ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ: СУУНУН КЕМЧИЛИКСИЗ ТҮЗҮЛҮШҮ
Бул дагы,
атеисттердин башка ойлору сыяктуу,
Табият философиясы
жөнүндөгү терең сабатсыздыктан келип чыгат.
Эгер дүйнөдө
океандар азыркы көлөмүнүн жарымындай болгондо,
анда суунун
буусунун көлөмү да азыркынын жарымындай болмок,
натыйжада бизде
кургак жерлерди сугаруу үчүн азыркы
дарыяларыбыздын
жарымы эле болмок, себеби суунун буусунун
көлөмү ал
көтөрүлгөн үстүңкү беттин аянтынан көз-каранды.
Ошондуктан Акылман
Жаратуучу муну кылдат жөнгө салган жана океандардын
аянты
кургактыктарга керектүү суунун буусун камсыз кылганга жетиштүү.
Кыскасы, «жер жүзүнүн кайсы тарабын карабайлы, ал жактан сууну көрөбүз» деп айта алабыз. Ал тургай, «азыр сиз отурган бөлмөнүн ичинде да болжол менен 40-50 литр суу бар» деп айтууга болот. Бул суу массасын көрө аласызбы? Бир аз көңүл бурсаңыз, көрө аласыз. Көзүңүздү китептен алып, колдоруңузга, буттарыңызга, денеңизге карасаңыз жетиштүү болот. Себеби бул 40-50 литрлик суу массасы сизсиз!
Бул суу массасы
сизсиз, себеби адамдын денесинин болжол менен 70%ы суудан турат. Клеткаларыңыздын ичинде башка нерселерге караганда эң көп
суу бар. Денеңиздин бүт тарабын айланган кандын да көпчүлүк бөлүгү суудан
турат. Сиз жана башка адамдар эле эмес, бардык жандыктардын денелеринин
көпчүлүк бөлүгү суудан түзүлөт. Суусуз жашоону элестетүүгө болбойт.
Суу бардык
физикалык жана химиялык касиеттери менен атайын жашоо үчүн жаратылган бир зат.
Суунун ыңгайлуулугу
Белгилүү
биохимик А.Э. Нидем «The Uniqueness of Biological Materials» (Биологиялык материалдардын уникалдуулугу) аттуу китебинде жашоо пайда болушу үчүн
сөзсүз түрдө суюк материалдар болушу шарт экенин белгилейт. Эгер ааламдын
мыйзамдары заттын катуу жана газ абалдарына гана мүмкүнчүлүк берсе, жашоо эч качан
пайда болбойт. Себеби катуу заттарда атомдор бири-бирине абдан жакын жана
кыймылсыз болушат жана тирүү организмдердеги талап кылынган динамикалык
молекулярдык процесстерге эч мүмкүнчүлүк берилбейт. Газдарда болсо атомдор эч
туруксуз, эркин учуп жүрөт жана мындай түзүлүштө тирүү организмдердин татаал
механизмдери иштей албайт.
Кыскасы, жашоого
керектүү процесстер ишке ашышы үчүн, суюктук сөзсүз болушу керек. Суюктуктардын
эң идеалдуусу, тагыраак айтканда, жалгыз идеалдуусу – бул, суу.
Суунун
касиеттеринин жашоо үчүн кереметтүү ыңгайлуу болушу илгертеден бери
илимпоздордун көңүлүн буруп келген. Бул тууралуу алгачкы терең изилдөө болсо
британиялык табият таануучу Уильям Уэвеллдин 1832-жылы жарык көргөн «Astronomy and General Physics Considered
with Reference to Natural Theology» (Табигый теологиянын негизинде астрономия жана жалпы физика) аттуу китеби болгон. Уэвелл өзгөчө суунун
жылуулук касиеттерин изилдеген жана суунун жалпы табият мыйзамдарына
карама-каршыдай көрүнгөн кээ бир жылуулук касиеттеринин бул заттын атайын жашоо
үчүн жаратылганына далил катары эсептелиши керек экенин айткан.
Суунун жашоого
ыңгайлуулугуна эң кеңири токтолгон илимпоз болсо Уэвеллдин китебинен болжол
менен бир кылымдан соң, Гарвард университетинин биологиялык химия бөлүмүнүн
профессору Лоуренс Хендерсон болгон. Хендерсон кийинчерээк кээ бирлери
тарабынан «20-кылымдын алгачкы чейрегинин эң маанилүү илимий эмгеги» деп
аталган «The
Fitness of the Environment» (Айлана-чөйрөнүн ыңгайлуулугу) аттуу китебинде сууга абдан кеңири токтолгон. Хендерсон бул китебинде
дүйнөнүн табигый чөйрөсү жөнүндө төмөнкүдөй жыйынтыкка келген:
Айлана-чөйрө негизги өзгөчөлүктөрү менен
(б.а. жандыктарды түзгөн ар түрдүү химиялык заттары, физикалык-химиялык
процесстери жана гидросферанын физикалык жана химиялык касиеттери жагынан)
жашоо үчүн мүмкүн болгон эң ыңгайлуу чөйрө.77
Суунун кереметтүү жылуулук касиеттери
Хендерсондун
китебинде белгиленген жагдайлардын бири – бул, суунун жылуулук касиеттери.
