БЕШИНЧИ БӨЛҮМ: КӨГҮЛТҮР ПЛАНЕТА
Жер планетасы
атмосферасы жана океандары менен, татаал
биосферасы менен,
ылайыктуу кычкылданган кыртышы менен,
бай кремний
кендери менен, чөкмө жана катуу тектери менен,
бай мөңгүлөрү, чөлдөрү,
токойлору, тундралары, жайыттары,
тузсуз көлдөрү,
көмүр жана мунайзат кендери, вулкандары,
жаныбарлары,
өсүмдүктөрү, магниттик талаасы, океандын
түбүнүн формалары
жана кыймылдуу магмасы менен...
Күн системасынын борборун көздөй дагы бир аз жылганыңызда, Нептунга жолугасыз. Бул планета да абдан «суук»: үстүңкү бетинин температурасы орточо -218°C. Суутек, гелий жана метан газдарынан турган атмосферасы адам үчүн уулуу. Ошондой эле, планетанын үстүңкү бетинде ылдамдыгы саатына 2000 километрге жеткен коркунучтуу бороондор болот.
Борборду көздөй
дагы бир аз жылганда Уранга жетесиз. Уран кыртышында жогорку өлчөмдө таш менен
музду камтыган бир «газ планета». Атмосферанын температурасы орточо -214°C. Суутек, гелий жана метанды камтыган атмосфера жашоо үчүн таптакыр
ылайыктуу эмес.
Сапарыңызды
улантканда Сатурнга барасыз. Күн системасынын көлөмү боюнча экинчи орунда
турган бул планетасы айланасындагы шакектери менен белгилүү. Ал шакектер газ,
муз жана таштын сыныктарынан турат. Эң кызыгы – бул Сатурндун түзүлүшү. Ал
толугу менен бир газ планета; массасынын 75%ы суутектен жана 25%ы гелийден турат. Тыгыздыгы суунун
тыгыздыгынан да төмөн. Ошондуктан эгер Сатурнга космос кемесин кондурам
десеңиз, анын долбоорун сүзө ала турган «үйлөмө кайыкка» окшоштуруп жасашыңыз
керек болот. Анын да температурасы абдан төмөн: -178°C.
Дагы бир аз
жүргөнүңүздө күн системасынын эң чоң планетасы болгон Юпитерге жетесиз. Массасы
жерден 318 эсе чоң болгон Юпитер да газдан турган бир планета. Юпитер
планетасынын атмосферасын, үстүңкү бетин жана ички түзүлүшүн айырмалоо кыйын
болгондуктан, «атмосферанын температурасы» деген түшүнүктү айтуу да ошончолук кыйын.
Бирок планетанын атмосферасы деп эсептөөгө боло турган үстүңкү бөлүктөрүндөгү
температура -143°Cге барабар. Юпитердин бетиндеги чоң кызыл
түстөгү такты жердеги байкоочулар болжол менен 300 жылдан бери байкап келишүүдө.
Ал кызыл тактын ичине жер планетасынан экөө бата турганчалык чоң бороон
экендиги ушул кылымда гана белгилүү болду. Кыскасы, Юпитер – үстүндө эч бир
кургактык кездешпеген, ызгаардуу суук өкүм сүргөн, кылымдарга созулган
эбегейсиз бороондор орун алган, магниттик талаасы менен ар кандай организмди
заматта өлтүрө турган кооптуу бир планета. Юпитерден кийин Марс келет. Марстын
атмосферасы көмүр кычкыл газы басымдуулук кылган уулуу аралашма. Планетанын
бетинде суу такыр жок. Үстүңкү бетинде метеориттердин сүзгөнүнөн пайда болгон
эбегейсиз чоң кратерлер көзгө урунат. Абдан күчтүү шамалдар жана айлап созулган
кум бороондору өкүмчүлүк кылат. Температурасы -53°Cдин тегерегинде. Ал тууралуу ар кандай спекуляциялар айтылганы менен, Марс
өлүү планета.
Марстан кийин
алдыбыздан чыккан көгүлтүр планетаны, б.а. жерди азырынча койо туралы. Андан
кийин бара турган планетабыз Венера болот. Венерада буга чейин айтылган
тоңдуруучу сууктардын тескерисинче, куйкалаган аптап өкүм сүрөт. Үстүңкү
бетинде температура болжол менен 450°Cге чейин жетет.
Мындай аптапта коргошун да ээрип кетет. Венеранын дагы бир өзгөчөлүгү, анын
атмосферасында көмүр кычкыл газы басымдуулук кылып, оор болот. Атмосферанын
басымы үстүңкү бетте 90 атмосфераны түзөт. Бул жердеги океандын 1 км
тереңиндеги басымга барабар. Венеранын атмосферасында, мындан тышкары, калыңдыгы
бир канча километрге жеткен күкүрт кислотасы катмарлары бар. Ошондуктан
планетада тынымсыз өлүмгө алып келүүчү кислоталуу жаан жаайт. Тозокту
элестеткен мындай шартта бир да жандык жашай албайт.
Күндү көздөй
сапарыңызды улантсаңыз, системанын эң башында жайгашкан Меркурий планетасына жетесиз.
Меркурийдин эң кызыктуу өзгөчөлүгү – бул өзүнүн огунда абдан жай айланышы. Өз
огунда айлануу ылдамдыгы дээрлик күндүн айланасындагы айлануу ылдамдыгындай жай.
Меркурий күндүн айланасында эки жолу айланганда, өзүнүн огунда болгону үч жолу
айланган болот. Башкача айтканда, эки жылы үч күнүнө барабар. Түн менен
күндүздүн мынчалык көпкө созулушу планетанын бир бетин куйкалап, экинчи бетин
тоңдурат. Ошондуктан түн менен күндүздүн ортосундагы температуранын айырмасы болжол
менен 1000°Cге жетет. Албетте, мындай шартта эч бир
жандык жашай албайт.
