ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ: АТОМДОРДУН РИТМИ
Табияттын
тереңинде жүрүп жаткан
процесстердин
татаалдыгын дүйнөнүн
эң күчтүү мээлери
да араң түшүнүп жатса,
анда ал
процесстерди кантип бир кырсыктан,
бир сокур
кокустуктан гана келип чыккан
деп айта алабыз?
Пол Дэвис, физика профессору31
Мисалы, мурдакы бөлүмдө каралган төрт негизги күчтүн өлчөмү бир аз башкачараак болгондо, аалам бир гана радиациядан түзүлмөк. Нурлардын аралашмасынан турган андай ааламдын ичинде, албетте, галактикалар, жылдыздар, планеталар жана биз адамдар да болмок эмеспиз. Бирок төрт негизги күч укмуш кемчиликсиз жаратылганы үчүн, чоң жарылуудан кийин азыр биз «зат, материя» деп атаган нерсенин негизги курулуш материалы болгон атомдор пайда болгон.
Илимпоздордун
жалпы пикири боюнча, чоң жарылуудан кийинки алгачкы 14 секунданын ичинде
ааламдын эң негизги эки атому пайда боло баштаган: суутек жана гелий. Чоң
жарылуудан кийин ааламдын температурасы абдан бат төмөндөп, зат өтө чоң
ылдамдык менен айланага тарап жатканда, суутек жана гелий атомдору пайда
болгон. Башкача айтканда, чоң жарылуудан кийин пайда болгон «алгачкы аалам» бир
гана суутек менен гелийден турган бир «газ жыйындысы» болгон. Эгер аалам ошол
бойдон өзгөрүүсүз калганда, ичинде жашоо болмок эмес. Ичинде бир да жылдыз,
планета, таш, топурак, дарак жана адам болмок эмес. Мейкиндикте сүзүп жүргөн
эки түрдүү газдан гана турган бир аалам, б.а. өлүү аалам болмок.
Бир гана
газдардан турган бул ааламдын ичинде кантип андан оор элементтер, мисалы, бүт
организмдердин эң негизги курулуш материалы болгон көмүртек пайда болгон?
Бул суроону
изилдеген илимпоздор 20-кылымдын эң таң калаарлык илимий ачылыштарынын
бирөөсүнө кезигишкен.
Элементтердин түзүлүшү
Химия заттын ички түзүлүшүн изилдеген илим тармагы. Химиянын пайдубалы – бул мезгилдик таблица. Биринчи жолу орус химик Дмитрий Иванович Менделеев тарабынан түзүлгөн мезгилдик таблица жердеги элементтердин атомдук түзүлүшүнө жараша тизилген. Мезгилдик таблицанын эң башында суутек турат. Анткени суутек бардык элементтердин эң жөнөкөйү. Ядросунда жалгыз протон бар. Ал протондун айланасында жалгыз электрон айланат.
Протондор атомдордун ядролорунда жайгашкан, оң (+) заряддуу бөлүкчөлөр. Суутекте жалгыз протон болсо, мезгилдик таблицада экинчи болуп жайгашкан гелийде эки протон бар. Көмүртекте алты, кычкылтекте сегиз протон болот. Ядролорундагы протондордун санына жараша элементтер бири-биринен айырмаланышат.
Атомдун
ядросунда протондон тышкары нейтрон аттуу бөлүкчө да жайгашкан. Нейтрондордо
электрдик заряд болбойт, ансыз деле «нейтрон» деген сөз «заряды жок» дегенди
билдирет.
Атомду түзгөн
үчүнчү негизги бөлүкчө болсо терс (-) заряддуу электрондор. Электрондор берки
эки бөлүкчөнүн тескерисинче, ядродо эмес, ядронун сыртында жайгашат. Ар бир
атомдо ядродогу протондордун санына барабар санда электрон болот. Карама-каршы
заряддар бири-бирин тартканы үчүн, электрондор борбордогу протондорго тартылат,
бирок ылдамдыгы аларды тартылуудан сактайт.
Элементтер,
жогоруда айтылгандай, атомдорунун түзүлүшүнө жараша бири-биринен айырмаланат.
Суутектин атомунун темирден айырмасы суутектин протон жана электронунун саны 1,
темирдики болсо 26.