Хендерсон суунун жылуулук касиеттеринин бешөөсүнүн абдан кызыктуу экендигине
көңүл бурат. Алар төмөнкүлөр:
1) Белгилүү
болгон бардык заттар температурасы төмөндөгөн сайын кысылат. Белгилүү болгон
бардык суюктуктар да температурасы төмөндөгөн сайын кысылып, көлөмү кичирейет.
Көлөмү кичирейген сайын тыгыздыгы жогорулайт жана натыйжада муздак тараптарынын
салмагы жогорураак болот. Ошондуктан суюк заттардын катуу абалы суюк абалына
караганда оорураак болот. Бирок суу, белгилүү болгон бардык суюктуктардан айырмаланып,
белгилүү бир температурага (+4°Cге) чейин кысылып,
андан соң күтүүсүздөн кеңейе баштайт. Тоңгондо андан да кеңейет. Ошондуктан
суунун катуу абалы суюк абалынан жеңилирээк. Башкача айтканда, муз негизи
«кадимки» физика эрежелери боюнча, суунун түбүнө чөгүшү керек болчу, бирок
тескерисинче суунун бетинде калкыйт.
2) Муз ээригенде
же суу бууланганда, айланадан жылуулук алынат. Тескерисинче болгондо, сыртка
жылуулук берилет. Бул «жашыруун жылуулук» деп аталат.78 Бардык суюктуктардын жашыруун жылуулугу бар.
Бирок суунун жашыруун жылуулугун белгилүү болгон бардык суюктуктардын эң
жогоркусу деп эсептөөгө болот. Кадимки температураларда бир гана аммиак сууга
караганда жогорураак тоңуунун жашыруун жылуулугуна ээ. Буулануунун жашыруун
жылуулугунда болсо эч бир суюктук сууга тең келе албайт.
3) Суунун
«жылуулук кубаттуулугу», б.а. суунун температурасын бир градуска жогорулатуу
үчүн талап кылынган жылуулуктун саны белгилүү болгон бардык суюктуктардын
көпчүлүк бөлүгүнөн жогору.
4) Суунун
жылуулук өткөрүмдүүлүгү, б.а. жылуулукту өткөрүү касиети белгилүү болгон ар
кандай суюктуктан жок дегенде төрт эсеге жогору.
5) Муз менен
кардын жылуулук өткөрүмдүүлүгү болсо төмөн.
Илимий физикалык
касиеттердей көрүнгөн жогорудагы беш өзгөчөлүктүн кандай мааниси бар деп
кызыгышыңыз мүмкүн. Булардын мааниси абдан чоң, себеби жер бетиндеги жашоо жана
биздин жашообуз бул касиеттердин дал ушундай болушунан көз-каранды.
Эми бул
касиеттердин натыйжаларын кезеги менен карайлы.
Үстүнөн тоңуунун натыйжасы
Суунун
жогорудагы биринчи пунктта айтылган касиети жер жүзүндөгү деңиздер жагынан
абдан маанилүү. Эгер мындай касиет болбогондо, б.а. муз суунун бетинде
калкыбаганда, жер жүзүндөгү суунун көпчүлүк бөлүгү толугу менен тоңуп, көлдөрдө
жана деңиздерде эч кандай жашоо болмок эмес.
Бул чындыкты бир
аз тереңирээк карайлы. Дүйнөнүн көпчүлүк аймагында кыштын суук күндөрүндө
температура 0°Cден төмөндөйт. Мындай суук, албетте,
деңиздер менен көлдөргө да таасир берет. Алар да акырындап муздайт. Муздаган
катмарлар төмөн көздөй түшүп, жылуураак бөлүктөр жогору көтөрүлөт, бирок алар
да абанын таасири менен муздап, кайрадан төмөн көздөй түшөт. Бирок бул тең
салмактуулук температура 4°Cге жеткенде күтүүсүздөн өзгөрөт, андан соң
температура төмөндөгөн сайын, суу кеңейип, жеңилдей баштайт. Ошентип 4°Cлик суу эң астында калат. Үстүндө 3°C, анын үстүндө 2°C, ушинтип уланат. Суунун бети болсо 0°Cге түшүп, тоңот. Бирок
суунун үстүңкү бети гана тоңот. Анын астындагы 4°Cлик суу катмары балыктардын жана башка суу жаныбарларынын жашоосун
улантышына жетиштүү болот.