![]() |
| Күн системасындагы планеталардын арасында өзгөчөлүктөрү жагынан жерге эң жакын болгон Марс дагы чындыгында жерге эч окшобойт жана кургак, өлүү таштардын жыйындысынан турат. |
Кыскасы, күн
системасындагы белгилүү болгон тогуз планетанын сегизинин (жана алардын бул
жерде каралбаган 53 спутнигинин) арасында жашоого ылайыктуу бир дагы асман
телосу жок. Бүт баары өлүк жана жымжырт заттардын жыйындысы.
Бирок жер
планетасы болсо башкаларга такыр окшобойт. Анткени атмосферасынан үстүңкү
бетинин формаларына, температурасынан магниттик талаасына, элементтеринен күнгө
болгон аралыгына чейин, бардык тең салмактуулуктары менен, бүт тарабынан
жашоого ыңгайлуу кылып жаратылган.
![]() |
| Венеранын үстүңкү бетинде температура болжол менен 450°Cге чейин жетет. Мындай аптапта коргошун да ээрип кетет. |
«Адаптация» жаңылыштыгына карата эскертүү
Бул бөлүмдө биз
жашап жаткан жер планетасынын атайын жашоо үчүн жаратылганын жана бардык өзгөчөлүктөрүнүн
ушул максатка ылайык белгиленгенин карайбыз. Бирок башында муну туура түшүнүү
үчүн бир эскертүү жасоо пайдалуу болот. Бул эскертүү өзгөчө эволюция теориясын
илимий чындык катары кабыл алууга көнүп калган жана «адаптация» түшүнүгүнө
бекем ишенген кишилерге арналат.
Адаптация
«көнүшүү, байырлоо» деген маанини билдирет. Бардык жандыктар кокустуктардын
натыйжасында бири-биринен келип чыккан деген көз-карашты жактаган эволюция
теориясы болсо адаптация түшүнүгүн абдан кеңири колдонот. Эволюционисттер жандыктар
айлана-чөйрөнүн шарттарына көнүшүп отуруп, аягында жапжаңы жандык түрлөрүнө
айланат дешет. Бул көз-караштын жараксыздыгын, жандыктардын табигый шарттарга
көнүшүү механизмдеринин белгилүү бир чектен чыкпай турганын жана эч качан бир
түрдү башка бир түргө айландыра албашын башка эмгектерибизде караганбыз.55 (Эволюция жаңылыштыгы бөлүмүн караңыз.) Негизи
адаптация аркылуу эволюция түшүнүгү Ламарк доорунун примитивдүү илим
деңгээлинин бир калдыгы жана эбак эле илимий ачылыштар тарабынан четке кагылган.
Бирок илимий
пайдубалы жок болсо да, адаптация түшүнүгү көп адамга таасир берет. Өзгөчө бул
жерде сөз болуп жаткан жагдай жагынан. Мындай адамдарга «жер жашоо үчүн өзгөчө
бир планета» деп айтылчу болсо, ошол замат «ушундай планетанын шарттарында
ушундай жашоо келип чыккан, башка планеталарда башкача жашоолор келип чыгышы
мүмкүн» деген сыяктуу ойго келишет. Мисалы, жер бетинде биз сыяктуу адамдар
жашаса, Плутонго окшогон бир планетада -238°Cде тердеген, кычкылтектин ордуна гелий менен дем алган же суунун ордуна
күкүрт кислотасын ичкен кичинекей жашыл кишилер жашашы мүмкүн деп ойлошот.
Голливуд студияларында тартылган, ойдон чыгарылган кичинекей жашыл кишилерди
чагылдырган бир катар фантастикалык тасмалар да мындай кишилердин фантазиясын
ансайын бекемдейт.
Бирок мындай
фантазиялар караңгылыктан келип чыгат. Биологияны жана биохимияны билген
эволюционисттер мындай фантазияларды жактабайт. Себеби жашоонун бир гана
белгилүү элементтер менен жана белгилүү шарттар аткарылганда гана болоорун эң
жакшы билишет. Кичинекей жашыл кишилер тууралуу жомокторду жактагандардын дээрлик
бүт баары эволюция түшүнүгүнө ойлонбой ишенген, бирок биология жана биохимия
тууралуу дээрлик эч нерсе билбеген жана ошол сабатсыздыктан келип чыккан эр
жүрөктүк менен ар кандай сценарийлерди ойлоп чыгарган кишилер.
Ошондуктан
ушундай адаптация жаңылыштыгын четке кагуу үчүн белгилей кетели: жашоо бир гана белгилүү элементтер менен
жана белгилүү шарттар аткарылганда гана бар боло алат. Илимий негизи бар
бирден бир жашоо модели – бул, «көмүртек
негиздүү жашоо», жана илимпоздор ааламдын эч бир жеринде башкача физикалык
жашоо болушу мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келишкен.
Көмүртек
мезгилдик таблицадагы алтынчы элемент. Бул атом жердеги жашоонун пайдубалы,
себеби бардык негизги органикалык молекулалар (аминокислоталар, белоктор,
нуклеиндик кислоталар ж.б.) көмүртек атомунун башка кээ бир атомдор менен ар
кандай формада биригишинен пайда болот. Көмүртек суутек, кычкылтек жана азот
сыяктуу башка атомдор менен биригип, денебиздеги миллиондогон түрдүү белокторду
пайда кылат. Көмүртекти алмаштыра ала турган башка бир дагы элемент жок,
анткени алдыдагы бөлүмдөрдө карала тургандай, башка эч бир элемент көмүртектей
чексиз байланыштарды түзүү касиетине ээ эмес.
