ЖЫЙЫНТЫК: АКЫЛГА ЧАКЫРУУ
Ааламдын азыркы
түзүлүшү толугу менен кокустуктун натыйжасы
болушу мүмкүн
деген көз-караш бүтүндөй келесоолук. Келесоолук деген
сөздү жаргон тилиндеги
бир акарат ниетинде эмес, толугу менен
психологиядагы
илимий маанисинде колдондум. Чындыгында мындай
көз-караш менен шизофрениялык
ой жүгүртүүнүн ортосунда чоң окшоштуктар бар.
Карл Стерн,
Монреаль университетинин психиатры101
Бул китептин башында азыркы учурда илим дүйнөсүндө кеңири кабыл алынган «антроптук принцип» (anthropic principle) түшүнүгү тууралуу сөз кылганбыз. Ошондо да белгилегенибиздей, антроптук принцип «аалам максатсыз, башкаруусуз, туш келди заттардын жыйындысы эмес, тескерисинче адамзаттын жашоосуна кам көрүү максатында кылдаттык менен жаратылган» деген мааниге келет.
Китептин башынан бери бул чындыктын көптөгөн ар түрдүү далилдерин көрдүк. Чоң жарылуунун (big bang) жарылуу ылдамдыгынан атомдордун физикалык тең салмактуулуктарына, төрт негизги күчтүн чоңдуктарынан жылдыздардын алхимия процесстерине, космостун тартипке салынышындагы сырлардан күн системасынын өзгөчөлүктөрүнө чейин канчалаган ааламдын түзүлүшүндөгү кереметтүү жөнгө салууларды карадык. Биз жашап жаткан жер планетасынын, анын атмосферасынын, ички түзүлүшүнүн жана көлөмүнүн дал талап кылынгандай экендигин түшүндүк. Күндөн бизге келген нурдун, биз ичкен суунун жана денебизди же секунда сайын өпкөлөрүбүзгө тарткан абаны түзгөн атомдордун биздин жашообузга укмуш ыңгайлуу экендигине күбө болдук.Кыскасы, аалам жөнүндөгү бардык изилдөөлөр бизге бул ааламда адамзаттын жашоосуна ылайыкталган кереметтүү бир тартип, бир жаратылуу бар экендигин көрсөтүүдө. Бул кереметтүү жаратылууну четке кагуу, психиатр Карл Стерн айткандай, акылдын чегинен чыгуу дегенди билдирет.
Ааламдагы кемчиликсиз
тең салмактуулуктун жана тартиптин кандай мааниге келээри анык. Албетте,
ааламдын бүт тарабына катылган кереметтүү тартип ошол эле учурда ааламдын бүт
тарабын башкарган чексиз кудуреттүү жана акылдуу бир Жаратуучунун бар экендигинин
далили. Ошол Жаратуучу, чоң жарылуу теориясында айтылгандай, ааламды жоктон
жараткан.
Илим тарабынан
ачылган бул тыянак Куранда бизге кабар берилген бир чындык. Аллах ааламды
жоктон жаратып, тартипке салган:
Чындыгында, силердин Раббиңер алты күндө
асмандарды жана жерди жараткан, андан соң Аршка буйрук берген Аллах. Күндүздү
токтобостон аны кубалаган түн менен орогон, күн, ай жана жылдыздарды Өз буйругу
менен баш ийдирген... (Аьраф Сүрөсү, 54)
Бирок кызыгы,
бул чындыктын далилдеринин илим тарабынан аныкталышы кээ бир илимпоздорду абдан
тынчсыздандырган жана дагы эле тынчын алууда. Андай илимпоздор илим менен
материалисттик философияны бир деп ойлогон кишилер. Илим менен дин эч качан
бири-бирине туура келбейт, илимпоз болуу атеист болууга барабар деп
ишендирилишкен. Ааламды жана жашоону кокустуктар менен түшүндүрүүгө болот деген
жалган менен окутулушкан. Ошондуктан жаратылуунун апачык далилдерин көргөндө,
абдан таң калып тайсалдап калышууда.
Материалисттердин
бул абалын ачып көрсөтүү үчүн, аягында жашоонун келип чыгышына да кыскача токтололу.