(Ал ортодо
суунун жогорудагы бешинчи пунктта айтылган касиети да абдан чоң кызмат аткарат:
ал муздун жана кардын жылуулук өткөрүмдүүлүгүнүн төмөн болушу. Башкача
айтканда, муз абадагы суукту астындагы суу катмарына абдан аз өткөрөт.
Ошондуктан сырттагы аба -50°Cге жетсе дагы деңиздин бетиндеги муз
катмары бир-эки метрден ашпайт. Тюленьдер, пингвиндер жана башка уюлда жашаган
жаныбарлар мындан улам деңиздин бетиндеги музду тешип, астындагы сууга жете
алышат.)
Эгер мындай
болбогондо эмне болмок? Суу «өзгөчөлөнбөй», башка суюктуктарга окшоп анын да
температурасы төмөндөгөн сайын тыгыздыгы жогорулаганда, б.а. муз суунун түбүнө
чөккөндө кандай болмок?
Анда океандар,
деңиздер жана көлдөр түбүнөн тоңуп баштамак. Үстүңкү бетте суукту тосо турган
бир муз катмары болбогону үчүн, суунун тоңушу жогору көздөй улана бермек.
Ошентип дүйнөдөгү көлдөрдүн, деңиздердин жана океандардын көпчүлүк бөлүгү
эбегейсиз чоң муз массаларына айланмак. Деңиздердин бетинде бир канча метрлик
гана суу катмары калмак жана абанын температурасы көтөрүлсө да, суунун
түбүндөгү муз эч качан ээримек эмес. Мындай деңиздерде бир дагы жандык жашай
алмак эмес. Деңиздерде эч бир жандык жашабаган экологиялык системада
кургактыкта да жандыктар жашай алмак эмес. Кыскасы, эгер суу «өзгөчө»
болбогондо, жер планетасы өлүү планета болмок.
Суу эмне үчүн
«өзгөчө», б.а. 4°Cге чейин кысылып, андан соң эмне үчүн
күтүүсүздөн кеңейип баштайт деген суроого болсо эч ким жооп бере албайт.
Тердөө аркылуу муздоо
Жогоруда суунун
жылуулук касиеттерин карап жатканда айтылган экинчи жана үчүнчү пункттар, б.а.
суунун жашыруун жылуулугунун жана жылуулук кубаттуулугунун башка бардык
суюктуктардан жогору болушу да биз үчүн абдан маанилүү. Бул касиет көп адамдар
кандай пайдасы бар экенин билбеген дененин абдан маанилүү бир функциясынын негизги
ачкычы. Бул функция – тердөө.
Чындап эле
тердөөнүн кандай пайдасы бар?
Муну түшүнүү
үчүн теманы бир аз башынан кароо керек. Бардык сүт эмүүчү жаныбарлардын дене
температурасы дээрлик бирдей. Ал орточо 35-40°Cди түзөт жана адамдарда кадимки шарттарда орточо 37°C. Бул температура абдан маанилүү, жана сөзсүз туруктуу болушу шарт. Дененин
температурасы бир канча градуска төмөндөсө, тоңуу коркунучуна туш болобуз. Бир
канча градуска жогоруласа, абдан алсырайбыз. Дененин температурасынын 40°Cден ашышы өмүргө коркунуч туудурат.
Кыскасы,
денебиздин температурасы бир канча градуска гана өзгөрө ала турганчалык кылдат
тең салмакка ээ.
Бирок денебиздин
алдында маанилүү бир маселе бар: ал тынымсыз кыймылда. Бардык физикалык
кыймылдар, анын ичинде машиналардын кыймылы да, энергия өндүрүүнү талап кылат.
Энергия өндүрүлгөндө ар дайым жылуулук бөлүнүп чыгат. Ал жылуулукту кааласаңыз
оңой эле сезе аласыз. Бул китепти бир жерге коюп, ысык күндүн аптабында 10
километр чуркап келсеңиз, денеңиздин ысыганын даана сезесиз.
Бирок чындыгында
ошондо деле көп ысыбайсыз.
Жылуулук калория
менен өлчөнөт. Кадимки бир адам 10 километрлик жолду бир сааттын ичинде
чуркаганда, болжол менен 1000 калориялык жылуулук бөлүп чыгарат. Эгер чуркап
баратканда бул жылуулук денеден чыгарылбаса, чуркаган кишинин дене
температурасы абдан жогорулайт жана адам биринчи километрде эле комага түшөт.
Бул чоң
коркунучка суунун эки касиети аркылуу бөгөт коюлат.