Ошондуктан
ааламдагы кандайдыр бир планетада жашоо боло турган болсо, ал сөзсүз түрдө
«көмүртек негиздүү» жашоо болушу шарт.56
Көмүртек
негиздүү жашоонун болсо өзгөрүлгүс кээ бир эрежелери бар. Мисалы, көмүртек
негиздүү органикалык кошулмалар (мисалы, белоктор) белгилүү температура
аралыгында гана жашай алышат. 120°Cден жогору
температурада ажырай башташат жана -20°Cден төмөн температурада
болсо тоңо башташат. Бир гана температура эмес, жарык, тартылуу күчү,
атмосферанын курамы, магниттик күч сыяктуу факторлор да көмүртек негиздүү
жашоого шарт түзүү үчүн абдан кууш, белгилүү чектердин ичинде болушу зарыл.
Жерде дал ушундай кууш, белгилүү чектер сакталган. Эгер бул чектердин бирөөсү
эле бузулса, мисалы жердин беттик температурасы 120°Cден ашса, анда жердин бетинде жашоо жок болот.
Ошондуктан жерде
да, башка бир планетада да -238°Cде тердеген, кычкылтектин ордуна гелий
менен дем алган же суунун ордуна күкүрт кислотасын ичкен кичинекей, жашыл
кишилердин жашашы мүмкүн эмес. Жашоо абдан өзгөчө, белгилүү шарттар аткарылган
чөйрөдө гана болушу мүмкүн. Башкача айтканда, организмдер атайын алар үчүн
пландалган бир жерде гана жашай алышат.
Жер планетасы
Аллах тарабынан атайын организмдер жашашы үчүн жаратылган бир мекен.
Жердин температурасы
Жердин жашоо үчүн эң керектүү шарттары, биринчиден, температурасы менен атмосферасы. Көгүлтүр планета организмдер, өзгөчө биз сыяктуу абдан татаал жандыктар жашай ала турган температурага жана дем ала алчу атмосферага ээ. Бирок бул эки фактор бири-биринен абдан айырмаланган факторлордун бүт баарынын идеалдуу өлчөмдө белгиленишинен келип чыккан.Алардын бири жер менен күндүн ортосундагы аралык. Албетте, жер күнгө Венерадай жакын же Юпитердей алыс болгондо, анын температурасы жашоого ылайыктуу болмок эмес. Көмүртек негиздүү органикалык молекулалар, жогоруда айтылгандай, 120°C менен -20°Cдин ортосундагы температурада пайда боло алат. Күн системасында мындай температурага ээ болгон жалгыз планета – бул, жер планетасы.
Бүт ааламды
ойлонгонубузда, жашоого керектүү болгон мындай температура аралыгына жетүүнүн
абдан кыйын экенин көрөбүз. Анткени ааламдын ичиндеги температуралар эң ысык
жылдыздардын ичиндеги миллиарддаган градустук ысыктан «абсолюттук нөл» чекити
болгон -273,15°Cге чейин өзгөрөт. Ушунчалык чоң
температура интервалынын ичинде көмүртек негиздүү жашоого мүмкүнчүлүк берген
температура аралыгы абдан эле тар интервалды түзөт. Бирок жердеги температура
дал ушул аралыкка туура келет.
Америкалык геологдор Фрэнк Пресс менен
Раймонд Сивер да жердин бетиндеги температурага көңүл бурушкан. Алар
белгилегендей, «жашоо белгилүү чектеги
температура аралыгында гана боло алат... жана бул температура аралыгы
күндүн температурасы менен абсолюттук нөлдүн ортосундагы ыктымалдуу
температуралардын болжол менен 1%дык бөлүгүн түзөт. Жердин температурасы дал ушул тар аралыкка туура келет.»57
Мындай
температура аралыгынын сакталышы, албетте, күн менен жердин ортосундагы
аралыктан тышкары, күндөн бөлүнүп чыккан жылуулук энергиясы менен да тыгыз
байланышта. Эсептөөлөр боюнча, жерге келген күндүн энергиясы 10%га азайса, жердин бетин калыңдыгы бир канча метрге жеткен муз катмары каптайт.
Энергия бир аз көбөйсө, бардык жандыктар куйкаланып өлүп жок болот.
Жердин идеалдуу
температурасынын планетада тең салмактуу таралышы да абдан маанилүү. Бул тең
салмакты камсыз кылуу үчүн бир катар өзгөчө чаралар көрүлгөн.
Мисалы, жердин
огундагы 23,44°тук жантайуу уюлдар
менен экватордун ортосундагы атмосферанын пайда болушуна жолтоо болуу
ыктымалдыгы болгон ашыкча ысыкка бөгөт койот. Эгер мындай жантайуу болбогондо,
уюлдар менен экватордун ортосундагы температуранын айырмасы абдан чоң болмок
жана атмосфера жашоого ылайыктуу болбой калмак.
Жердин өз огунда
ылдам айланышы да температуранын тең салмактуу таралышына салым кошот. Жер
болгону 24 сааттын ичинде өз огун айланып бүтөт жана мындан улам түндөр менен
күндүздөрдүн мөөнөтү кыска болот. Кыска болгону үчүн түн менен күндүздүн
температурасындагы айырма абдан аз болот. Бул тең салмактын маанисин бир күнү
бир жылынан да көбүрөөккө созулган жана ошондуктан түн менен күндүздүн
температураларындагы айырма 1000°Cге жеткен Меркурийге
салыштырганда жакшыраак түшүнүүгө болот.
