, физика мыйзамдарын жана тең салмактуулуктарын ачкан сайын алардын баарынын Аллах тарабынан жаратылганын түшүнүшкөн.



 

Материализм: 19-кылымдын жаңылыштыгы

Жогоруда каралган жашоонун жаралуу акыйкаты тарыхтын байыркы замандарынан бери бир философиялык көз-караш тарабынан четке кагылып келет. Ал философиянын аты материализм. Алгач Байыркы Грецияда пайда болуп, кийин ар кайсы маданияттар же кишилер тарабынан жакталып келген бул философия «зат түбөлүктөн бери бар» деп ишенет. Ошондуктан «аалам да түбөлүктөн бери бар, башкача айтканда, Аллах тарабынан жаратылган эмес» деген туура эмес ойду жакташат. (Аллахты аруулайбыз.)

Материалисттер «аалам түбөлүктөн бери бар» деп айтуу менен бирге, «ааламда белгилүү бир максат жана атайын жаратылган кемчиликсиз бир тартип жок» деген ойду да айтышат. Ааламдагы тең салмактуулук жана гармониянын бүт баарын кокусунан пайда болгон дешет. Бул «кокустук» түшүнүгү кийинчерээк «жандыктар кантип пайда болгон» деген суроого да колдонулган. Ошентип эволюция теориясы же дарвинизм деп аталган көз-караш материализмди табиятка ылайыкташтыруудан келип чыккан.

Заманбап астрономиянын негиздөөчүлөрүн ааламдын Аллах тарабынан жаратылып, тартипке салынганына ишенген кишилер болушкан деп айттык. Бирок 19-кылымда илим дүйнөсүнүн түзүлүшүндө бир өзгөрүү болгон. Материализм бир катар чөйрөлөр тарабынан атайылап илим дүйнөсүндө жайылтылган. 19-кылымдагы саясий жана коомдук бир катар шарттар материализмге колдоо көрсөткөнү үчүн, бул философия илим дүйнөсүндө да кеңири кабыл алына баштаган. Бирок илимий ачылыштар материализм көз-карашынын канчалык чындыктан алыс экенин бүгүнкү күндө толук ачып көрсөттү.

 

20-кылымдын илимий тыянактары

Материализмдин аалам жөнүндөгү жогоруда айтылган эки көз-карашын эстейли:

Белгилүү "Newsweek" журналы
1998-жылдын 27-июльдагы санында
"Илим Аллахты табууда" деп
жарыялаган.

«Аалам түбөлүктөн бери бар, б.а. жаратылган эмес» деген көз-караш.

«Ааламда эч кандай тартип, план жана максат жок, бүт баары кокусунан пайда болгон» деген көз-караш.

19-кылымдын материалисттери ошол доордун примитивдүү илим деңгээлине таянып, жалындуу жактаган бул эки көз-караш тең 20-кылымдын илимий ачылыштары тарабынан кулатылды.

Алгач «аалам түбөлүктөн бери бар» деген көз-караш тарыхка айланды. 1920-жылдардан баштап ааламдын түзүлүшү тууралуу алынган маалыматтар ааламдын белгилүү бир убакыт мурда «чоң жарылуунун» (big bang: биг бенг) натыйжасында жоктон бар болгонун далилдеди. Башкача айтканда, аалам түбөлүктүү эмес, Аллах тарабынан жоктон жаратылган.

20-кылымдын илими тарабынан кулатылган экинчи көз-караш болсо – бул «кокустук» көз-карашы. 1960-жылдардан баштап жүргүзүлгөн изилдөөлөр ааламдагы бардык физикалык тең салмактуулуктардын адамзаттын жашоосу үчүн абдан кылдат жөнгө салынганын көрсөттү. Изилдөөлөр тереңдеген сайын, ааламдагы физика, химия жана биология мыйзамдарынын, тартылуу күчү, электромагнетизм сыяктуу фундаменталдык күчтөрдүн, атомдордун жана элементтердин бардык түзүлүштөрүнүн адамзаттын жашоосуна эң ыңгайлуу кылып жөнгө салынганын бир-бирден аныктады. Батыштын илимпоздору учурда бул кереметтүү тартипти «антроптук принцип» (anthropic principle) деп аташууда. Башкача айтканда, ааламдагылардын бүт баары адамзаттын жашоосун көздөп жаратылган.

Кыскасы, бүгүнкү күндө материализм илимий жактан кыйратылды. 19-кылымда илимдин атынан пайда болуп, бирок кыска убакытта абдан чоң жеңилүүгө дуушар болду.

Бул табигый нерсе болчу. Анткени Аллах «Биз асманды, жер жүзүн жана экөөнүн арасындагы нерселерди негизсиз (жөн гана) жараткан жокпуз. Бул чындыкты тангандардын күмөнү» (Сад Сүрөсү, 27) деп билдиргендей, аалам «негизсиз», б.а. жөн гана, эч бир максатсыз жаратылган деген көз-караш чындыкка сыйбаган бир күмөн гана. Бул күмөндөн келип чыккан бардык көз-караштардын акыйкаттын алдында жеңилүүгө туш болоору анык.

Бул китепте ушул акыйкаттын далилдерин чогуу карайбыз. Материализмдин илим тарабынан кыйратылганын көрөбүз жана ааламдын Аллах тарабынан канчалык улуу жана кемчиликсиз жаратуу менен жаратылганына күбө болобуз.


Булактар:

1. Arthur Koestler, Janus: A Summing Up, New York: Vintage Books, 1978, s. 250.

Комментарии

  1. Я порекомендую всем, кто ищет бизнес-ссуду, мистеру Бенджамину, который помог мне с ссудой в четыре миллиона долларов, чтобы начать свой бизнес, и это было быстро. Когда они получали ссуду, было удивительно, насколько легко с ними было работать. Процесс был быстрым и безопасным. это был определенно положительный опыт. избегайте мошенников здесь и связались с мистером Бенджамином. 247officedept@gmail.com. whatsapp ... + 19893943740. если вы ищете бизнес-кредит.

    ОтветитьУдалить

Отправить комментарий

Популярные сообщения из этого блога

АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ: НУРДУН КЕМЧИЛИКСИЗ ТҮЗҮЛҮШҮ

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ: ЖАРЫЛУУДАГЫ ТЕҢ САЛМАКТУУЛУК

СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ: ЖАШООГО ЫЛАЙЫКТАЛГАН ЭЛЕМЕНТТЕР