ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ: АСМАНДАРДАГЫ ТАРТИП
... Андай болсо заттын артында башка бир нерсе
болушу керек,
кандайдыр бир жол
менен аны башкарган бир нерсе.
Жана муну бир
Жаратуучунун бар экендигинин
математикалык
далили деп айтууга болот.
Гай Мерчи, америкалык
илимпоз44
Кытай астрономдору көрүп, жазып калтырган бул кубулуш ааламдагы эң кызыктуу астрономиялык калыптануулардын бири болгон негизи. Ал бир «супернова» (supernova) болгон.
«Супернова» термини
астрономдор тарабынан бир жылдыздын жарылып чачырашын сүрөттөө үчүн колдонулат.
Бир эбегейсиз чоң жылдыз коркунучтуу бир жарылуу аркылуу өзүн-өзү жок кылат
жана ичиндеги зат да өтө чоң ылдамдык менен төрт тарапка чачырайт. Мындай
жарылуудан келип чыккан жарык жылдыздын кадимки нурунан миңдеген эсе күчтүү
болот.
Астрономдор
суперновалар ааламдын калыптанышында абдан маанилүү роль ойногон деп эсептешет.
Мындай жарылуулар, астрономдордун божомолу боюнча, затты ааламдын бир жеринен
башка жерлерине жеткирет. Жарылуудан тараган жылдыздардын калдыктары ааламдын
башка бурчтарында чогулуп, жаңы жылдыздарды же жылдыз системаларын пайда кылат
деп эсептелет. Бул гипотеза боюнча, күн, күн системасындагы планеталар жана ал
ортодо биздин жер планетабыз да абдан байыркы замандарда бир супернованын
жарылуусунун натыйжасында пайда болгон.
Бирок кызыгы бир
караганда жөнөкөй бир жарылуудай сезилген суперновалар чындыгында кээ бир абдан
кылдат тең салмактуулуктарга таянат. Майкл Дентон «Nature's Destiny» (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде мындай деп жазат:
Суперновалардын жана негизи эле бардык
жылдыздардын ортосундагы аралыктардын мааниси абдан чоң. Галактикабыздагы
жылдыздардын бири-бирине болгон орточо алыстыгы 30 миллион миль. Эгер бул
аралык бир аз жакыныраак болгондо, планеталардын орбиталары туруксуз болмок.
Эгер бир аз алысыраак болгондо, бир супернова тарабынан таратылган зат
ушунчалык чачыранды болмок жана биздикине окшогон планета системалары чоң
ыктымалдык менен эч качан пайда болмок эмес. Эгер аалам жашоо үчүн ыңгайлуу бир
жер боло турган болсо, супернова жарылуулары абдан белгилүү бир өлчөмдө ишке
ашышы шарт жана мындай жарылуулар менен башка бүт жылдыздардын ортосунда абдан
белгилүү бир аралык болушу шарт. Азыр бар болгон аралык дал ошондой аралык.45
Суперновалардын
өлчөмү жана жылдыздардын аралыктары негизи ааламдагы улуу тартиптин абдан
кичинекей эки бөлүгү гана. Ааламды дагы бир аз тереңирээк караганыбызда
кереметтүү тартипке күбө болобуз.
Эмне үчүн боштуктар бар?
Мурдакы бөлүмдөрдө карагандарыбызды кыскача эстейли: чоң жарылуудан кийин пайда болгон аалам башында бир гана суутек менен гелийден турган бир газ жыйындысына айланган жана андан соң ал газ жыйындысы атайын пландалган ядролук реакциялар аркылуу оорураак элементтерди пайда кылган. Бирок оор элементтер пайда болсо эле аалам жашоого ыңгайлуу бир жерге айланып калбайт. Демек ааламдын кантип калыптанып, бир тартипке келгени андан да маанилүү.Бул талдоону алгач ааламдын көлөмүнө көз жүгүртүүдөн баштайлы.
Жер планетасы,
баарыбыз билгендей, күн системасынын бир бөлүгү. Бул система ааламдын ичиндеги
башка жылдыздарга салыштырмалуу орто кичинекей бир жылдыз болуп эсептелген
күндүн айланасында айланган тогуз планетадан жана алардын элүү төрт спутнигинен
турат. Жер күн системасында күнгө жакындыгы боюнча үчүнчү болуп жайгашкан.