Жер жүзүнүн
формасы да температуранын тең салмактуу таралышына жардам берет. Жердин
экватору менен уюлдарынын ортосунда болжол менен 100°C айырма бар. Эгер температурадагы мындай айырма көп тоо кыркалары болбогон
бир тегиздикте келип чыкканда, ылдамдыгы саатына 1000 километрге жеткен
бороондор жерди талкаламак. Бирок жер жүзү температурадагы айырмадан келип
чыгуучу күчтүү аба агымдарын тосо турган тоо кыркалары менен жабдылган. Бул тоо
кыркалары Кытайда Гималайлардан баштап, Анатолияда Торос тоолору менен уланат
жана Европада Альп тоолоруна чейин созулуп, батышта Атлантика океанына, чыгышта
Тынч океанга кошулат. Океандарда болсо экватордо пайда болгон ашыкча жылуулук
суунун температурадагы айырманы даражалуу түрдө тең салмакка салышы аркылуу
түндүк менен түштүккө өткөрүлөт.
Ал ортодо жердин
атмосферасында температураны тынымсыз жөнгө салып туруучу бир катар автоматтык
системалар да бар. Мисалы, бир аймак катуу ысып кеткенде суунун буулануусу
күчөп, булуттар көбөйөт. Ал булуттар күндөн келген нурлардын бир бөлүгүн
чагылтып, астындагы абанын жана жердин бетинин андан да катуу ысышына бөгөт
койот.
Жердин массасы жана магниттик талаасы
Жердин күнгө
чейинки аралыгы, айлануу ылдамдыгы жана бетинин формаларынан тышкары, көлөмү да
маанилүү. Жер планетабызды жердин массасынын 8%ынчалык эле массага ээ болгон Меркурийге же жерден 318 эсе чоң массага ээ
болгон Юпитерге салыштырганыбызда, планеталардын көлөмүндө абдан чоң айырмалар
болушу мүмкүн экенин көрөбүз. Көлөмү жагынан бири-биринен ушунчалык
айырмаланган планеталардын арасынан жер планетасынын көлөмү кокусунан ушундай
белгиленип калганбы?
Жок! Жер шарынын
өзгөчөлүктөрүн карап көргөндө, бул планетанын дал талап кылынгандай көлөмдө
экенин көрөбүз. Америкалык геологдор Фрэнк Пресс менен Раймонд Сивер жердин бул
жагынан «ыңгайлуулугу» тууралуу мындай маалыматтарды беришет:
Жердин
көлөмү дал талап кылынган чоңдукка ээ. Мындан кичирээк
болсо тартылуу күчү абдан алсыздап, атмосфераны жердин айланасында кармай алмак
эмес, чоңураак болсо, анда тартылуу күчү абдан жогоруламак жана кээ бир уулуу газдарды
да кармап, атмосферанын курамын өлтүрүүчү кылып коймок...58
Жердин
массасынан тышкары, ички түзүлүшү да жашоо үчүн өзгөчө түзүлүшкө ээ. Ички
түзүлүшүндөгү катмарлар себептүү жердин магниттик талаасы бар жана бул
магниттик талаа жашоонун корголушунда абдан маанилүү. Пресс менен Сивер муну
мындайча түшүндүрүшөт:
Жердин ядросу болсо абдан кылдат тең
салмакталган жана радиоактивдүүлүк тарабынан камсыз кылынган бир жылуулук
мотору... Эгер бул мотор жайыраак иштегенде, материктер азыркы түзүлүшүнө жете
алмак эмес... Темир эч качан ээрибей, борбордогу суюктук ядрого түшмөк эмес
жана натыйжада жердин магниттик талаасы эч качан пайда болмок эмес... Эгер
жердин радиоактивдүү күйүүчү заты көбүрөөк болуп, жылуулук мотору ылдамыраак
иштегенде, вулкандык булуттар күндү тосуп кала турганчалык калыңдыкка жетип,
атмосферанын тыгыздыгы абдан жогоруламак жана жердин бетинде дээрлик күн сайын
вулкан атылып, жер титирөөлөр болмок.59
Фрэнк Пресс менен Раймонд Сивер сөз кылган магниттик талаанын жашообуз үчүн мааниси абдан чоң. Бул магниттик талаа, жогоруда айтылгандай, жер шарынын ядросунун түзүлүшүнөн келип чыгат. Ядро темир жана никель сыяктуу магниттик касиети бар, оор элементтерди камтыйт. Ички ядро катуу, сырткы ядро болсо суюк абалда. Ядронун бул эки катмары бири-биринин айланасында кыймылдайт. Бул кыймыл оор металлдарга кандайдыр бир мааниде магниттөө таасирин тийгизип, магниттик талааны пайда кылат. Атмосферанын бир топ сыртына чейин созулган бул талаа жер планетасын космостон келчү коркунучтардан коргойт. Күндөн тышкары жылдыздардан келген, өлүмгө алып келүүчү космостук нурлар жердин айланасындагы бул коргоочу калкандан өтө алышпайт. Өзгөчө жерден он миңдеген километр алыстыкта магниттик шакектерди түзгөн Ван Аллен радиациялык курлары жерди ошондой өлтүрүүчү энергиядан коргойт.
Бул плазма булуттары кээде Хиросимага ташталганга окшогон 100 миллиард атом бомбасына барабар деп эсептелген. Ошондой эле, космостук нурлар да абдан күчтүү боло алат. Бирок жердин магниттик талаасы мындай өлүмгө алып келүүчү нурлардын 0,1%ын гана өткөрөт жана ал миңден бир өлчөмүндөгү нурлар атмосфера тарабынан сиңирилет. Бул магниттик талааны пайда кылуу үчүн коротулган электр энергиясы бир миллиард амперге барабар жана бул болжол менен адамзаттын бүт тарых бою өндүргөн электр энергиясынын суммасына тең.