Бирок дүйнөнүн
шарттарында элементтерди бири-бирине айландыруу мүмкүнчүлүгү жок. Себеби бир
элемент башка элементке айланышы үчүн ядросундагы протондорунун саны өзгөрүшү
керек. Анткен менен, протондор ааламдагы эң чоң физикалык күч болуп эсептелген
күчтүү ядролук күч аркылуу бири-бирине кармалып турат жана ядролук реакция
аркылуу гана ордунан жылышы мүмкүн. Ал эми табигый дүйнө шарттарындагы
реакциялардын баары электрон алмашуусуна таянган жана ядрого таасир тийгизбеген
химиялык реакциялар.
Алхимия
аракеттери Орто кылымда абдан популярдуу болгон. Алхимиктер жогоруда айтылган
чындыкты билбегени үчүн, элементтерди бири-бирине айлантууну кыялданышкан жана
темир сыяктуу металлдарды алтынга айлантууга аракеттенишкен. Бирок алхимия
дүйнөнүн шарттарында мүмкүн эмес. Анткени элементтер абдан жогору
температураларда гана бири-бирине айланат.
Талап кылынган
мындай жогору температура бир гана жылдыздарда болот.
Алхимия борборлору: кызыл алптар
Элементтерди бири-бирине айлантууга керектүү температура болжол менен 10 миллион градуска барабар. Ошондуктан чыныгы мааниде «алхимия» бир гана жылдыздарда болот. Биздин күнүбүзгө окшогон орто көлөмдөгү жылдыздарда үзгүлтүксүз түрдө суутек гелийге айландырылат жана натыйжада эбегейсиз энергия бөлүнүп чыгат.Эми ушул негизги химия маалыматтарын эске алып, чоң жарылуудан кийинки абалды карайлы. Чоң жарылуудан кийин ааламда бир гана суутек жана гелий атомдорунун пайда болгонун жогоруда белгиледик. Астрономдор бул атомдордон турган эбегейсиз чоң булуттар атайын белгиленген шарттардын таасири аркылуу кысылып, күнгө окшогон жылдыздарды пайда кылган дешет. Бирок ошондо да аалам баары бир эки гана элементтен турган өлүү газ жыйындысы бойдон кала берет. Ошондуктан дагы бир процесс аркылуу бул эки газ оорураак элементтерге айланышы керек болот.
Оор
элементтердин өндүрүш борборлору болуп кызыл алптар, б.а. күндөн орточо 50
эсеге чоң гигант жылдыздар эсептелет.
Кызыл алптар
күнгө окшогон кадимки жылдыздардан алда канча ысык жана ушул себептен кадимки
жылдыздар жасай албаган нерсени жасашат: гелий атомдорун көмүртек атомдоруна
айландырышат. Бирок бул жөнөкөй процесс эмес. Америкалык астроном Гринштейндин
айтуусу боюнча, «бул жылдыздардын тереңинде абдан кереметтүү бир процесс
ишке ашат.»32
Гелийдин атомдук
салмагы 2ге барабар, б.а. ядросунда 2 протон бар. Көмүртектин атомдук салмагы
болсо 6га барабар, б.а. 6 протону бар. Кызыл алптардын укмуш жогорку
температурасында үч гелий атому биригип, бир көмүртек атомун пайда кылат. Бул
чоң жарылуудан кийин ааламда оор элементтердин пайда болушун камсыз кылган эң
негизги «алхимия» процесси болгон.
Бирок бир
нерсени белгилей кетүү керек. Гелий атомдору бири-бирине жакындаганда магниттей
биригип кете турган заттар эмес. Үчөөсүнүн биригип бир көмүртек атомун пайда
кылышы болсо эч мүмкүн эместей сезилет. Андай болсо көмүртек кантип пайда
болот?
Бул процесс эки
баскычтан турат. Алгач эки гелий атому биригет жана натыйжада төрт протону жана
төрт нейтрону бар бир «өткөөл формула» пайда болот. Бул өткөөл формулага үчүнчү
гелий атому кошулганда, алты протону жана алты нейтрону бар көмүртек атому
келип чыгат.