Жашоонун келип чыгышы
Жашоонун келип
чыгышы, б.а. жер бетиндеги алгачкы организмдер кантип пайда болгон деген суроо
150 жылдан бери материализмдин эң чоң туюктарынын бири болгон. Анткени эң жөнөкөй
организм деп кабыл алынган клетканы татаалдыгы жагынан адамзат иштеп чыккан бир
дагы технологияга салыштырууга болбойт. Ыктымалдуулук эсептөөлөрү клетка мындай
турсун, клетканын эң негизги курулуш материалы болгон белоктордун да кокусунан
пайда болбой тургандыгын далилдөөдө. Бул болсо, албетте, жаратылууну, б.а.
алардын баарынын жаратылгандыгын далилдейт.
Башка эмгектерибизде
абдан терең каралган бул темага бир канча мисал менен токтололу.
Бул китептин
мурдакы беттеринде ааламдагы тең салмактуулуктардын кокусунан пайда болбой
тургандыгын карадык. Эми болсо эң жөнөкөй тирүү организмдин да кокусунан пайда
болбой тургандыгын ачып көрсөтөбүз. Бул боюнча кайрыла турган эмгектердин бири –
бул Нью-Йорк университетинин химия профессору жана ДНК адиси Роберт Шапиронун бир
эсептөөсү. Дарвинист, эволюционист Шапиро жөнөкөй бир бактериядагы 2 миң белок
түрүнүн кокусунан пайда болуу ыктымалдыгын эсептеген. (Адамдын денесинде болсо
болжол менен 200 миң белок түрү бар.) Алынган сан 1040000нан 1 ыктымалдыкка барабар.102 (Бул сан 1 санынын жанына 40 миң даана нөлдүн
жазылышынан келип чыккан жана ааламда теңдеши жок бир сан.)
Албетте, бул
сандын кандай мааниге келээри анык: жашоону кокустуктар менен түшүндүрүүгө
аракеттенген материализм жана анын табигый илимдердеги көрүнүшү болгон дарвинизм
жараксыз. Кардифф университетинин колдонмо математика жана астрономия
профессору Чандра Викрамасингхе Шапиронун эсептөөлөрү тууралуу мындай деген:
Бул сан (1040000) Дарвинди жана бүт эволюция
теориясын көмүүгө жетиштүү. Бул планетада же башка бирөөсүндө эч качан (жашоо
келип чыга турган) бир «примитивдик (алгачкы) шорпо» болгон эмес жана жашоо
кокусунан баштала албайт, демек максаттуу бир акылдын чыгармасы болушу керек.103
Белгилүү астроном
сэр Фред Хойл болсо бул жөнүндө мындай дейт:
Негизи жашоонун акылдуу бир зат тарабынан
жаратылганы ушунчалык апачык болгондуктан, адам бул апачык чындык эмне үчүн көпчүлүк
тарабынан кабыл алынбайт деген ойго келет. Мунун (кабыл алынбашынын) себеби
илимий эмес, психологиялык.104
Хойл да, Викрамасингхе
да материализмге ишенип илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн адамдар. Бирок алар
жашоонун жаратылганын көрүп, аны тастыкташкан. Бүгүнкү күндө илим дүйнөсүндөгү
дагы көптөгөн биологдор жана биохимиктер «жашоо кокусунан пайда болгон» деген
жомокко ишенишпейт.
Дарвинизмди бекем
кармангандар, б.а. дагы эле «жашоо кокусунан келип чыккан» деген пикирди
жактагандар болсо, башында айтылгандай, абдан адашып жүрүшөт. Белгилүү биохимик
Майкл Бихи «жашоо улуу бир акыл тарабынан долбоорлонгон деген түшүнүк
жашоону жөнөкөй табият мыйзамдарынын натыйжасы катары көрүүгө көнүп калган бизди
шок абалына салды»105 деп белгилегендей, бүт
нерсенин Жаратуучусу Аллахтын бар экенин түшүнүү бул кишилерди шок кылган.
Материализмге ишенген
кишилердин мындай карама-каршылыкка туш болушу анык. Себеби алар чындыкты
апачык көрсө дагы, аны танууга аракет кылышат. Аллах материализмге ишенген
адамдардын бул абалын Куранда төмөнкүчө кабар берет:
Демек, биздин
милдетибиз – материалисттик философиянын таасири менен акылдан алыстаган
кишилерди кайрадан акыл жүгүртүүгө чакыруу. Бардык терс пикирлерди бир четке
коюп ойлонууга, ааламдагы жана жандыктардагы кереметтүү түзүлүштөрдүн Аллахтын
жаратуусунун апачык далили экендигин кабыл алууга үндөө.