Эгер жердин мындай
магниттик калканы болбогондо, жер бетиндеги жашоо өлүмгө алып келүүчү нурларга
дуушар болмок жана балким эч кандай жашоо болмок эмес. Бирок Пресс менен Сивер
белгилегендей, жер шарынын ядросу дал талап кылынгандай болгону үчүн, жер
планетасы корголуп турат.
Башкача
айтканда, асманда Курандын бир аятында «асманды
корголгон бир чатыр кылдык; алар болсо мунун аяттарынан жүз бурушууда»
(Анбия Сүрөсү, 32) деп айтылгандай, жер бетиндеги жашоонун уланышы үчүн
жасалган өзгөчө коргогуч калкан бар.
Атмосферанын ыңгайлуулугу
Жер планетасы, буга чейин каралгандай, жашоо үчүн керектүү температурага, массага жана жашоону коргогон өзгөчө калкандарга ээ. Бирок жердин бетинде организмдер жашай алышы үчүн бул шарттар жетиштүү эмес. Абдан маанилүү дагы бир шарт – бул, атмосферанын түзүлүшү.Фантастикалуу тасмалар, жогоруда айтылгандай, кээде адамдарды жаңылтышат. Бир мисал катары мындай тасмаларда көп кездешкен «атмосферанын ыңгайлуулугунун оңойлугу». Космос кемеси менен алыстагы бир планетага жакындаган адамдар планетага коноордон мурда атмосферанын дем алууга ыңгайлуулугун текшеришет. Көбүнчө атмосфера дем алууга ыңгайлуу болуп чыгат. Мындай сценарийлер адамзат кокусунан, оңой эле ыңгайлуу атмосфераларды таба алат деген ойду пайда кылууну көздөйт. Бирок жердин атмосферасы жашоого керектүү абдан өзгөчө шарттарды бириктирүү аркылуу жаратылган кереметтүү бир аралашма.
Жердин
атмосферасынын 77%ы азоттон, 21%ы кычкылтектен жана 1%ы көмүр кычкыл газы жана аргон сыяктуу
башка газдардын аралашмасынан турат. Алгач бул газдардын эң маанилүүсү болгон
кычкылтектен баштайлы. Кычкылтек абдан маанилүү, себеби адамга окшогон татаал
организмдердин энергия алуу үчүн колдонгон көпчүлүк химиялык реакциялары
кычкылтектин жардамы менен ишке ашат. Көмүртек кошулмалары кычкылтек менен
реакцияга кирет. Реакциянын натыйжасында суу, көмүр кычкыл газы жана энергия
келип чыгат. Клеткаларыбызда колдонулган жана АТФ (аденозинтрифосфат) деп
аталган энергия пакетчелери ушул реакциядан пайда болот. Ушул себептен бизге үзгүлтүксүз
кычкылтек керек жана бул муктаждыкты канааттандыруу үчүн дем алабыз.
Эң кызыгы,
биздин дем алган абабыздагы кычкылтектин өлчөмү абдан кылдат тең салмактардын
негизинде белгиленген. Майкл Дентон бул тууралуу мындай дейт:
Атмосферабыздын курамында кычкылтек көбүрөөк
болсо, ошого карабастан жашоого шарт түзө алмак беле? Жок! Кычкылтек өтө
реактивдүү элемент. Азыркы атмосферадагы кычкылтектин өлчөмү, б.а. 21 пайыз
жашоонун коопсуздугу жагынан жогорку чектердин дал идеалдуу деңгээлинде.
Кычкылтектин өлчөмү 21 пайыздан ар бир 1 пайызга жогорулаган сайын, бир
чагылгандын токойдо өрттү пайда кылуу ыктымалдыгы 70%га өсөт.60
Кычкылтектин өлчөмү 25 пайыздан жогору
болгондо, бардык тропикалык токойлорду жана арктикалык тундраларды жок кыла
турган эбегейсиз өрттөрдөн азыр биз колдонуп жаткан өсүмдүк азыктарынын абдан
аз бөлүгү гана сакталып калмак... Атмосферадагы
кычкылтектин азыркы өлчөмү коркунуч менен пайда эң мыкты тең салмакталган бир
чоңдукка ээ.61
Атмосферадагы
кычкылтектин өлчөмү кемчиликсиз «кайра иштетүү» системасы аркылуу тең
салмакталат. Жаныбарлар тынымсыз кычкылтекти колдонуп, алар үчүн уулуу болгон
көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарышат. Өсүмдүктөр болсо мунун тескерисин жасашат,
жана көмүр кычкыл газын өмүрдүн булагы болгон кычкылтекке айландырып, жашоонун
уланышына шарт түзүшөт. Күн сайын өсүмдүктөр тарабынан миллиарддаган тонна
кычкылтек иштелип чыгып, атмосферага кошулат.
Бул эки организм
тобунда, б.а. өсүмдүктөр менен жаныбарларда эгер бирдей реакция жасалганда, жер
кыска убакыттын ичинде өлүү планетага айланмак. Мисалы, жаныбарлар да,
өсүмдүктөр да кычкылтек бөлүп чыгарганда, атмосфера кыска убакытта «күйүүчү»
касиетке ээ болмок жана кичинекей бир учкун эбегейсиз чоң өрттөрдү пайда
кылмак. Аягында жер эбегейсиз «түтүк жарылгандай» болуп куйкаланып калмак.
Тескерисинче, эгер өсүмдүктөр да, жаныбарлар да көмүр кычкыл газын бөлүп
чыгарганда, анда атмосферадагы кычкылтек бат эле түгөнмөк жана белгилүү
убакыттан соң организмдер дем алганына карабастан, «аба жетпей» массалык түрдө
кырылып баштамак.