Бул өткөөл
формула «бериллий» деп аталат. Кызыл алптарда пайда болгон бериллий төрт
протон жана төрт нейтрондон турат. Бирок ал бериллий дүйнөдөгү бериллийдин
кадимки түзүлүшүнөн айырмаланат. Мезгилдик таблицада жайгашкан кадимки
бериллийдин кошумча дагы бир нейтрону бар. Кызыл алптардын ичинде пайда болгон
бериллий башкача бир версия. Химиянын тилинде бул «изотоп» деп аталат.
Кызыл алптардын
ичинде пайда болгон мындай бериллий изотобунун анормалдуу даражада туруксуз
болушу бул багытта изилдөөлөрдү жүргүзгөн физиктерди көп жылдар бою таң
калтырган. Алар ушунчалык туруксуз болгондуктан, пайда болгондон 0,000000000000001
секундадан кийин ажырап кетишет!
Анда пайда
болоор замат ажырап жок болуп кеткен мындай бериллий изотобунун жанына кантип
кокусунан дагы бир гелий атому келет да, аны менен биригип көмүртекке айланат?
Бул кокусунан биринин үстүнө экинчиси туруп калганда 0,000000000000001 секунданын ичинде бири-бирин учуруп
жибере турган эки кирпичтин үстүнө үчүнчү кирпичтин жайгашып калышы жана
ошентип бир курулуштун келип чыгышы сыяктуу эч ыктымалсыз бир көрүнүш. Андай
болсо бул процесс кызыл алптарда кантип ишке ашат? Бул суроонун жообун он
жылдар бою дүйнөнүн бардык физиктери кызыгып издеди. Бирок эч ким жооп тапкан
жок. Буга биринчи болуп жол көрсөткөн киши америкалык астрофизик Эдвин Солпитер
болду. Солпитер биринчи болуп бул суроону «резонанс» түшүнүгү аркылуу
түшүндүрдү.
Резонанс жана кош резонанс
Эки телонун
жыштыктарынын бири-бирине дал келиши резонанс деп аталат.
Физиктер
резонансты түшүндүрүү үчүн кээ бир мисалдарды колдонушат. Алардын бири селкинчек:
балдар паркына барып, селкинчекте бир баланы күүлөп жатканыңызды элестетиңиз.
Башында кыймылсыз турган селкинчек сиз түрткөндө күүлөнүп, ары-бери термеле
баштайт. Сиз селкинчектин артында турасыз жана сизге келген сайын аны кайра
түртөсүз. Бирок көңүл бурган болсоңуз, селкинчекти анын кыймылына «дал келип»
түртүшүңүз керек. Колуңуздун күчүн селкинчектин сизди карай багытталган кыймылы
дал бүткөн учурда беришиңиз зарыл. Эгер селкинчекти андан мурдараак түртүүгө
аракет кылсаңыз, кандайдыр бир мааниде сүзүшүү келип чыгып, селкинчектин тең
салмагы бузулат. Эгер бир аз кечирээк түртүүгө аракет кылсаңыз, селкинчек
сизден ансыз деле алыстап баратканы үчүн, эч кандай пайдасы болбойт.
Дээрлик бүт
адамдар башынан өткөргөн бул кубулушту физиканын тили менен сүрөттөөдө
«жыштыктардын дал келиши», б.а. резонанс деген түшүнүк колдонулат. Селкинчектин
бир жыштыгы бар, мисалы ар бир 1,7 секунда сайын сиз турган жерге келип турат.
Ошондуктан сиз колуңуз менен ар бир 1,7 секундада бир жолу селкинчекти
түртөсүз. Эгер селкинчекти бир аз ылдамыраак күүлөсөңүз, анда 1,5 секундада
бир, 1,4 секундада бир сыяктуу башка бир жыштыкка дал келишиңиз керек болот. Жыштыкка
дал келсеңиз, б.а. резонансты кармасаңыз, селкинчекти тең салмактуу түртөсүз.
Эгер резонансты кармай албасаңыз, селкинчек күүлөнбөйт.33
Резонанс эки
кыймылдап жаткан телону дал келтирүүдөн тышкары, кээде кыймылсыз бир телонун
кыймылдап башташына да шарт түзүшү мүмкүн. Мунун мисалдары музыка аспаптарында
кездешет. «Акустикалык резонанс» деп аталган мындай таасир, мисалы, бирдей үнгө
аккорд кылынган эки кыл кыяктын ортосунда келип чыгат. Эгер аккорддору бирдей
болгон эки кыл кыяктын бирин ойносоңуз, экинчисинде да эч тийбегениңизге
карабастан, бир толкун жана натыйжада үн пайда болот. Эки кыл кыяк тең бирдей
жыштыкка күүлөнгөнү үчүн, бириндеги кыймыл экинчисине да таасир берет.34
Селкинчектеги же
кыл кыяктагы мындай резонанстар жөнөкөй резонанстар болуп эсептелет. Аларды
кармоо оңой. Бирок физикадагы башка кээ бир резонанстар мынчалык оңой эмес.