Ал касиеттердин
биринчиси, суунун жогорку жылуулук кубаттуулугу. Башкача айтканда, суунун
температурасын жогорулатуу үчүн абдан көп калория талап кылынат. Мындан улам 70%ы суудан турган денебиз абдан бат ысыбайт. Мисалы, биздин денебиздин
температурасын 10°Cге жогорулата турган бир кыймыл-аракет
эгер денебиздин басымдуу бөлүгү спирттен турганда, температурабызды 20°Cге жогорулатмак. Башка заттар мындан да олуттуу: туз 50°Cге, темир 100°Cге, коргошун болсо 300°Cге жогорулашына алып келмек. Суунун жогорку жылуулук кубаттуулугу биздин
температурабызды ушундай кескин өзгөрүүлөрдөн коргойт.
Бирок, жогоруда
айтылгандай, температуранын 10°Cге жогорулашы да адамды
өлүмгө алып барат. Мунун алдын алууда суунун башка касиети, б.а. жашыруун
жылуулугунун жогорулугу кызмат кылат.
Дене жылуулук
бөлүнүп чыкканда өзүн муздатуу үчүн тердөө механизмин колдонот. Тердөө учурунда
теридеги суу кыска убакытта бууланат. Буулануу учурунда жашыруун жылуулугу
абдан жогору болгону үчүн, көп жылуулукту талап кылат. Керектүү жылуулукту
денебизден соруп алып, бизди муздатат. Бул ушунчалык натыйжалуу болгондуктан, кээде
денеге суук тийип калышы да мүмкүн.
Мындан улам
жогоруда айтылган 10 км чуркаган киши бир литр теринин бууланышынын
натыйжасында дене температурасын 6°Cге төмөндөтөт. Канча
көп энергия коротсо, дене температурасы ошончолук жогорулайт, бирок ошончолук
тердеп кайра муздайт. Дененин бул кемчиликсиз термостат системасына шарт түзгөн
факторлордун башында суунун жылуулук касиеттери турат. Башка эч бир суюктук
суудай жакшы тердете албайт. Эгер суунун ордуна башка суюктук, мисалы спирт
колдонулса, температура 6°Cге эмес, болгону 2,2°Cге төмөндөйт. Аммиак болсо 3,6°Cге төмөндөтө алат.
Мунун абдан маанилүү
дагы бир тарабы бар. Эгер дененин ичинде пайда болгон жылуулук үстүңкү
катмарга, б.а. териге өткөрүлбөсө, суунун айтылып жаткан бул эки касиети жана
ага таянган тердөө системасы эч нерсеге жарабайт. Ошондуктан дененин түзүлүшү
жылуулукту абдан бат өткөрө ала турган болушу шарт. Бул жерде суунун дагы бир
касиети кызмат кылат: суунун жылуулук өткөрүмдүүлүгү, башка белгилүү болгон
бардык суюктуктардан айырмаланып, абдан жогору. Натыйжада дене ичинде пайда
болгон жогорку температураны бат эле териге өткөрө алат. (Ал тургай, ал үчүн
териге жакын жайгашкан кан тамырлар кеңейет жана ушул себептен биз ысыганда
кызарабыз.) Эгер суунун жылуулук өткөрүмдүүлүгү бир канча эсеге төмөнүрөөк
болгондо, денеде пайда болгон жылуулуктун үстүңкү катмарга өтүшү абдан жай
болмок, натыйжада сүт эмүүчүлөргө окшогон татаал организмдер жашай алмак эмес.
Бул
айтылгандардын баары суунун үч башка жылуулук касиетинин биргелешип бир
максатка, б.а. адамга окшогон татаал жандыктардын температурасынын төмөндөшүнө
кызмат кылаарын көрсөтүүдө. Суу бул кызмат үчүн тандалган өзгөчө суюктук.
Жылуу жер планетасы
Суунун Хендерсондун «The Fitness of the Environment» (Айлана-чөйрөнүн ыңгайлуулугу) аттуу китебинде белгиленген беш жылуулук касиети ошол эле учурда жер планетасынын жылуу жана тең салмактуу климатка ээ болушунда да чоң роль ойнойт.Суунун жашыруун жылуулугунун жана жылуулук кубаттуулугунун башка суюктуктарга салыштырмалуу абдан жогору болушу океандардын кургактыктарга караганда жайыраак ысып, жайыраак муздашына шарт түзөт. Ошондуктан жер планетасында кургактыктагы эң ысык аймак менен эң суук аймактын температурасындагы айырма 140°Cге чейин жетсе, океандардын температурасындагы айырма эң көп 15-20°C болот. Бул нерсе түн менен күндүздүн температурасындагы айырмага да тиешелүү. Кургактыкта түн менен күндүздүн температурасындагы айырма кургак аймактарда 20-30°Cге чейин жетсе, океандарда эң көп бир канча градуска гана айырмаланат. Бир эле океандар эмес, атмосферадагы суунун буусу да тең салмактуулукка чоң салым кошот. Түн менен күндүздүн температурасындагы айырманын суунун буусу абдан аз болгон чөлдөрдө өтө жогору, деңиз климаты бар аймактарда абдан аз болушунун себеби ушунда.