Бирок жашоонун
тең салмактуулугу ушунчалык кемчиликсиз орнотулгандыктан, атмосферадагы
кычкылтектин өлчөмү дайыма организмдер үчүн эң идеалдуу деңгээлде, Лавлок
айткандай «коркунуч менен пайда эң мыкты тең салмакталган бир чоңдукта»
кармалып турат.
Атмосферанын эң
мыкты тең салмакталган дагы бир тарабы болсо – бул, анын дем алышыбызга
мүмкүнчүлүк берген идеалдуу тыгыздыгы.
Атмосфера жана дем алуу
Жашообуздун ар бир мүнөтүндө дем алабыз. Эч тынымсыз өпкөлөрүбүзгө аба алып, ошол замат ал абаны кайра чыгарабыз. Муну ушунчалык көп жасаганыбыз үчүн, «жөнөкөй» бир нерседей сезилет. Бирок чындыгында дем алуу абдан татаал процесс.
Дене системабыз кемчиликсиз жөнгө салынгандыктан, дем алып жатканда аны ойлонушубуз талап кылынбайт. Басып баратканыбызда, чуркап баратканыбызда, китеп окуп жатканыбызда, ал тургай, уктап жатканыбызда денебиз тынымсыз канчалык дем алышыбыз керек экенин эсептеп, өпкөлөрүбүздү ошого жараша иштетет. Дем алууга мынчалык муктаж болушубуздун себеби денебизде секунда сайын жүрүп жаткан миллиарддаган процесстердин баарынын кычкылтек аркылуу ишке ашкан реакциялардан энергия алышы.
Азыр көзүңүздүн
тордомо челиндеги миллиондогон клетканын тынымсыз кычкылтек менен азыктанышынын
натыйжасында сиз бул китепти окуп жатасыз. Эгер каныңыздагы кычкылтектин
деңгээли төмөндөсө, «көзүңүз караңгылайт». Ошол сыяктуу, денедеги бардык
булчуңдар, ал булчуңдарды түзгөн бардык клеткалар көмүртек кошулмаларын «күйгүзүү
аркылуу», б.а. кычкылтек менен реакцияга киргизүү аркылуу энергия алышат. Мындай
энергия алуу процессинен соң, денеден чыгарып салуу керек болгон көмүр кычкыл
газы пайда болот.
Биз ошол үчүн
дем алабыз. Абаны ичибизге алаар замат, өпкөлөрүбүздө жайгашкан болжол менен
300 миллион кичинекей бөлмөчөлөр кычкылтекке толот. Ал бөлмөчөлөрдүн
капталдарындагы капиллярлар ошол замат кычкылтекти сиңирип, алгач жүрөккө,
андан ары дененин бүт тарабына жеткиришет. Капиллярлар кычкылтекти сиңирип
жатып, бир жагынан калдык зат болуп эсептелген көмүр кычкыл газын чыгарышат.
Жарым секундага жетпеген бул процесстин натыйжасында ичибизге тарткан таза
(кычкылтектүү) абаны сыртка булганган (көмүр кычкыл газдуу) абага айлантып
чыгарабыз.
Өпкөлөрүбүздө
эмне үчүн 300 миллион бөлмөчө бар деп ойлошуңуз мүмкүн. Мындагы максат өпкөнүн
абага тийген аянтын максимумга жеткирүү. Бөлмөчөлөр аркылуу кичирейтилген бул
аянт чындыгында абдан чоң, эгер бул аянтты өпкөнүн ичинен чыгарып тегиз жерге
жайсак, теннис кортунчалык аянтты ээлейт.
Бул жерде бир
нерсеге көңүл буралы: өпкөлөрдүн ичиндеги бөлмөчөлөрдүн жана ал бөлмөчөлөргө
баруучу каналдардын мынчалык тар болушу кычкылтекти максимум алуу үчүн жасалган
кереметтүү түзүлүш. Бирок бул түзүлүш башка бир шарттын аткарылышынан
көз-каранды: абанын тыгыздыгынын, агуу касиетинин жана басымынын ушунчалык тар
каналдардын ичинде эч кыйынчылыксыз кыймылдай ала турган чоңдуктарда болушунан.
Абанын басымы
760 мм сымап мамычасына барабар. Тыгыздыгы деңиз деңгээлинде бир литрге бир
граммдын тегерегинде. Деңиздин бетиндеги агуу жөндөмү болсо суудан элүү эседей
жогору. Маанисиз бир сандардай көрүнгөн бул чоңдуктар чындыгында биздин
жашообуз үчүн өтө маанилүү. Анткени «аба
менен дем алуучу жандыктар жашай алышы үчүн, атмосферанын жалпы мүнөздөмөлөрү, т.а.
тыгыздыгы, агуу жөндөмү, басымы ж.б.,
азыркы чоңдуктарына өтө өтө окшош болушу шарт».62
Дем алганыбызда
өпкөлөрүбүз «абанын каршылыгы» деп аталган бир күчкө каршы энергия колдонушат.
Абанын каршылыгы – бул, абанын кыймылга каршылык көрсөтүп, кыймылсыз туруу
тенденциясы. Бирок бул каршылык атмосферанын касиеттеринен улам абдан алсыз
жана өпкөлөрүбүз абаны эч кыйынчылыксыз тартып, кайра чыгара алышат. Бул
каршылык бир аз жогоруласа, өпкөлөрүбүз кыйнала баштайт. Муну төмөнкүдөй мисал
менен түшүндүрүүгө болот: бир инжектордун ийнесинен сууну тартуу оңой, бирок
ошол эле ийне менен балды тартуу абдан кыйын. Себеби балдын сууга караганда
агуу жөндөмү төмөн жана тыгыздыгы жогору.