Өзгөчө атомдордун ядролорунун ортосундагы резонанстар абдан кылдат тең
салмактарга таянат.
Ар бир атом
ядросунун табигый энергия деңгээли бар. Физиктер аларды көпкө
созулган изилдөөлөр аркылуу аныкташкан. Атомдордун энергия деңгээлдеринде чоң
айырмалар бар. Бирок кээ бир сейрек учурларда бир катар атомдордун ядролорунун
ортосунда резонанстардын келип чыгаары аныкталган. Ошол резонанстардын
негизинде атомдордун ядролорунун кыймылдары бири-бирине дал келет. Бул болсо ядролорго
таасир тийгизе турган ядролук реакцияларга жардам берет.35
![]() |
| Фред Хойл |
Кызыл алптарда
көмүртектин кантип пайда болоорун түшүнүүнү көздөгөн Эдвин Солпитер гелий менен
бериллийдин ядролорунун ортосунда ушул сыяктуу бир резонанс бар деген ойду
айткан. Солпитер ушул резонанстан улам гелий атомдорунун бериллийди пайда кылуу
ыктымалдыгы абдан жогору болушу мүмкүн жана кызыл алптардагы кубулушту ушул
аркылуу түшүндүрүүгө болот деп айткан. Бирок эсептөөлөр Солпитердин көз-карашын
тастыктаган эмес.
Бул маселеге
маанилүү салым кошкон экинчи киши белгилүү астроном Фред Хойл болгон. Хойл
Солпитердин резонанс тууралуу көз-карашын өнүктүрүп, «кош резонанс»
деген түшүнүктү киргизген. Хойл кызыл алптардын ичинде эки гелийди бериллийге
айлантуучу бир резонанс жана ал туруксуз затка ошол замат үчүнчү гелийди
кошуучу дагы бир резонанс болушу керек деген ойду айткан. Эч ким Хойлго ишенген
эмес, анткени бир резонанстын бар болуу ыктымалдыгы да абдан төмөн болсо, эки
резонанстын ишке ашышы такыр эле мүмкүн эместей көрүнгөн. Хойл муну көп жылдар
бою изилдеп, эсептөөлөрдү жүргүзгөн жана аягында эч ким күтпөгөн чындыкты
аныктаган: кызыл алптарда чындап эле «кош резонанс» бар экен. Эки гелий
резонанс аркылуу биригээри менен, андан келип чыккан бериллий 0,000000000000001 секунданын ичинде үчүнчү гелий менен
дагы бир резонанс жасап биригет жана ошентип көмүртекти пайда кылат.