Суунун ушундай
өзгөчө жылуулук касиеттеринен улам, кыш менен жайдын же түн менен күндүздүн
ортосундагы температура айырмачылыктары ар дайым адамдар жана башка жандыктар
чыдай ала турган деңгээлде болот. Жер планетасындагы суунун көлөмү кургактыктарга
салыштырмалуу азыраак болгондо, түн менен күндүздүн температурасындагы айырма
абдан жогорулап, кургактыктардын көпчүлүк бөлүгү чөлгө айланмак жана жашоо болмок
эмес же абдан татаал болмок. Же суунун жылуулук касиеттери башкача болгондо, жер
кайра эле жашоого такыр ыңгайсыз бир планетага айланмак.
Хендерсон суунун
жылуулук касиеттеринин баарын карап чыккан соң мындай дейт:
Жыйынтыктай турган болсок, суунун бул
касиети үч жактан чоң мааниге ээ. Биринчиден, жердин температурасын жөнгө
салып, тең салмактап турат. Экинчиден, жандыктардын дене температураларынын тең
салмактуулугун эң мыкты сактайт. Үчүнчүдөн, метеорологиялык циклдерге колдоо
көрсөтөт. Бул таасирлердин баары мүмкүн болушунча эң жогорку деңгээлде ыңгайлуу
жана мындан бөлөк эч бир затты бул жагынан сууга салыштырууга болбойт.79
Беттик керилүүнүн жогору болушу
Суунун буга
чейин каралган бардык касиеттери жылуулукка байланыштуу касиеттери болчу. Бирок
суунун башка кээ бир маанилүү физикалык касиеттери да бар жана алар да жашоого укмуш
ыңгайлуу.
Алардын бири
суунун абдан жогору болгон беттик керилүүсү. Беттик керилүү энциклопедиялык
булактарда «суюктуктардын үстүңкү бетинин чел кабыктай керилүү касиети» деп
сүрөттөлөт. Ага суюктукту түзгөн молекулалардын бири-бирин тартуусу себеп
болот.
Беттик керилүүнүн
мисалдарын эң көп суудан көрөбүз. Суунун беттик керилүүсү абдан жогору болгондуктан, бир катар кызыктуу физикалык кубулуштар байкалат.
Мисалы, бир идишке анын бийиктигинен бир аз жогору болгон сууну куйсак да ашпай
тура берет. Же темир ийнени суунун бетине акырын туурасынан койсок, бетинде чөкпөй
калкый алат.
Суунун беттик
керилүүсү белгилүү болгон суюктуктардын дээрлик бүт баарынан жогору жана мунун кээ бир абдан маанилүү биологиялык
натыйжалары бар. Өсүмдүктөргө таасири анын эң негизгилеринин бири.
Өсүмдүктөрдүн эч
бир насосу, булчуң системасы жана башкасы жок туруп, жердин астынан сууну бир
канча метр бийиктикке кантип чыгараары тууралуу ойлонгон белеңиз? Бул суроонун
жообу беттик керилүү. Өсүмдүктөрдүн тамырларындагы каналдар суунун беттик керилүүсүнөн
пайдалана ала тургандай кылып жаратылган. Тамырлардагы каналдар жогорулаган
сайын ичкере берет жана бул суунун жогору көздөй «көтөрүлүшүнө» себеп болот.
Бул кемчиликсиз
түзүлүшкө бир аз мурда белгиленген суунун беттик керилүүсүнүн жогорулугу шарт
түзөт. Эгер суунун беттик керилүүсү башка көпчүлүк суюктуктарга окшоп төмөн
болгондо, жер бетиндеги ири өсүмдүктөрдүн жашашы физиологиялык жактан мүмкүн
болмок эмес. Беттик керилүүнүн жогору болушунун дагы бир натыйжасы – бул тоо
тектердин бузулушу. Суунун беттик керилүүсү жогору болгондуктан, тоо тектердин
ичиндеги кичинекей жаракалардын эң тереңине чейин сиңет. Андан соң суук түшкөндө,
суулар тоңот. Суу тоңуп музга айланганда, кереметтүү касиетинен улам кеңейгени
үчүн, тоо тектерди түртүп, акырындан талкалайт. Бул тоо тектердин ичиндеги
минералдардын топуракка өтүшү жана, ошондой эле, топурактын пайда болушу
жагынан абдан маанилүү.