Эгер
атмосферанын тыгыздык, агуу жөндөмү, басымы сыяктуу өзгөчөлүктөрү бир аз
башкача болсо, дем алуу биз үчүн бир инжекторго балды тарткандай кыйын болот.
Бул тууралуу «анда инжектордун ийнесин чоңойтуу керек» деп ойлоо, б.а. «өпкөнүн
каналдарын кеңейтүү зарыл» деп сунуштоо туура болбойт. Себеби анда өпкөлөрдүн
абага тийген аянты абдан кичирейет жана өпкөнүн түзүлүшү денеге керектүү
кычкылтекти алганга жарабай калат. Башкача айтканда, абанын тыгыздыгы, агуу
жөндөмү, басымы сыяктуу чоңдуктары сөзсүз белгилүү бир аралыкта болушу шарт,
жана азыр биз дем алып жаткан абанын чоңдуктары дал ошол тар аралыктын ичинде.
Майкл Дентон бул
тууралуу мындай дейт:
Эгер абанын тыгыздыгы же кыймылсыздыгы
бир аз жогорураак болгондо, абанын каршылыгы абдан жогору болмок жана аба менен
дем алуучу бир жандыкка керектүү кычкылтектин көлөмүн камсыз кыла турган бир
дем алуу системасынын долбоорун түзүү мүмкүнчүлүгү жоголмок... Ыктымалдуу
атмосфера басымдары менен ыктымалдуу кычкылтек деңгээлдерин салыштырып «жашоого
ыңгайлуу» бир сандык чоңдукту издегенибизде, абдан чектелүү бир аралыкты
табабыз. Жашоого керектүү абдан көп шарттын бүт баарынын ушул кичинекей аралыкта
аткарылышы жана атмосферанын да ушул аралыкта болушу, албетте, абдан кереметтүү
бир шайкештик.63
Атмосферанын
сандык чоңдуктары биздин дем алышыбыз үчүн эле эмес, көгүлтүр планетанын
«көгүлтүр» болушу үчүн да маанилүү. Эгер атмосферанын басымы азыркы деңгээлинен
бештен бирге азайса, океандардагы буулануу абдан жогорулайт жана атмосферада
суунун буусу абдан көбөйүп, бүт дүйнөдө «парник эффектин» пайда кылат да,
планетанын температурасын абдан жогорулатат. Эгер атмосферанын басымы азыркы
деңгээлинен эки эсе жогору болсо, анда атмосферадагы суунун буусу абдан азайат
жана жер бетиндеги кургактыктардын дээрлик баары чөлгө айланат.
Бул тең
салмактуулуктардын баары жер планетасынын башка өзгөчөлүктөрү сыяктуу,
атмосферасынын да атайын адамзаттын жашоосу үчүн жаратылганын көрсөтүүдө. Илим
көрсөткөн бул акыйкат бизге ааламдын башаламан заттардын жыйындысы эмес экенин
дагы бир жолу далилдөөдө. Албетте, бүт ааламды башкарган, затты каалагандай
калыпка салган, галактикаларды, жылдыздарды жана планеталарды кудуретинин
астында кармаган бир Жаратуучу бар.
Ал улуу
Жаратуучу – Куранда бизге билдирилгендей, бүт ааламдын Рабби Аллах.
Биз жашап жаткан
көгүлтүр планета болсо Аллах тарабынан биздин жашообуз үчүн атайын калыпка
келтирилген жана Куранда айтылгандай, жер
адам үчүн «жайылып-төшөлгөн» (Назиат Сүрөсү, 30). Аллахтын жерди адам үчүн
жаратканын билдирген башка кээ бир аяттар төмөнкүдөй:
Аллах жер бетин силер үчүн бир тегиздик,
асмандарды бир там кылды; силерге келбет берди, келбетиңерди эң кооз (бир
көрүнүш жана чеберчиликте) кылды жана силерге кооз-таза нерселерден ырыскы
берди. Мына силердин Раббиңер – Аллах ушул. Ааламдардын Рабби Аллах – кандай
Улук. (Момун сүрөсү, 64)
Ал силер үчүн жер бетин моюн сундурган. Демек
анын үстүндө баскыла жана Анын ырыскысынан жегиле. Аягында Ага барасыңар. (Мүлк
Сүрөсү, 15)
Тең салмактардын тизмеси
Бул жерге чейин
карагандарыбыз жер планетасындагы жашоого керектүү тең салмактардын бир бөлүгү
гана. Жер шарын изилдегенибизде, дээрлик эч бүтпөчүдөй сезилген абдан чоң
«жашоого керектүү тең салмактардын» тизмесин түзө алабыз. Мисалы, америкалык
астроном Хью Росс жердин жашоого ыңгайлуулугу тууралуу кээ бир пункттарды
төмөнкүчө белгилеген:
Тартылуу күчү;
-Эгер күчтүүрөөк
болгондо: жердин атмосферасында аммиак менен метандын көлөмү өтө жогоруламак,
бул жашоого абдан терс таасир тийгизмек.
-Эгер алсызыраак
болгондо: жердин атмосферасында суунун көлөмү абдан азайып, жашоо болмок эмес.
Күнгө чейинки
аралык;
-Эгер алысыраак
болгондо: жер планетасы абдан сууп, атмосферадагы суунун айлануусуна терс
таасир тийгизмек жана планета муз дооруна кирмек.
-Эгер жакыныраак
болгондо: планета абдан ысып, атмосферадагы суунун айлануусуна терс таасир
тийгизмек жана жашоо болмок эмес.
Жер кыртышынын
калыңдыгы;
-Эгер калыңыраак
болгондо: атмосферадан жер кыртышына абдан көп өлчөмдө кычкылтек өткөрүлмөк.