Джордж Гринштейн
бул «кош резонанстын» эмне үчүн абдан кереметтүү бир механизм экендигин
төмөнкүчө түшүндүрөт:
Бул кубулушта бири-бирине эч окшобогон үч
түзүлүш (гелий, бериллий жана көмүртек) менен бири-бирине эч окшобогон эки
резонанс бар. Бул атом ядролорунун эмне үчүн мынчалык бири-бирине шайкеш
иштээрин түшүнүү абдан кыйын... Башка ядролук реакциялар мынчалык кереметтүү
даражада ооматтуу кокустуктар тизмегин пайда кылышпайт... Бул бир велосипеддин,
бир жеңил машинанын жана бир жүк ташуучу машинанын ортосунда абдан күчтүү жана
татаал резонанстарды табууга окшошот. Эмне үчүн ушунчалык байланышы жок
түзүлүштөр бири-бирине шайкеш келсин? Биздин жана ааламдагы бардык жашоо
формаларынын жашоосуна ушул кереметтүү процесс шарт түзгөн.36
Кийинчерээк
кычкылтекке окшогон башка кээ бир элементтердин да ушул сыяктуу кереметтүү
резонанстар аркылуу пайда болгону аныкталган. Бул «кереметтүү процесстерди»
биринчи болуп ачкан Фред Хойл болсо «Galaxies, Nuclei and Quasars» (Галактикалар, ядролор жана квазарлар) аттуу китебинде «бул кокусунан болбой
турганчалык пландуу бир процесс» деген жыйынтыкка келген жана чечкиндүү
материалист болгонуна карабастан, өзү ачкан кош резонанстын «пландалган жумуш»
экенин кабыл алган.37 Башка бир макаласында
болсо мындай деп жазган:
Эгер жылдыз нуклеосинтези (атом ядросунун
биригиши) аркылуу көмүртекти же кычкылтекти алууну кааласаңыз, жөнгө салышыңыз
керек болгон эки деңгээл бар. Жана дал азыркы жылдыздардагыдай кылып жөнгө
салышыңыз шарт... Чындыктарды акыл менен таразалап чыгарган тыянагыбыз
көрсөткөндөй, улуу бир Акыл физикага, химияга жана биологияга кийлигишкен
жана табиятта сөз кылууга татый турган аң-сезимсиз күчтөр жок. Чындыктарды
эсептөөдөн чыккан сандар ушунчалык акылга сыйгыс болгондуктан, мени бул
тыянакты эч талашсыз кабыл алууга түртүүдө.38
Хойл башка
илимпоздордун да бул акыйкатты көрмөксөн боло албашын төмөнкүчө баса
белгилеген:
Далилдерди карап көргөн кандайдыр бир
илимпоз өзүн төмөнкүдөй тыянак чыгаруудан токтото албайт деп ойлойм: физика
мыйзамдары жылдыздардын ичинде алынган жыйынтыктарына караганда, пландуу түрдө
жөнгө салынган.39
Илимпоздордун
апачык далилдердин негизинде барган бул жыйынтыгы бизге Куранда 1400 жыл мурда
кабар берилген. Аллах асмандардын шайкештик менен жаратылганын бир аятында
төмөнкүчө билдирет: «Аллахтын
жети асманды бири-бирине төп келүүчү (шайкеш) кылып жаратканын көрбөй
жатасыңарбы?» (Нух сүрөсү, 15)
Кичинекей алхимия борбору: күн
![]() |
1. Суутек катмары 2. Ысык үстүңкү суутек катмарына өтөт 3. Үстүңкү бетке өткөн ысык 4. Гелий ядро |
Күндөгү ядролук реакция биздин жашообуз үчүн бери дегенде кызыл алптардагы реакциядай шарт. Ошондой эле, күндөгү ядролук реакция да кызыл алптардагыдай «жөнгө салынган бир жумуш».
Күндөгү ядролук
реакциянын баштапкы элементи болгон суутек, жогоруда айтылгандай, ааламдагы эң
жөнөкөй элемент. Ядросунда бир гана протон болот. Гелийдин ядросунда болсо эки
протон жана эки нейтрон жайгашат. Күндөгү реакцияда төрт суутек биригип бир
гелийди пайда кылат. Бул процесс учурунда эбегейсиз чоң энергия бөлүнүп чыгат.
Жерге келген жылуулук жана жарык энергиясынын дээрлик бүт баары күндүн ичиндеги
ушул ядролук реакциядан пайда болот.
Бирок кызыл
алптардагы сыяктуу, бул ядролук реакция да негизи көп күтүлбөгөн бир процесс
болуп эсептелет. Айланада жүргөн төрт атом туш келди биригип, бир заматта
гелийди пайда кыла албайт. Ал үчүн кайра эле кызыл алптардагы сыяктуу, эки
баскычтуу бир процесс ишке ашат. Алгач эки суутек биригип, бир протону жана бир
нейтрону бар бир «өткөөл формула» пайда болот. Мындай өткөөл формула «дейтрон»
деп аталат.
Дейтронду
кармаган, эки атом ядросун бири-бирине жабыштырган кайсы күч? Ал күч мурдакы
бөлүмдө каралган «күчтүү ядролук күч». Бул ааламдагы эң чоң физикалык күч.
Тартылуу күчүнөн миллиард көбөйтүү миллиард көбөйтүү миллиард көбөйтүү миллиард
эсе күчтүү. Ошол күчү менен эки суутек ядросун бири-бирине жабыштыра алат.