Суунун химиялык касиеттери
![]() |
| Суунун агуучулугу төмөнүрөөк болгондо, боордун мындай капилляр системасы курула алмак эмес. |
Мунун жашоо үчүн абдан маанилүү бир натыйжасы – бул, сууда ээриген сансыз пайдалуу минералдардын жана ошого окшогон химиялык заттардын дарыялар аркылуу деңиздерге жана океандарга өткөрүлүшү. Эсептөөлөр боюнча, океан жана деңиздерге бул жол аркылуу жылына 5 миллиард тонна химиялык зат жеткирилет. Ал заттар суудагы жашоо үчүн шарт.
Суу дээрлик
белгилүү болгон бардык химиялык реакцияларды тездетет (катализдейт). Суунун дагы
бир химиялык касиети – бул, анын химиялык реактивдүүлүгүнүн идеалдуу деңгээлде
болушу. Суу күкүрт кислотасы сыяктуу абдан реактивдүү эмес, ошондуктан баарын талкалабайт,
ошол эле учурда аргон сыяктуу эч бир реакцияга кирбеген, өзгөрүүсүз бир зат да
эмес. Майкл Дентон белгилегендей, «суунун реакцияга кирүү даражасы анын
биологиялык кызматтары жагынан да, геологиялык кызматтары жагынан да мүмкүн
болушунча эң ылайыктуу чоңдукка ээ».80
Суунун химиялык
касиеттеринин жашоо үчүн ыңгайлуулугу суу жөнүндө изилдөөлөр жүргүзүлгөн сайын
улам тереңирээк аныкталууда. Йель университетинин белгилүү биофизика профессору
Гарольд Моровиц бул тууралуу мындай дейт:
Акыркы жылдары суунун мурда белгисиз
болгон бир касиетин аныктаган ачылыштар жасалды. Ал касиет (протон өткөрүмдүүлүгү)
сыягы бир гана сууга тиешелүү бир касиет жана биологиялык энергияны өткөрүп
берүү менен жашоонун келип чыгышы жагынан абдан чоң мааниге ээ. Маалыматыбыз өскөн
сайын, табияттын (жашоо үчүн) кемчиликсиз ыңгайлуулугуна болгон таң калуубуз да
артууда.81
Суунун идеалдуу агуучулук касиети
Суюктук дегенде
баарыбыздын көз алдыбызга абдан агуучу бир зат элестейт. Бирок чындыгында
суюктуктардын агуучулук деңгээли бири-биринен абдан айырмаланат. Мисалы, чайыр
(кара май), глицерин, зайтун майы жана күкүрт кислотасынын агуучулугунда абдан
чоң айырма бар. Бул суюктуктарды сууга салыштырганда андан да чоң айырма келип
чыгат. Анткени суу чайырдан 10 миллиард эсе, глицеринден миң эсе, зайтун
майынан жүз эсе жана күкүрт кислотасынан 25 эсе суюгураак.
Бул салыштыруудан
да көрүнүп тургандай, суунун агуучулук касиети абдан жогору, б.а. абдан суюк. Ал
тургай, эфир жана суюк суутек сыяктуу кадимки формасы газ болуп эсептелген
заттарды эске албаганда, суунун агуучулук касиети бардык суюктуктардан жогору деп
айтууга болот.
Суунун мынчалык жакшы
агышынын биз үчүн кандайдыр бир мааниси барбы? Бул абдан маанилүү суюктук эгер мындан
бир аз көбүрөөк же азыраак агуучу болгондо, биз үчүн айырмасы болмок беле? Майкл
Дентон бул суроолорго төмөнкүдөй жооп берет:
Эгер агуучулугу мындан жогорураак
болгондо, суу жашоого ылайыктуу пайдубал болуу касиетин толугу менен жоготмок. Мисалы,
агуучулугу суюк суутектей жогору болгондо, организмдердин түзүлүшү зыяндуу факторлорго
туш болгондо алда канча күчтүү кыймылдамак... Сезгич молекулярдык түзүлүштөргө
суунун колдоосу жетишсиз болуп, организмдин клеткасынын абдан назик түзүлүшү
жашоосун уланта алмак эмес...