Алгач бул
системанын көлөмүн түшүнүүгө аракет кылалы. Күндүн диаметри жердин диаметринен
103 эсе чоң. Муну бир салыштыруу аркылуу түшүндүрөлү: эгер диаметри 12200 км
болгон жерди бир мончокко теңесек, анда күн биз билген футбол топторунан эки
эсе чоң болгон бир тоголок шарга айланат. Бирок эң кызыгы ортодогу аралык.
Чыныгы абалды чагылдыра турган бир модельди түзүү үчүн, мончоктой көлөмдөгү жер
менен топтой көлөмдөгү күндүн ортосуна болжол менен 280 метр аралык
калтырышыбыз керек болот. Күн системасынын эң сыртында жайгашкан планеталарды
болсо бир канча километр алыска жайгаштырып калабыз.
Бирок көлөмү
ушунчалык чоң болгон күн системасын аны камтыган Саманчынын жолу галактикасына
салыштырганда абдан эле кичинекей болуп калат. Анткени Саманчынын жолу
галактикасынын ичинде күнгө окшогон жана көпчүлүгү андан чоң болгон болжол
менен 250 миллиард жылдыз бар. Ал жылдыздардын ичинде күнгө эң жакын жайгашканы
Альфа Центавра. Эгер Альфа Центавраны жогорудагы масштабга, б.а. жер мончоктой
көлөмдө болгон жана күн менен жердин ортосунда 280 метр аралык калтырылган
масштабга жайгаштырсак, аны күндөн 78 миң километр алыстыкка жайгаштырышыбыз
керек болот!
Модельди дагы
бир кичирейтели. Жерди көзгө араң көрүнгөн бир чаңчадай элестетели. Анда күндүн
көлөмү бир жаңгактай болот жана жерден үч метр алыстыкта жайгашат. Бул
масштабда Альфа Центавраны күндөн 640 километр алыстыкка жайгаштырышыбыз керек
болот.
Саманчынын жолу
галактикасы ортолорунда ушунчалык эбегейсиз аралыктар орун алган 250 миллиард
жылдызды камтыйт. Спираль формасындагы бул галактиканын бутактарынын биринде
биздин күнүбүз жайгашкан.
Бирок кызыгы,
Саманчынын жолу галактикасы да жалпы космостун ичинде абдан «кичинекей» бир
жерди ээлейт. Себеби космосто башка галактикалар да бар, болгондо да болжолдуу
эсептөөлөр боюнча, 300 миллиарддай!... Ал галактикалардын ортосундагы боштуктар
болсо күн менен Альфа Центавранын ортосундагы боштуктан миллиондогон эсе чоң.
Джордж Гринштейн
бул акылга сыйгыс көлөм тууралуу «The Symbiotic Universe» (Симбиотикалык аалам) аттуу китебинде мындай деп жазат:
Эгер жылдыздар бири-бирине бир аз
жакыныраак болгондо, астрофизика көп деле башкача болмок эмес. Жылдыздарда,
тумандуулуктарда жана башка асман телолорунда жүрүп жаткан негизги физикалык
процесстерде эч кандай өзгөрүү болмок эмес. Алыстан караганда галактикабыздын
көрүнүшү да дал азыркыдай болмок. Бир гана айырма түнкүсүн чөптүн үстүнө жатып
асманды караганымда көбүрөөк жылдызды көрмөкмүн. Бирок кечирип коюңуз, ооба,
дагы бир айырма болмок: бул пейзажды карай турган «мен» болмок эмесмин... Биз
бар болушубуз үчүн космостогу бул эбегейсиз боштук болушу шарт.46
Гринштейн мунун
себебин да түшүндүргөн: космостогу чоң боштуктар кээ бир физикалык
өзгөрмөлөрдүн адамзаттын жашоосуна эң ыңгайлуу болушуна шарт түзөт. Мындан
тышкары, ааламдагы асман телолорунун ортосунда ушундай чоң боштуктардын болушу
жер планетасынын космос мейкиндигинде учуп жүргөн эбегейсиз чоң асман телолору
менен сүзүшүп кетишине да бөгөт койот.
Кыскасы,
ааламдагы асман телолорунун жайгашышы адамзаттын жашоосу үчүн эң ыңгайлуу. Эбегейсиз
чоң боштуктар максатсыз эле пайда болгон эмес, максаттуу бир жаратуунун
натыйжасы.