Бирок изилдөөлөр
күчтүү ядролук күчтүн бул жумушка араң жетээрин көрсөттү. Эгер учурдагы
чоңдугунан бир аз эле алсызыраак болсо, эки суутек ядросун бириктире албайт.
Бири-бирине жанашкан эки протон ошол замат бири-бирин түртөт жана натыйжада
күндөгү ядролук реакция башталбай жатып аяктайт. Башкача айтканда, күн эч качан
болбойт. Джордж Гринштейн бул чындыкты «эгер күчтүү ядролук күч бир аз эле
алсызыраак болгондо, жердин жарыгы эч качан күймөк эмес» деп сүрөттөгөн.40
Күчтүү ядролук
күч бир аз күчтүүрөөк болсо эмне болот? Бул суроого жооп берүүдөн мурда, эки
суутектин бир дейтронго айлануу процессин дагы бир жолу карайлы. Көңүл бурган
болсоңуз, бул процесс эки бөлүктөн турат: алгач бир протон зарядын жоготуп,
нейтронго айланат. Андан соң ал нейтрон башка бир протон менен биригип, дейтрон
атомун пайда кылат. Аларды бириктирген күч, жогоруда айтылгандай, күчтүү
ядролук күч. Протонду нейтронго айланткан күч болсо башка; ал «алсыз ядролук
күч». Алсыз ядролук күчтүн бир протонду нейтронго айлантышы болжол менен 10 мүнөткө
созулат. Бул атомдун деңгээлинде абдан узун убакыт жана күндөгү ядролук
реакциянын «жайбаракат» уланышын камсыз кылат.
Эми бул
маалыматтын негизинде жогорудагы суроону кайрадан узаталы: эгер күчтүү ядролук
күч бир аз күчтүүрөөк болсо эмне болот? Анда күндөгү реакция бүтүндөй өзгөрөт.
Анткени бул учурда алсыз ядролук күч толугу менен иштен чыгат. Күчтүү ядролук
күч бир протондун 10 мүнөттүн ичинде нейтронго айланышын күтпөстөн, заматта эки
протонду бири-бирине жабыштырат. Натыйжада дейтрондун ордуна, эки протондуу бир
атом ядросу пайда болот.
Мындай түзүлүштү
илимпоздор «дипротон» деп аташат. Тажрыйбада мындай нерсе жок, бул ойдон
чыгарылган бир элемент. Бирок эгер күчтүү ядролук күч бир аз күчтүүрөөк болсо,
анда күндүн ичинде дипротон пайда болот. Бул «жайбаракат» күйүп жаткан күндүн
түзүлүшүн бүтүндөй өзгөртөт. Джордж Гринштейн «күчтүү ядролук күч бир аз
күчтүүрөөк болсо» эмне болоорун төмөнкүчө түшүндүрөт:
Анда күн бүтүндөй өзгөрөт, себеби күндөгү
реакциянын биринчи баскычында дейтрон эмес, дипротон иштелип чыгат. Алсыз
ядролук күчтүн ролу жоголуп, бир гана күчтүү ядролук күч иштейт... Жана мындай
абалда күндүн күйүүчү заты заматта абдан күчтүү күйүүчү затка айланат. Ал
күйүүчү зат ушунчалык күчтүү болгондуктан, күн жана ага окшогон бардык башка
жылдыздар бир канча секунданын ичинде абага учат.41
Күндүн абага
учушу болсо бир канча мүнөттүн ичинде бүт жер планетасын жана андагы бардык
жандыктарды куйкалайт жана көгүлтүр планета бир канча секунданын ичинде көмүргө
айланат. Бирок күчтүү ядролук күчтүн чоңдугу дал керектүү өлчөмдө болгону үчүн,
күнүбүздө тең салмактуу ядролук реакция жүрөт жана ал «жайбаракат» күйөт.
Булардын баары
күчтүү ядролук күчтүн өлчөмүнүн адамзаттын жашоосуна эң ылайыктуу кылып жөнгө
салынганын көрсөтөт. Эгер бул жөнгө салууда бир катачылык кеткенде, күнгө
окшогон жылдыздар же эч болмок эмес, же болбосо пайда болоор замат кыска
убакыттын ичинде үрөй учурарлык жарылуулар аркылуу жок болмок.