Ал эми суунун агуучулугу мындан
төмөнүрөөк болгондо, (белоктор, ферменттер сыяктуу) макромолекулалардын жана
өзгөчө митохондрияга окшогон атайын түзүлүштөр менен кичинекей органеллдердин
контрольдуу кыймылдары мүмкүн болбой калмак. Ошондой эле, клетканын бөлүнүшү да
мүмкүн болбой калмак. Клетканын бардык тиричилик иш-аракеттери токтоп, биз
билгендей бир клетка жашоосу болмок эмес. Клеткалардын эмбриогенез (жатындагы
өрчүү) учурундагы кыймылдоо жана жылуу жөндөмдөрүнөн көз-каранды болгон татаал
организмдердин өрчүү процесси болсо, суунун агуучулугу бир азга эле төмөнүрөөк
болгондо, эч качан ишке ашмак эмес.82
![]() |
| Өсүмдүктөр да ичке тамырлары аркылуу сууну жеткиришет. |
Денеси чейрек миллиметрден чоңураак болгон бардык организмдер борбордук кан айлануу системасына ээ. Анткени бул көлөмдөн кийин азыктарды жана кычкылтекти «диффузия» аркылуу, б.а. түздөн-түз клетканын ичиндеги суюктукка берип, кайра алуу аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгү жоголот. Дененин ичинде көптөгөн клеткалар бар жана сырттан алынган аба менен энергияны клеткаларга бир катар «каналдар» аркылуу жеткирип, калдыктарды башка бир катар «каналдар» аркылуу чогултуу шарт. Ал каналдар кан тамырлар. Жүрөк болсо кандын агышын камсыз кылган насос. Тамырлардын ичинде аккан суюктукту «кан» деп атайбыз жана ал негизинен суудан турат. (Кандын ичиндеги клетка, белок жана гормондорду алып салганда, калган «плазма» деп аталган суюктуктун 95%ы суудан турат.)
Ошондуктан суунун
агуучулугу кан айлануу системасынын натыйжалуу иштеши жагынан абдан маанилүү. Мисалы,
эгер суунун агуучулугу чайырдыкы сыяктуу болгондо, албетте, эч бир жүрөк аны
насостой алмак эмес. Чайырдыкынан агуучулугу 100 миллион эсе жогору болгон зайтун
майына окшогон бир сууну деле жүрөк эптеп насостогон күндө дагы, ал дененин бүт
тарабын каптап турган миллиарддаган капиллярдын ичине кире алмак эмес же агышы
абдан кыйын болмок.
Капиллярларды дагы
бир аз тереңирээк карайлы. Капиллярлардын максаты дененин төрт тарабындагы
клеткалардын ар бирине керектүү кычкылтек, энергия, азык жана гормон сыяктуу
заттарды жеткирүү. Бир клетка бир капиллярдан пайдалана алышы үчүн андан эң көп
50 микрон алыстыкта жайгашышы керек. (Бир микрон миллиметрдин миңден бирине
барабар.) Мындан алысыраак жайгашкан клеткалар азык жетпей өлөт.
Ошондуктан адамдын
денеси ушундай кылып жаратылган: капиллярлар дененин бардык бөлүктөрүн желедей
курчап турат. Денебиздеги болжол менен 5 миллиард капиллярдын жалпы узундугу
950 километрге жетет. Кээ бир сүт эмүүчүлөрдө булчуң аймагынын бир сантиметр
квадратында 3000 даана ачык капилляр жайгашат. Эгер адамдын денесинин эң майда
капиллярларынын 10 миң даанасын бириктирсек, жалпы жоондугу бир кара калемдин
ичиндеги калемине араң жетет. Мындай капиллярлардын диаметри 3-5 микрондун
тегерегинде болот. Бул миллиметрдин миңден үчүнөн миңден бешине чейин дегенди
билдирет.
Бирок, албетте,
кандын ушунчалык ичке кан тамырлардын арасында тыгылбастан же ылдамдыгы
начарлабастан кыймылдашына суунун агуучулугунун жогору болушу шарт түзөт. Майкл
Дентон суунун агуучулугу бир аз эле төмөнүрөөк болсо, эч кандай кан айлануу
системасынын ишке жарабай калаарын төмөнкүчө белгилейт:
Капилляр системасы каналдардын ичине айдалган
суюктуктун агуучулугу жогору болгондо гана иштейт. Агуучулуктун жогору болушу
абдан маанилүү, себеби суюктуктун тамырдын ичиндеги кыймылы түздөн-түз суюктуктун
агуучулугунан көз-каранды... Мындан апачык көрүнүп тургандай, эгер суунун
агуучулугу бир канча эсе эле жогорураак болсо, капиллярлардан кан өтүшү
үчүн абдан жогору насостоо басымы талап кылынат жана эч бир капилляр системасы
ишке жарабайт.
Эгер суунун агуучулугу бир аз төмөнүрөөк
болсо жана эң кичинекей капиллярдын диаметри 3 микрондун ордуна, 10 микрон
болгонго мажбур болсо, анда капиллярлар кычкылтек менен глюкозаны жетиштүү деңгээлге
жеткирүү үчүн (азыктандыруу керек болгон) булчуң кыртышынын дээрлик бүт тарабын
каптайт. Мындайда чоң жашоо формаларын долбоорлоо мүмкүнчүлүгү жоголот же абдан
эле чектелет.