Энтропия жана тартип
![]() |
| Бир машинаны табигый шарттарга таштап койсоңуз, сөзсүз дат басып, эскирет. Ааламдагы бүт заттар кароосуз калса, сөзсүз бузулуп, эскирет. |
Термодинамиканын экинчи мыйзамы ааламда табигый шарттарга кароосуз калтырылган бардык системалардын убакыт өткөн сайын тартипсиздикке, башаламандыкка жана бузулууга дуушар болоорун айтат. Бул акыйкат «энтропия мыйзамы» деп да айтылат. Энтропия физикада бир системадагы тартипсиздикти көрсөтөт. Бир системанын тартиптүү, уюшкан жана пландуу түзүлүштөн тартипсиз, башаламан жана плансыз абалга келиши ал системанын энтропиясын жогорулатат. Бир системадагы тартипсиздик канчалык жогору болсо, ал системанын энтропиясы да ошончолук жогору дегенди түшүндүрөт.
Бул акыйкатты
баарыбыз жашообузда да көрөбүз. Мисалы, бир машинаны чөлгө калтырып, бир канча
айдан кийин барып караганда, албетте, анын мурдакыга караганда жакшыраак,
тазараак болуп калат деп күтө албайсыз. Тескерисинче, дөңгөлөктөрү жарылган,
айнектери сынган, капоту дат баскан, мотору чириген абалда көрөсүз. Же болбосо
үйүңүздү кароосуз таштап койсоңуз, күн өткөн сайын чачылып, чаң басып
баратканын көрөсүз. Бирок кандайдыр бир кийлигишүү аркылуу (б.а. үйүңүздү
тазалап тартипке келтирип) бул процессти артка кайтара аласыз.
Термодинамиканын
экинчи мыйзамы же, башкача айтканда, энтропия мыйзамы – тууралыгы теория жана
тажрыйба аркылуу толук далилденген бир мыйзам. 20-кылымдын эң алдыңкы илимпозу
деп кабыл алынган Альберт Эйнштейн бул мыйзамды «бардык илимдердин биринчи
мыйзамы» деп атаган. Америкалык илимпоз Джереми Рифкин «Entropy: A New World View»
(Энтропия: жаңыча дүйнө көз-карашы) аттуу китебинде мындай дейт:
Энтропия мыйзамы тарыхтын мындан кийинки
экинчи доорунда алдыңкы планга чыгып өкүмчүлүк кылат. Альберт Эйнштейн бул
мыйзамды бардык илимдердин биринчи мыйзамы деп атаган; сэр Артур
Эддингтон ал тууралуу бүт ааламдын эң жогорку метафизикалык мыйзамы деп
айткан.47
![]() |
| Галактикалар ааламдагы тартиптин далили. |
Эң кызыгы,
энтропия мыйзамы ааламды «табияттан сырткары эч кандай кийлигишүү болбогон
заттардын жыйындысы» деп кабыл алган материализмди толугу менен четке кагат.
Анткени ааламда тартип апачык көрүнүп турат, бирок ааламдын өзүнүн мыйзамдары
бул тартипти бузууга багытталган. Мындан эки жыйынтык келип чыгат:
1) Аалам материалисттер айткандай түбөлүктөн
бери бар боло албайт. Себеби эгер мындай болсо, Термодинамиканын экинчи мыйзамы
ушул кезге чейин качан эле ааламдагы энтропияны максималдуу деңгээлге жеткирмек
жана аалам эч бир тартипсиз бир тектүү (гомогендүү) заттардын жыйындысына
айланмак.
2) Чоң жарылуудан кийин аалам эч кандай
табияттан сырткары кийлигишүүсүз жана көзөмөлсүз калыптанган деген көз-караш да
жараксыз. Анткени чоң жарылуудан кийин пайда болгон ааламда бир гана
башаламандык өкүм сүргөн. Бирок ал ааламда барган сайын тартиптүүлүк артып,
аалам азыркы тартиптүү түзүлүшүнө ээ болгон. Бул табият мыйзамдарына (энтропия
мыйзамына) карама-каршы болгон, демек аалам табияттан тышкары бир Жаратуучу
тарабынан тартипке салынган.
Бул экинчи
пунктту бир мисал аркылуу түшүндүрөлү. Ааламды ичинде толтура таштар жаткан чоң
бир үңкүр деп элестетели. Ал үңкүрдү табигый шарттарга таштап, миллиарддаган
жыл күтсөңүз, баштапкы абалынан да бир топ чачылып калганын (таштардын
майдаланып, бири-бирине аралашып, бир тектүү жана формасыз абалга келгенин)
көрөсүз. Эгер миллиарддаган жылдан соң ал үңкүрдүн ичинде таштардан жасалган
жана абдан кылдат кооздолгон айкелдерди көрсөңүз, аны табияттын мыйзамдары
менен түшүндүрүүгө болбой турганын ошол замат түшүнөсүз. Мунун «үңкүр бир
«акыл» тарабынан тартипке келтирилген» деген бир гана жообу болот.