Башкача
айтканда, күндүн түзүлүшү да туш келди, максатсыз эмес. Тескерисинче, Аллах «күн жана ай (белгилүү) бир эсеп менен» (Рахман
Сүрөсү, 5) деген аяты аркылуу Куранда бизге билдиргендей, бул жылдызды атайын
адамзаттын жашоосуна ыңгайлуу кылып жараткан.
Протондор жана электрондор
Буга чейин
атомдун ядросуна таасир берген күчтөрдүн тең салмактуулугу тууралуу сөз кылдык.
Бирок атомдун ичинде али карала элек абдан маанилүү дагы бир тең салмактуулук
бар. Бул атомдун ядросу менен анын сыртындагы электрондордун ортосундагы тең
салмактуулук.
Электрондордун
ядронун айланасында тынымсыз айланаарын билебиз. Анын себеби электрдик заряд. Бардык
электрондор терс (-) зарядга, бардык протондор болсо оң (+) зарядга ээ. Жана
физика мыйзамы боюнча карама-каршы уюлдар бири-бирин тартат, бирдей уюлдар
бири-бирин түртөт. Ошондуктан атомдун ядросундагы оң заряд электрондорду өзүнө
тартат. Ушул себептен электрондор ылдамдыгынан келип чыккан борбордон четтөөчү
күчкө карабастан, ядронун айланасынан алыстабайт.
Атомдордун бул
электрдик зарядга байланыштуу абдан маанилүү тең салмактары да бар. Борбордо
канча протон болсо, атомдун сыртында ошончо электрон болот. Мисалы,
кычкылтектин атомунун борборунда 8 протону бар жана ошондуктан 8 даана
электрону болот. Натыйжада атомдордун электрдик заряды тең салмакка келет.
Булар химиянын
негизги маалыматтары. Бирок бул маалыматтарда көп адамдар көңүл бурбаган бир
жагдай бар: протон электрондон бир топко чоң. Протондун көлөмү да, массасы да
электрондон бир топ жогору. Эгер көлөмүн салыштыра турган болсок, ортолорундагы
айырма болжол менен бир адам менен бир жаңгактын ортосундагы айырмага барабар.
Башкача айтканда, электрон менен протондун физикалык түзүлүштөрү көп деле «тең
салмактуу» эмес.
Бирок электрдик
заряддары бири-бирине барабар!
![]() |
| 1. Протон 2. Электрон |
Бирөө оң,
экинчиси терс электрдик зарядга ээ, бирок ал заряддардын күчү бири-бирине
толугу менен барабар. Бирок буга мажбурлай турган эч кандай себеп жок.
Тескерисинче, физикалык жактан караганда электрондун электрдик зарядынын бир
топко төмөн болушу күтүлөт.
Эгер ушундай
болгондо, б.а. протон менен электрондун электрдик заряддары барабар болбогондо,
эмне болмок?
Анда ааламдагы
бардык атомдор протондогу ашыкча оң заряддан улам оң электрдик зарядга ээ
болмок. Натыйжада ааламдагы бардык атомдор бири-бирин түртмөк.
Азыр ушундай
абал келип чыкса эмне болот? Ааламдагы атомдордун баары бири-бирин түртсө
кандай болот?
Анда абдан
өзгөчө кырдаал келип чыгат. Эң биринчиден сиздин денеңизде кандай өзгөрүүлөр
болоорунан баштайлы. Атомдордо мындай өзгөрүү келип чыгаар замат, бул китепти
кармап турган колдоруңуз бир заматта чачырап кетет. Бир эле колдоруңуз эмес,
тулку боюңуз, буттарыңыз, башыңыз, көздөрүңүз, тиштериңиз, кыскасы, денеңиздин
бардык мүчөлөрү ошол замат абага учат. Ичинде отурган бөлмөңүз, терезенин ары
жагындагы сырткы дүйнө да бир заматта абага учат. Дүйнө жүзүндөгү бардык
океандар, тоолор, күн системасындагы бардык планеталар жана ааламдагы бардык
асман телолору бир заматта чексиз бөлүктөргө ажырап, жок болушат. Жана ааламда
эч качан көзгө көрүнөрлүк бир зат пайда болбойт. Аалам деп аталган нерсе
тынымсыз бири-бирин түрткөн атомдордун башаламан кыймылынан гана туруп калат.