Ошондуктан суу жашоого ылайыктуу бир пайдубал
боло алышы үчүн, агуучулук деңгээли азыркы чоңдугуна абдан эле жакын болушу шарт.83
Башкача айтканда,
суунун бардык башка касиеттери сыяктуу, агуучулугу да жашоо үчүн мүмкүн
болушунча эң идеалдуу деңгээлде. Суюктуктардын агуучулугук деңгээлинде
миллиарддаган эсе айырмачылыктар бар. Бирок суу ошол миллиарддаган агуучулук чоңдуктарынын
арасынан эң керектүү деңгээлде жаратылган.
Жыйынтык
Бул бөлүмдө
каралган бардык маалыматтар суунун жылуулук касиеттеринин, химиялык жана
физикалык өзгөчөлүктөрүнүн, агуучулук деңгээлинин жашоо үчүн эң идеалдуу
экендигин көрсөттү. Суу жашоо үчүн ушунчалык ылайыктуу болгондуктан, кээде аны
сакташы үчүн ага табият мыйзамдарына карама-каршы касиеттер да берилген. Мисалы,
белгилүү болгон бардык суюктуктардан айырмаланып, +4°Cден төмөн температурада күтүүсүздөн кеңейип баштайт жана натыйжада муз
суунун бетине калкып чыгат.
Суу башка эч бир
суюктукка салыштыргыс деңгээлде жашоого ыңгайлуу. Ал тургай, башка бардык
шарттары (температурасы, жарыгы, электромагниттик талаасы, атмосферасы, кыртышы
ж.б. менен) жашоого ылайыктуу болгон жер планетасынын көпчүлүк бөлүгүн жашоо
үчүн эң керектүү көлөмдөгү суу массасы каптап турат. Булардын баарынын
кокусунан пайда болбошу жана ар биринин Жаратуучунун теңдешсиз чыгармалары
экендиги айдан ачык.
Тагыраак айтканда,
суунун бардык физикалык жана химиялык касиеттери бул суюктуктун атайын
адамзаттын жашоосу үчүн жаратылганын көрсөтөт. Атайын адамзаттын жашоосу үчүн
жаратылган жер планетасына кайра эле атайын адамзаттын жашоосуна пайдубал
болушу үчүн жаратылган суу аркылуу жан киргизилген. Аллах суу аркылуу бизге
жашоо берип, жеген азыктарыбыздын баарын суу аркылуу топурактан өстүргөн.
Мунун эң
маанилүү тарабы болсо, бүгүнкү күндө илим тарабынан аныкталган бул акыйкат 14
кылым мурда адамдарга жол көрсөтүүчү катары вахий кылынган Куранда кабар
берилген. Аллах Куранда адамдарга суу тууралуу мындай деп билдирет:
Силер үчүн асмандан сууну Ал түшүрөт; андан
ичесиңер, айбандарыңарды оттоткон чөп-дарактар ошонон (өсөт). Аны менен силер
үчүн эгин, зайтун, курма бактары, жүзүмдөр жана мөмөлөрдүн ар кандай түрүнөн
өстүрөт. Күмөнсүз, мында ойлоно алган бир коом үчүн аяттар бар. (Нахл Сүрөсү,
10-11)
Булактар:
76. John Ray, The Wisdom of God Manifested in the Word of Creation, 1701; Michael Denton, Nature's Destiny, s. 73
77. Lawrence Henderson, The Fitness of the Environment, Boston: Beacon Press, 1958, önsöz.
78. Жашыруун жылуулук – бул суунун температурасын өзгөртпөстөн, аны катуудан суюктукка же суюктуктан газга айланткан температура. Музду ээритүү үчүн ага жылуулук бергениңизде, муз 0°Cге чейин жетет. Анан дагы бир аз жылуулук бересиз, муздун температурасы эч өзгөрбөйт, 0°C бойдон тура берет. Бирок эми муз эмес, суу болуп калат. Температурада эч кандай айырма болбостон, катуудан суюктукка айланышы үчүн колдонулган бул энергия «жашыруун жылуулук» деп аталат.
79. Lawrence Henderson, The Fitness of the Environment, Boston: Beacon Press, 1958, s. 105
80. Michael Denton, Nature's Destiny, s. 32
81. Harold J. Morowitz, Cosmic Joy and Local Pain, New York: Scribner, 1987, s. 152-153
82. Michael Denton, Nature's Destiny, s. 33
83. Michael Denton, Nature's Destiny, s. 35-36









Комментарии
Отправить комментарий