![]() |
| Макс Планк |
Ааламдагы тартип
да бизге ааламды башкарган улуу бир Акылдын бар экенин көрсөтөт. Нобель
сыйлыгынын ээси, белгилүү немец физик Макс Планк ааламдагы тартип тууралуу
мындай дейт:
Жыйынтыктасак, позитивдүү илимдер
тарабынан табияттын эбегейсиз түзүлүшү тууралуу бизге окутулган нерселердин
баары катуу тартиптин өкүм сүрүп жатканын көрсөтүүдө, бул адамдын акылынан
көз-карандысыз бир тартип. Кабылдоолорубуз менен түшүнгөнүбүз боюнча, мындай
тартип максаттуу уюштуруу аркылуу гана пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан
ааламдын аң-сезимдүү тартипке салынганын көрсөткөн ачык далил бар.48
«Аалам
түбөлүктөн бери бар жана эч бир тартипке салынган эмес» деген көз-карашты
жактаган материализм ааламдагы улуу тең салмактуулуктун жана тартиптин алдында
чоң туюкка туш болот. Пол Дэвис бул жөнүндө мындай дейт:
Ааламда кайсы тарапты карабайлы, эң
алыстагы галактикалардан атомдун тереңине чейин, баарынан бир тартипти
көрөбүз... Бул тартипке салынган, өзгөчө ааламдын борборунда «илим» түшүнүгү
жатат. Бийик даражада өзгөчө жана уюштурулган бир тартипти камтыган бир
системаны сүрөттөө үчүн өтө терең илим талап кылынат. Же, башкача айтканда, бул
система терең «илимди» камтыйт...
Андай болсо абдан кызыгуу жараткан бир
суроо пайда болот. Эгер илим жана тартип тынымсыз жок болууну көздөгөн табигый
тенденцияга ээ болсо, анда жерди өзгөчө планетага айланткан ошол илимдин
баары башында кайдан келген? Аалам пружинасы акырындан бошогон бир саатка
окшошот. Андай болсо башында кантип ишке киргизилген?49
![]() |
| Альберт Эйнштейн |
Эйнштейн болсо
ааламдагы бул тартиптин «күтүүсүз» нерсе экенин жана негизи «керемет» деп
эсептөө керек экенин төмөнкүчө белгилеген:
Ачыгы, априори (алдын-ала кабыл алуу)
катары, жер планетасы биз аны тартипке салуучу акылыбыз менен тартипке
салганыбызда гана мыйзамдуу (тартиптүү) абалга келет деп күтүшүбүз керек. Бул
бир тилдеги сөздөрдү алфавиттик тартипте жайгаштырууга окшогон бир тартип
болот... Бирок заттык дүйнөдө априори катары күтпөшүбүз керек болгон өтө
жогорку даражадагы бир тартип бар. Бул бир «керемет» жана илимибиздин өсүшү
менен бирге ансайын бекемделет.50
Кыскасы,
ааламдагы улуу «илимди» камтыган тартип бүт ааламды башкарган улуу Жаратуучу
тарабынан орнотулган. Тагыраак айтканда, бүт аалам Аллах тарабынан жаратылып,
тартипке салынган жана Аллах тарабынан бузулууга дуушар болуудан корголуп
турат.