Мынчалык чоң
апаат келип чыгышы үчүн, электрон менен протондун электрдик заряддарында
канчалык тең салмаксыздык болушу керек? Бир пайыздык айырма болсо, ошондо да
ушундай апаат келип чыгабы? Же критикалык чек миңден бирге барабарбы? Джордж
Гринштейн «The
Symbiotic Universe»
(Симбиотикалык аалам)
аттуу китебинде бул тууралуу мындай дейт:
Эгер эки электрдик заряддын ортосунда 100
миллиарддан бир өлчөмүндөй эле айырма болгондо, бул адамдар, таштар сыяктуу
кичинекей телолордун талкаланышына жетиштүү болмок. Жер жана күн сыяктуу
чоңураак телолор үчүн болсо, бул тең салмактуулук андан да кылдатыраак. Асман
телолоруна керектүү тең салмактуулук миллиард көбөйтүү миллиарддан бирге
барабар.42
Бул тең
салмактуулук бизге дагы бир жолу ааламдын кокусунан, туш келди пайда
болбогонун, белгилүү бир максатка ылайык жаратылганын далилдейт. Астрофизик У.
Пресс «Nature» журналындагы бир макаласында жазгандай, «ааламда
акылдуу жашоонун келип чыгышына колдоо көрсөткөн улуу бир долбоор бар».43
Жана, албетте,
ар бир долбоор аны жасаган бир акылдын бар экенин далилдейт. Бүт ааламды жоктон
жараткан жана улуу күч-кудуреттин ээси – ааламдардын Рабби Аллах. Куранда кабар
берилгендей, «Аллах асманды куруп, белгилүү бир
тартипке салган.» (Назиат Сүрөсү, 27-28)
Ааламдагы
заттардын жогоруда каралган кереметтүү тең салмактуулуктар аркылуу өз ордунда,
туруктуу турушу болсо Аллахтын кемчиликсиз жаратаарынын бир далили. Куранда
айтылгандай, «асмандын жана жердин Анын буйругу менен турушу да Анын
аят-далилдеринен». (Рум Сүрөсү, 25)
Булактар:
31. Paul Davies, Superforce, New York: Simon and Schuster, 1984, s. 243
32. George Greenstein, The Symbiotic Universe, s. 38
33. Grolier Multimedia Encyclopedia, 1995 34. Grolier Multimedia Encyclopedia, 1995
35. Бул жерде айтылган резонанс төмөнкүчө жүрөт: эки атомдун ядросу бириккенде, пайда болгон жаңы ядро аны түзгөн эки ядронун массалык энергиясынын суммасын да, алардын кинетикалык энергияларынын суммасын да алат. Жаңы ядро атомдордун табигый энергия баскычтарындагы белгилүү энергия деңгээлине жетүүнү көздөйт, бирок ал үчүн ага келген жалпы энергия ошол энергия деңгээлине дал келиши керек. Эгер жаңы ядронун энергиясы табигый энергия деңгээлине дал келбесе, жаңы ядро ошол замат ажырайт. Жаңы ядро туруктуу болушу үчүн андагы энергия менен ал пайда кылган атомдун табигый энергия деңгээли барабар болушу шарт. Бул барабардык орногондо, «резонанс» ишке ашат. Бирок мындай резонанстын келип чыгуу ыктымалдыгы абдан төмөн.
36. George Greenstein, The Symbiotic Universe, s. 43-44
37. Paul Davies. The Final Three Minutes, New York: BasicBooks, 1994, s. 49-50 (Hoyle'dan alıntı)
38. Paul Davies. The Accidental Universe, Cambridge: Cambirdge University Press, 1982, s. 118 (Hoyle'dan alıntı)
39. Fred Hoyle, Religion and the Scientists, London: SCM, 1959; M. A. Corey, The Natural History of Creation, Maryland: University Press of America, 1995, s. 341
40. George Greenstein, The Symbiotic Universe, s. 100
41. George Greenstein, The Symbiotic Universe, s. 100
42. George Greenstein, The Symbiotic Universe, s. 64-65
43. W. Press, "A Place for Teleology?", Nature, vol. 320, 1986, s. 315








Комментарии
Отправить комментарий