Асмандарды жана
жерди жоктон жаратып калыпка салган Аллах Өзү жараткан адамдарды акыл
жүгүртүүгө чакырат:
Аллах башка бир
аятта мындай дейт:
Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми насаат
алып, ойлонбойсуңарбы? (Нахл Сүрөсү, 17)
Илим жаратылуу
акыйкатын, б.а. бүт ааламдын жана жашоонун жаратылганын далилдеди. Эми кезек
илим дүйнөсүнүн бул акыйкатты көрүп, насаат алып ойлонушунда. Көп жылдардан
бери Аллахтын бар экенин танган же көрмөксөн болгон кишилер, өзгөчө муну
илимдин атынан жасагандар абдан терең жаңылганын түшүнүп, бул жолдон кайтышы
шарт.
Ошондой эле,
илим көрсөткөн бул акыйкаттан «мен Аллахтын бар экенине жана ааламды Анын
жаратканына ансыз деле ишенем» деп ойлогондор да сабак алышы керек. Алар балким
бул ишенимди үстүртөн гана кабыл алып, бул ишенимдин далилдери жөнүндө терең
ойлонбогон болушу мүмкүн. Ошондуктан ыймандын талаптарын аткарбай жүрүшү
ыктымал. Аллах Куранда мындай адамдарды төмөнкүчө сүрөттөйт:
Айткын: «Эгер билсеңер (айткыла:) Жер жүзү жана
андагы нерселер кимдики?» «Аллахтыкы» деп айтышат. Айткын: «Дагы эле насаат
(сабак) алып, ойлонбойсуңарбы?» Айткын: «Жети асмандын Рабби жана улук Арштын
Рабби ким?» «Аллах» дешет. Айткын: «Дагы эле (күнөөлөрдөн) сактанбайсыңарбы?»
Айткын: «Эгер билсеңер (айткыла:) Бардык нерселердин кожоюндугу (мүлк жана
башкаруусу) кимдин колунда? Ал коргоп, кубат берет, бирок Өзү корголбойт
(коргоого муктаж эмес).» «Аллахтын колунда» дешет. Айткын: «Андай болсо, кантип
мындайча сыйкырланып калуудасыңар?» (Мүминун Сүрөсү, 84-89)
Адам Аллахтын
бар экенин жана бүт баарын Анын жаратканын түшүнгөн соң, бул акыйкатка кайдыгер
карашы кандайдыр бир мааниде анын «сыйкырланып калганын» көрсөтөт. Себеби биз
жашап жаткан ааламды жана жерди биз үчүн кемчиликсиз кылып жаратып, андан соң
бизди бул дүйнөгө алып келген Аллах, жана адам бул чындыкты жашоосундагы эң
негизги чындык катары кабыл алышы керек. Асмандардын, жердин жана экөөнүн
ортосундагы бүт нерсенин Рабби (Кожоюну) Аллах. Адамдын да Аллахты Кожоюн тутушу,
б.а. Ага сыйынышы шарт. Аллах бул чындыкты бизге төмөнкүчө кабар берет:
(Аллах) Асмандардын, жердин жана ал экөөнүн
арасындагылардын Рабби; демек, Ага ибадат кыл (сыйын) жана Ага ибадатта
чечкиндүү бол. Анын теңдеши болгон бирөө барбы? (Мариям Сүрөсү, 65)
Булактар:
101. Jeremy Rifkin, Algeny, New York: The Viking Press, 1983, s. 114
102. Robert Shapiro, Origins: A Sceptics Guide to the Creation of Life on Earth, New York, Summit Books, 1986. s.127
103. Fred Hoyle, Chandra Wickramasinghe, Evolution from Space, New York, Simon & Schuster, 1984, s. 148
104. Fred Hoyle, Chandra Wickramasinghe, Evolution from Space, s. 130
105. Michael Behe, Darwin's Black Box: The Biochemical Challenge to Evolution, New York, The Free Press, 1996, s. 252-53


Комментарии
Отправить комментарий