Аллах Куранда
асмандардын жана жердин бир гана Анын кудурети менен бузулбай сакталып турганын
төмөнкүчө кабар берет:
Күмөнсүз, Аллах асмандарды жана жерди
талкаланышат деп (дайыма кудурети менен) кармап турат. Ант болсун, эгер
талкаланышса, Андан башка аларды эч ким кармай албайт. Чындыгында, Ал Халим
(абдан жумшак), кечиримдүү. (Фатыр Сүрөсү, 41)
Ааламдагы бул
Аллахтын тартиби материалисттер чыгарган «аалам башаламан заттардын жыйындысы»
деген көз-караштын сандырактыгын да апачык айгинелейт. Аллах муну башка бир
аятта төмөнкүчө билдирет:
Эгер акыйкат алардын каалоолоруна карата
болгондо, эч талашсыз, асмандар, жер жана алардын арасындагы бүт баары (жана бүт
нерселер) бузулууга дуушар болмок... (Мүминун Сүрөсү, 71)
Күн системасы
![]() |
| Исаак Ньютон |
Күн системасынын түзүлүшүн изилдегенибизде кайра эле улуу бир тең салмактуулукту көрөбүз. Планеталарды тоңдуруучу суук өкүм сүргөн тышкы космоско учуп кетүүдөн күндүн «тартылуу күчү» менен планетанын «борбордон четтөөчү күчүнүн» ортосундагы тең салмактуулук сактап турат. Күн чоң массасынан келип чыккан тартылуу күчү аркылуу бардык планеталарды өзүнө тартат, алар болсо айлануудан келип чыккан борбордон четтөөчү күчү аркылуу бул тартылуудан четтешет. Эгер планеталардын айлануу ылдамдыгы бир аз жайыраак болгондо, анда планеталар тездик менен күндү көздөй жакындамак жана аягында аны сүзүп жарылып, ага сиңип кетишмек.
Тескерисинче
болушу да мүмкүн эле. Эгер планеталар ылдамыраак айланганда, анда күндүн күчү
аларды кармаганга жетмек эмес жана планеталар тышкы космоско учуп кетишмек.
Бирок абдан кылдаттыкты талап кылган бул тең салмактуулук түзүлгөн жана система
ушул тең салмактуулукту сактаганы үчүн бузулбай турат. Ошондой эле, мындай тең
салмактуулуктун ар бир планета үчүн өз-өзүнчө курулганын да белгилөө керек.
Анткени планеталар менен күндүн ортосундагы аралыктар ар кандай. Мындан
тышкары, массалары да бири-биринен абдан айырмаланат. Ошондуктан ар биринин
айлануу ылдамдыгы аны күнгө жабышып калуудан жана күндөн алыстап космоско учуп
кетүүдөн сактай тургандай кылып өз-өзүнчө белгилениши керек.
![]() |
| 1. Күн, 2. Меркурий, 3. Венера, 4. Жер, 5. Марс, 6. Юпитер, 7. Сатурн, 8. Уран, 9. Нептун, 10. Плутон. |
Материалисттик
астрономия түшүнүгү күн системасынын келип чыгышын табигый физикалык процесстер
аркылуу түшүндүрүүгө болот, б.а. бул система өзүнөн-өзү, кокусунан пайда боло
алат дейт. Бирок акыркы 300 жылдын ичинде бул тууралуу чыгарылган теориялардын
баары илимий далили жок, спекуляция бойдон гана калды. Күн системасынын келип
чыгышы материалисттик көз-караш менен жооп табууга аракет кылгандар үчүн
табышмак бойдон калууда.
Күн
системасындагы кереметтүү кылдат тең салмактуулукту ачкан Кеплер, Галилей
сыяктуу астрономдор болсо бул системанын жаратылууну көрсөтөөрүн жана Аллахтын
ааламды башкарып тураарынын бир далили экендигин белгилешкен. Күн системасынын
түзүлүшү тууралуу маанилүү ачылыштарды жасаган жана «тарыхтагы эң маанилүү
илимпоз» деп эсептелген Исаак Ньютон болсо мындай деп жазган:
Күндөн, планеталардан жана куйруктуу
жылдыздардан (комета) турган бул абдан кылдат система акылман жана күч-кудуреттүү
бир Заттын максаты жана өкүмдарлыгы менен гана пайда болушу мүмкүн... Ал булардын баарын
башкарып турат жана ушул өкүмдарлыгынан улам Ал «Улуу Кудуреттүү Рабби» деп
айтылат.51
Жер планетасынын орду
Күн
системасындагы бул кереметтүү тең салмактуулуктан тышкары, биз жашап жаткан жер
планетасынын бул системанын жана жалпысынан космостун ичиндеги жайгашкан орду
да кемчиликсиз жаратууну айгинелейт.