-Эгер ичкерээк
болгондо: вулкандык кыймылдар абдан көбөйүп, жашоого мүмкүнчүлүк бермек эмес.
Жердин өз
огундагы айлануу ылдамдыгы;
-Эгер жайыраак
болгондо: түн менен күндүздүн температураларындагы айырма абдан чоң болмок.
-Эгер ылдамыраак
болгондо: атмосфералык шамалдардын ылдамдыгы абдан жогорулап, бороондор менен
суу ташкындары жашоого мүмкүнчүлүк бермек эмес.
Ай менен жердин
ортосундагы тартылуу күчү;
-Эгер күчтүүрөөк
болгондо: айдын күчтүү тартылуусу атмосфера шарттарына, жердин өз огундагы
айлануу ылдамдыгына, океандардын ташкындашына жана тартылышына терс таасир
тийгизмек.
-Эгер алсызыраак
болгондо: климаттын кескин өзгөрүшүнө алып келмек.
Жердин магниттик
талаасы;
-Эгер күчтүүрөөк
болгондо: өтө катаал электромагниттик бороондор болмок.
-Эгер алсызыраак
болгондо: күндүн шамалы деп аталган, күндөн бөлүнүп чыккан зыяндуу
бөлүкчөлөрдөн жер планетасы корголбой калмак. Эки учурда тең жашоо болмок эмес.
Альбедо эффекти
(жерден чагылган күн нурунун жерге келген күн нуруна катышы);
-Эгер жогорураак
болгондо: көп узабай муз доору башталмак.
-Эгер төмөнүрөөк
болгондо: парник эффекти температураны ашыкча жогорулатып, жер планетасы алгач
айсбергдердин ээришинин натыйжасында суу астында калмак жана андан соң
куйкаланмак.
Атмосферадагы кычкылтек
менен азоттун деңгээли;
-Эгер жогорураак
болгондо: жашоо функциялары ылдамдап, терс натыйжага алып келмек.
-Эгер төмөнүрөөк
болгондо: жашоо функциялары жайлап, терс натыйжага алып келмек.
Атмосферадагы
көмүр кычкыл газы менен суунун деңгээли;
-Эгер жогорураак
болгондо: атмосферанын температурасы ашыкча жогоруламак.
-Эгер төмөнүрөөк
болгондо: атмосферанын температурасы төмөндөмөк.
Озон катмарынын
калыңдыгы;
-Эгер калыңыраак
болгондо: жер бетинин температурасы абдан төмөндөмөк.
-Эгер жукараак
болгондо: жер бетинин температурасы ашыкча жогоруламак жана күндөн келген
зыяндуу ультра кызгылт көк нурлардан корголбой калмак.
Сейсмикалык
кыймылдар (жер титирөөлөр);
-Эгер көбүрөөк
болгондо: организмдер тынымсыз кыйроолорго дуушар болмок.
-Эгер азыраак
болгондо: океандардын түбүндөгү азыктар сууга аралашпай, океандардагы жана
деңиздердеги жашоого жана жалпысынан бүт дүйнөдөгү организмдерге терс таасир
тийгизмек.64
Бул жерде
айтылгандар жерде жашоо пайда болуп, андан ары уланышы үчүн талап кылынган
абдан кылдат тең салмактардын бир канчасы гана. Бул жерде айтылгандар деле
ааламдын жана жер планетасынын кокусунан, башаламан окуялардын натыйжасында
пайда болбой тургандыгын толук далилдөөгө жетиштүү.
Бул
маалыматтардын баары апачык акыйкатты дагы бир жолу тастыктайт: бүт ааламды,
жылдыздарды, планеталарды, тоолорду жана океандарды кемчиликсиз жараткан,
адамга жана бүт жандыктарга өмүр берген, бүт нерсени жоктон жаратууга кудурети
жеткен, жараткандарын адамзатка кызмат кылдырган, чексиз күч-кудуреттүү Аллах.
Аллахтын кемчиликсиз жаратуусу Курандын кээ бир аяттарында төмөнкүчө
сүрөттөлөт:
Силерди жаратуу кыйынбы же асмандыбы? Аны курду.
Анын шыбын бийик кылып, белгилүү бир тартипке салды. Түнүн караңгы кылып,
жарыгын чыгарды. Андан соң жер жүзүн жайып төшөдү. Андан суусун жана жайытын чыгарды.
Тоолорун тигип-отургузду; силерге жана жаныбарларыңарга пайдалуу болушу үчүн. (Назиат
Сүрөсү, 27-33)
Булактар:
54. F. Press, R. Siever, Earth, New York: W. H. Freeman, 1986, s. 2
55. Bkz. Harun Yahya, Evrim Aldatmacası: Evrim Teorisinin Bilimsel Çöküşü ve Teorinin İdeolojik Arka Planı, İstanbul, 1998.
56. Michael Denton, Nature's Destiny, s. 106
57. F. Press, R. Siever, Earth, New York: W. H. Freeman, 1986, s. 4
58. F. Press, R. Siever, Earth, New York: W. H. Freeman, 1986, s. 4
59. F. Press, R. Siever, Earth, New York: W. H. Freeman, 1986, s. 4
60. Michael Denton, Nature's Destiny, s. 121
61. James J. Lovelock, Gaia, Oxford: Oxford University Press, 1987, s. 71
62. Michael Denton, Nature's Destiny, s. 127
63. Michael Denton, Nature's Destiny, s. 128
64. Hugh Ross, The Fingerprint of God: Recent Scientific Discoveries Reval the Unmistakable Identity of the Creator, Oranga, California, Promise Publishing, 1991, s. 129-132












Комментарии
Отправить комментарий