Акыркы
астрономиялык ачылыштар системадагы башка планеталардын жер планетасынын
коопсуздугу жана орбитасы жагынан зор мааниге ээ экенин көрсөттү. Юпитердин
жайгашкан орду мунун бир мисалы. Күн системасынын эң чоң планетасы болгон
Юпитер негизи жердин тең салмактуулугун камсыз кылат. Астрофизикалык эсептөөлөр
Юпитердин азыркы орбитасында жайгашышынын системадагы жерге окшогон башка
планеталардын орбиталарынын туруктуулугун камсыз кылаарын көрсөткөн. Юпитердин
жерди коргоочу экинчи функциясын болсо планетолог Джордж Уэтерилл «Юпитер
канчалык өзгөчө» аттуу бир макалада төмөнкүчө түшүндүрөт:
Юпитер жайгашкан жерде эгер ошондой
көлөмдөгү бир планета болбогондо, жер шары планеталардын ортосундагы
мейкиндикте учуп жүргөн метеориттер менен кометаларга болжол менен миң эсе
көбүрөөк дуушар болмок... Эгер Юпитер азыркы жайгашкан жеринде болбогондо, азыр
биз да жашап, күн системасынын келип чыгышын изилдей алмак эмеспиз.52
Кыскасы, күн
системасынын түзүлүшү атайын жер бетиндеги жашоого ыңгайлаштырылган.
Дагы бир аз
алдыга жылып, күн системасынын ааламдын ичиндеги жайгашкан ордун карайлы. Күн
системасы, жогоруда айтылгандай, Саманчынын жолу галактикасынын борборунда
эмес, эбегейсиз бутактарынын биринин жээгинде жайгашкан. Мунун бизге кандай
пайдасы бар? Майкл Дентон «Nature's Destiny»
(Табияттын тагдыры) аттуу
китебинде бул тууралуу мындай дейт:
Абдан таң калтырган дагы бир акыйкат –
бул, ааламдын биздин жашообузга жана биологиялык муктаждыктарыбызга кереметтүү
даражада ыңгайлуу болушунан тышкары, биздин аны түшүнүүбүзгө да абдан ыңгайлуу
болушу... Күн системабыздын бир галактиканын бутагынын жээгинде жайгашышы
биздин түнкүсүн асманды изилдеп, алыстагы галактикаларды көрө алышыбызга жана
ааламдын жалпы түзүлүшү тууралуу маалымат алуубузга шарт түзөт. Эгер бир
галактиканын борборунда жайгашканыбызда, эч качан спираль формасындагы
галактиканын түзүлүшүн байкай алмак эмеспиз жана ааламдын түзүлүшү тууралуу да
маалыматыбыз болмок эмес.53
Башкача айтканда,
ааламдын физикалык мыйзамдарынан тышкары, жердин космостогу жайгашкан орду да
бул ааламдын жашоо үчүн жаратылганын көрсөткөн далилдерди камтыйт. Ааламдын
Аллах тарабынан жаратылып, тартипке салынганы апачык чындык.
Кээ бир адамдар
чын ниети менен, калыс ойлоно албаганы үчүн муну түшүнө алышпайт. Чын ниети
менен ойлонгон ар бир акылдуу адам ааламдагы бүт нерселердин бир максат менен
жаратылганын, «Биз
асманды, жер жүзүн жана экөөнүн арасындагы нерселерди негизсиз (жөн гана)
жараткан жокпуз. Бул чындыкты тангандардын күмөнү (божомолу)...» (Сад Сүрөсү, 27) деп аятта кабар берилгендей, бир максат менен жаратылып,
тартипке салынганын түшүнөт.
Мындай терең
түшүнүк Курандын башка бир аятында төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында,
түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар
(белгилер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет
жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана мындай
дешет:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң,
бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 190-191)
Булактар:
44. Guy Murchie, The Seven Mysteries of Life, Boston: The Houghton Mifflin Company, 1978, s. 598
45. Michael Denton, Nature's Destiny, s. 11
46. George Greenstein, The Symbiotic Universe, s. 21
47. Jeremy Rifkin, Entropy: A New World View, New York, Viking Press, 1980, s. 6
48. Max Planck'ın Mayıs 937 tarihli tebliğinden; A. Barth, The Creation, 1968, s. 144
49. Paul Davies, "Chance or Choice: Is the Universe an Accident?", New Scientist, vol. 80, 1978, s. 506
50. Albert Einstein, Lettres á Maurice Solovine, 1956, s. 114-115
51. Michael A. Corey, God and the New Cosmology: The Anthropic Design Argument, Maryland: Rowman & Littlefield Publishers, Inc., 1993, s. 259
52. G. W. Wetherill, "How Special is Jupiter?", Nature, vol. 373, 1995, s. 470
53. Michael Denton, Nature's Destiny, s. 262









Комментарии
Отправить комментарий